Среда , 2-Декабрь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Боор оорусунан жабыркаган 41 жаштагы Бакытбек Жумагулов жардамга муктаж

Боор оорусунан жабыркаган 41 жаштагы Бакытбек Жумагулов жардамга муктаж

Боор оорусунан жабыркап жаткан Бактыбек Жумагулов тез арада операциясына ири суммадагы акча кеткендиктен иниси Максат Жумагулов коомчулуктан жардам сурап элге кайрылды.

“Урматтуу, Кыргыз элимдеги кайрымдуу, боорукер, кайдыгер эмес замандаштар! Сиздерден көптөн-көп жакшы тилек, илгери-үмүт менен чоң көмөк сурайбыз! Нарын районунун Калинин айылынын 41 жаштагы тургуну
Бир тууган жалгыз агам Жумагулов Бакытбектин бооруна операция жасатуу үчүн чоң суммадагы акча каражаты керек болуп жатат. Буга чейин билинбей боор оорусу ( альвеококкоз, боордун курту)менен жабыркап жүрчү экен. Өзү да, биз да билбей жүрүптүрүз. Дене бою, көздөрү саргайганынан дарыгерлерге кайрылсак боору такыр эле иштен чыгып чоңоюп кетиптир.Ошол себетен тилекке каршы боорду алмаштыруу (трансплантация кылуу)керек экен…
3-4 айлык гана жашоосу калыптыр, тезинен операция кылып чара көрбөсө кеч болуп калат дейт дарыгерлер.
Акыркы күндөрү улам барган сайын денесинин саргайганы күчөп 55 – килограммга чейин арыктап кетти…
Эмне кылаар аргасын таппай айлабыз кетип карайлап турган чагыбыз.

Эгерде кимде ким 1 сом болсо да кол сунуп жардам кыла турган болсо төмөнкү +996702479968 телефон номерине бирдик салып же болбосо ушул эле номерге катталган ЭЛСОМ капчыгына акча каражатын жөнөтсөңүздөр болот.
Ал эми Сбербанктан Кыргызстанга каражат которуу үчүн төмөнкү VISA карта номерине которсо болот:
4177 4901 0551 8908

Элкарт
9417 1395 0881 9459

Сураныч, поделиться кылып коюңуздар!

Он сом болобу беш сом болобу тартынбай эле едница кылып деле салып коюңуздар бизге бул азыр өтө маанилүү! Ватсап номер 0702479968
0778479115

Алдын ала ыраазычылык билдирем!
Алланын ыраазычылыгы үчүн башкаларга да бөлүшүп коюңуздар!”-Максат Жумагулов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс