Четверг , 26-Ноябрь 2020
Башкы бет / Аналитика / ӨТӨ КЫЗЫЛ БАТ ОҢОТ

ӨТӨ КЫЗЫЛ БАТ ОҢОТ

29-октябрь, 2000-жыл. Өлкөбүздө Президенттик шайлоо жараяны. Буга чейинки эки мөөнөтүнө тойбогон өлкө башчы кошоматчы жана пахтакорлордун “кеңеши” менен дагы бир жолу аттанат. Ошол мезгилде академик президентке реалдуу конкурент болгон орус тилдүү генералды жарыштан четтетүү максатында талапкерлер үчүн кыргыз тилинен сынак берүү боюнча талап шайлоо кодексине шашылыш киргизилет. Негизги оппонент катары кыргыз демократиясынын “энеси” Текебаев жана “желим” генерал Кулов тандеми Акаевтин административдик ресурсуна каршы күрөшөт. (Баса бул саясий нике көпкө узаган эмес, негизи кыргызга тандем түшүнүгү жат көрүнүш).
Ошол жылдары 6-7 класста окуган окуучу элем, атам менен биргеликте радиодон күн сайын кечки сегизде “Ободо Азаттык” деген добушту күтүп, “Агым” менен “Асабанын” жаңы санын талашып окуйт элек. Ал жылдардагы шайлоодо атам Текебаевке чоң үмүт артты, жадагалса эски үйүбүздүн көрүнүктүү жеринде ал кишинин сүрөтү менен кооздолгон календарь көпкө чейин илинип турду. Азыр да көз алдымда элестете алам. Азыркыдай эмес, Өмүкеңдин курч мезгили, тармал чачтуу, чачы көмүрдөй кара. Курч көздөрү менен тимеле “Сен ыктыярчы болуп жазылдыңбы?” деген сүрөттөгүдөй тиктеп турчу.
Ошентип атам жеке Текебаев менен көрүшпөсө да, штабынан акча албаса да, “кыргызды оңосо, бир ушул оңойт, Акаевтин системасын талкалай турчу жалгыз үмүтүбүз” деп элди үгүттөп жүрдү. Азыр бир тоту куш саясатчы темирдей тартип деп сайрап жүрөт, чындыгында бул ураанды ошол 2000-жылы Текебаев менен Кулов тандеми көтөрүп чыккан.
Шайлоо күнү атам шайлоо коммиссиясында мүчө болуп калды. Адаттагыдай свет өчүрүлүп, ал “жангычакты” пачкалаган бюллетендер мамлекеттик кызматкерлер тарабынан урнага салынып жаткандыгын көргөн атам алар менен кыйла ызылдашат. Өзүнүн абройюн жана аптаритетин салат. Алар да, сизди сыйлайбыз, бирок шайлоо ушундай эле өтөт деп коет. Эртеси шайлоо жыйынтыгы чыгып, Акаев 74 % менен үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланат, Текебаев 14% алат. Муну уккан атам байкуш бир жума ооруп, көңүлү суз болуп, ишке колу барбайт. Кантип эле ушундай таза адамдар шайланбай калат деп ичтен түтөйт, чайналат.
Бирок ошол шайлоо атамдын көзүн ачат, мындан ары саясат менен башымды оорутпайм деп өз саясатын жүргүзө баштайт. Бизге татыктуу тарбия берип, өз жумушунун мыктысы болууга умтулат. Качан бул саясатчылардын куру сөзүнөн кутулгандан бери, оокатым да тың боло баштады деп азыр эстеп калат. Арадан он жыл өтпөй ишенген кожосу сууга агып, баарынын анык жүзү көрүндү. Менин да көптөгөн саясий процесстерге сын көз караш менен карап, бирөөнү (жамаат, шейх, саясатчы, кыймыл) оңойлук менен ээрчибей, өз позициямды бекем карманууга болгон туруктуулугумду атам түптөдү десем жаңылбаймын.
Чоң энем ырааматылык көп айтат эле: “Өтө кызыл бат оңот, балам. Ортолукту карма” деп. Учурда шайлоо жыйынтыгынын улам он күндөн бери бүдөмүк бир турмуш кечирип жатабыз. Азыр баардык бийликти бир адамдын колуна ыйгардык, өтө кубанбастан, узагына сүйүнөлү. Канчалаган жалындаган лидерлерди өлкө башына алып келип, кайра өзүбүз ажыдаарга айлантып, кайра эле өзүбүз кууп жибердик, кээ бирин зынданга тыктык. Бирок дагы деле акылга келбедик. Саясатчылар сиз экөөбүздүн табагыбызга тамак салып бербейт, ар ким өз тирилигине тың болушу зарыл.
Бирок ар бир нерсенин артында жакшылык бар. Саясий туман бир аз тарап, ким эшекчен, ким атчан экендиги көрүнө баштады. Негизи бизге Кудайым жакшы эле башчыларды насип этет, бирок өзүбүз бузабыз. Өзүбүз шайлап алып, кайра өзүбүз нааразыбыз. Быйылкы шайлоонун жыйынтыгы учурдагы абалыбызды 90%га туура эле көрсөтүп турат. Эл сатылды, сатылганына арданып көчөгө чыкты. Аларды жетелеп чыккан партияларда акча болсо, алар деле сатып алмак, буга чейин сатып алып эле жүрүшкөн. Буйрукту күч түзүмдөрүнө берип коюп өздөрү качып кеткен бийлик, элди аларга тукуруп көздөн кайып болгон саясий сойкулар.
Түшкө чейин унчукпай, түштөн кийин бийликтин кемесинин мурду кыйшыйганын көрүп хоппозиция тарапка өтө качкандарды көрүп бир сыйра кускум келди. Силердин аброюңар ошол 7% жетпейт негизи. Жаштар эле жаштар деген менен, жаштарыңдын пейили бузулса, алардан көрө тажрыйбалуу чалдар артык экен. Өз дараметин билбей, өкмөттө отуруп алып Куран ырдайм дегендерди көргөндө же ыйлаарыңды, же күлөөрүңдү билбейсин киши баласы.
Түрмөдө жаткандарды бакчадан балдарды алып кеткендей эле чыгара берип, дүнүйөгө шерменде болдук. Бир күндө жүзүн жүз жолу кулпуртуп, сөзүн жүз жолу өзгөрткөн саясатчылардан көрө Чындык көчөсүндө тизилген селкилер туруктуу экендигин байкадым. Сунушу жок сын, адеби жок кыйкырык. Билимдин эмес, билектин өкүмү гүлдөгөн замана келе жатат. Ушул кыйкырып жүрүп такка отургузган топ, кайра өздөрү шыпырып түшпөсө эле. Түрмө саясатчылардын руханий бир “мончосуна” айланды, ал жерде отурган адамдын баардык мурунку амалдары эл тарабынан “кечирилип” жатат. Он жыл мурун Ош окуясынын шарапаты менен бир келген элеңер, ал шансты колдон чыгардыңар. Кудайым дагы бир шанс берип жатат, аны колдоно албасаңар, үчтөн кийин пүч болосуңар.
Сооронбай авабызды жеке адамдык касиет менен алганда аяп кеттим. Негизи жакшы киши, момун. Дал ошол момундугун колдонуп, пахта менен мууздап кетти кошоматчылары. Написин тыйбаган катындары, сабатсыз шопурлары, эрке талтаң балдары, түркөй жан сакчылары, ырсайган бир туугандары, мурутун сылаган кеңешчилери, жыртайган достору биздин падышаларыбызды отуз жылдан бери оңдурбады. Дал ошолор Кудай алдында, абийир алдында дагы жооп берчү күн келе жатат.
Биздин кулун, биздин уруудан, биздин айылдан деген түшүнүк менен ой жүгүрткөн адам- эл душманы катары кабыл алынышы керек болуп калды. Учурда партиялык түзүмдөн бир мандаттууга, парламенттик түзүмдөн президенттикке карай жол тарталы дегендер көбөйдү. Негизи кадр маселеси чечилмейин, элдин пейили оңолмоюн, канчалык түзүм өзгөрсө деле жыйынтык бербейт. Орок оро албаган орок тандайт демекчи, ал түзүмдөрдө деле жашаганбыз, анда деле кыйратпадык.
Тышкы карыздын укуругу, коронавирус илдетинин экинчи толкуну, казынанын боштугу, инвестициялык климат, криминалдын талтаңдап басып калышы, бажыдагы Рамилон баатырдын тагдыры, “Кумтөр” жана “Жерүй” маселеси, чек ара көйгөйү, тышкы жана ички миграция, жумушсуздук, кекиртектен алган паракорчулук….кыскасы жаңы келген өкмөт жана өлкө башчысынын милдетин аткаруучу адамга деле оңой эмес, командасы жок, болсо да чабал. Паспорттогу “улут” графасын кайтаруу менен элди көпкө сооротуш кыйын. Революция эмес, эволюция жолуна түшпөйүн кыргыз оңбой калды.
Сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет. Мисалы он күн мурун өткөн шайлоодо 45% эл кайдыгер болуп, шайлоого катышпады. Бирок анын жыйынтыгынан улам пайда болгон хаос аларды да жүдөтөт. Балаң мектепке бара албай калат, айлыгыңды убагында ала албайсын, үйүңө ууру кирсе коргой турган милиса жок, оорудан өлүп жатсаң дары жок, бизнесиңди криминал “саап” жатат…демек ушунун баарына сен күнөөлүсүң. Татыктуу адамды шайлабадың, мен барсам эмне өзгөрмөк дедиң, эми өзүң чалган боткону өзүң жеп отура бер. Саясат менен башым оорубайт деген шайлоочуларды, шайлоочулар менен башым оорубайт деген саясатчылар башкарат эмеспи. Акыл ээлери жоопкерчиликтен коркуп кызматка барбаса, түркөйлөр бийликке жулкунат. Бийликке келиш оңой, аны сактап калуу кыйын. Өтө кызыл бат оңот, шашпай туралы, туугандар, туулганына эмес, турганына кубаналы…
Урматым менен

Нуриет Абдулазиз
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс