Четверг , 26-Ноябрь 2020
Башкы бет / Кыргызстан / УЗУРПАЦИЯ…

УЗУРПАЦИЯ…

Элдин укугу узурпацияланды. Элдин Конституция, мыйзамдарда белгиленген учурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлап алуу, анын негизинде өкмөттү (бийликти) түзүү укугу бузулду.
Акылбек Жапаров Садыр Жапаровдун ишаарасы менен “Президент жана Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын айрым беренелерин токтотуучу мыйзам долбоорун даярдап, аны парламенттен өткөрдү. Ошону менен 20-декабрга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо үзгүлтүккө учуратылды. Мыйзам чындап буйлаланган төөгө айланды…
Эми бул Жогорку Кеңешке Садыр Жапаровдун Конституциясын кабыл алуу сунушталат. Алар аны токтоосуз кабыл алып беришет. Ал долбоор 10-январда президенттик шайлоо менен бирге өтө турган референдумга коюлат.
Ал кандай нуктагы долбоор? Элге башкаруу системасын тандап алууга дагы да мүмкүнчүлүк берилбейби?
Булардын баары Атамбаев 2016-жылы Конституцияны чампалап өзгөрткөн окуянын кайталануусунан кабар берет.
Бир адамдын көзүн карап, аны менен кошо Конституцияны, мыйзамдарды тегеретип жиберген парламенттеги кошоматчылар мамлекетти дагы аңга түртүп, шермендебиз чыкпаса экен…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс