Среда , 2-Декабрь 2020
Башкы бет / Досье / КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ТУУРАЛУУ

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ТУУРАЛУУ

Кечээ УКМКнын жаңы төрагасы К.Ташиевдин пресс-конференциясын чала-була көрүп калдым. Баягы эле артын ойлобогон алабармандык: төө десе, бээ деген көөдөктүк, ооз толтурган «ормон опуза».
Анан мамлекеттик тилде суроо берилсе деле, обу жоктонуп орусча сүйлөйт. Ошентсем акылдуу көрүнөм дейби, же Маскөөгө ошентип жагынгысы келеби, таң… «Караларга» да «урматтуу» деп кайрылат. Ошентсем маданияттуу көрүнөм деп ойлойбу, ким билсин…
Дегинкиси, Ташиевдин саясаттагы буга чейинки 15 жылдык ишмердиги эле келечекте анын колунан эмне келерин, да келбесин; сөзүнүн өтөөсүнө канчалык деңгээлде чыгаарын да, чыкпасын өтө таасын айкындап турат.
Ошого карабай ага ишеним артып жаткан көпчүлүккө баракелде дебеске арга жок…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс