Четверг , 26-Ноябрь 2020
Башкы бет / Видео / Путин Кыргызстандагы окуяларды «кыргыз элинин шору» деп баалады

Путин Кыргызстандагы окуяларды «кыргыз элинин шору» деп баалады

 

Орусиянын президенти Владимир Путин 22-октябрда “Валдей” эл аралык талкуу клубунда Кыргызстандагы соңку окуяларга көз карашын билдирди:

“Менимче ал жакта болуп жаткан окуялар Кыргызстандын, кыргыз элинин шору. Шайлоо сайын төңкөрүш болот. Бул күлкү эмес. Билесиздерби, бул эмнени айгинелейт? Көп мамлекеттер мамлекеттүүлүктү түптөө, өнүгүү маданиятындагы алгачкы кадамдарын шилтеп жатышат ”.

Путин сөзүндө Кыргызстандын ички ишине кийлигишпей тургандыгын баса белгилеп, ошол эле мезгилде Кыргызстанга Орусия көрсөтүп жаткан жардамдарын санады:

«Кыргызстан ЖККУнун, ЕАЕБдин мүчөсү. Биз Кыргызстан бутуна турушу үчүн көп иш кылдык. Кыргызстандын экономикасына, тармактык өндүрүшкө көп колдоо жасадык, ЕАЭБке ыңгайлашуусуна шарт түзүү үчүн жүз миллиондогон долларларды бөлдүк. Долбоорлорго 500 миллион доллар бердик. Бул эми ондогон миллион гранттарды айтпаганда да, акыркы убактарды эле айтып атам. Бирок ал жакта болуп аткандарга кооптонуусуз карай албайбыз. Бирок, көңүлүңүздөрдү буруп коеюн, биз кайсы бир саясий күчтөрдү колдоо үчүн кеңешибиз, насаатыбызды берет элек деп ал жакка киришпейбиз. Биз Кыргызстанда бардыгы калыбына келет деген ойдобуз. »

Кыргызстандын 15-октябрдан кийин келген жаңы бийлиги менен Стратегиялык өнөктөш саналган Орусиянын бийлиги бийик деңгээлде диалог түзө элек. Расмий маалыматтарга караганда эки тараптуу дипломатиялык алакалар тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жүрүп жатат.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана жарандык коом 5-октябрда нааразылыкка чыгып, кийин ал жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. (SE)

«Валдей» клубунда Путин катышкан жыйын. Кыргызстан тууралуу айткан пикирин видеонун 1:44:20 мүнөтүндө көрсөңүз болот.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс