Четверг , 26-Ноябрь 2020
Башкы бет / Досье / Артта калышты…

Артта калышты…

Эл өз өкүлү кылып бийликке депутаттарды шайлаган. Ошолордун кайрылуусу, кайсы бир окуяга карата пикир билдирүүсү салмакка ээ болуп, коомдук пикир жаратуусу керек эле.
Азыр коомдук пикир жаратууда бир да депутаттын салмагы жок. Депутат чыкты дегенде эле «чимкирик» деп жатып калмай. Экс башкы чимкирик Дастан Жумабеков Жээнбековдун тушунда көп жакшы иштер да болгондугун, мисалы коррупционерлерден 10 млрд акча казына түшкөндүгүн, ал акчалар социалдык объектилерди курууга жумшалып жаткандыгын эң туура айтты.
Коррупционерлер менен күрөш өтө катуу болуп жаткандыгын бийлик чөйрөсү менен катышы бар биз билип турдук. Ошону айтуу керек, Акипресстин расмий тил менен билдиргени элге жетпейт, Президент жүргүзүп жаткан саясатты коомчулукка жеткирүүдө блогерлерди, ютуберлерди ишке тартуу керек деп мен Президенттин жакын адамдарына, маалымат катчысына айтып жүрүп тилим тешилди. «Шеф, койгула», — деп жатат деп эле кутулушат.
Депутаттар болобу, министрлер болобу, Президент болобу, маалымат таратуунун заманбап куралдарын колдонмоюн, иш алдыга жылбайт. Мурунку стилдеги маалымат кызматтарын кармоонун кажети жок. Анан да маалымат катчыларды мамлекеттик кызматкер кылып коюшкан закон боюнча. Расмий тилде жазып, шефтердин түшүнүгү жеткен гана формада болуш керек маалымат дешет. Шефтер болсо артта калып кеткен замандан.
Улуу держава АКШнын Президенти Трамп да Твиттер аркылуу эле маалымат таратып отурат. Болгондо да социалдык түйүндүн тили менен жазат. Силердин расмий тил менен жазганыңы эл окубайт азыр десем, чоңдор болушпайт.
Жакында эле Жээнбековдун кайрылуусун ютубга коюшту эле, эл терс пикир жаза башташканда видеону өчүрүп кутулушту. Башка инструменттери бар болчу. Анан да фейктерден коркуунун, аларга жооп берүүнүн деги эле кереги жок.
Кыскасы, менин өзүм акылым жеткен тармак боюнча айта турган болсом, Президент баш болуп, бардык мамлекеттик кызматтардын, структуралардын маалымат кызматтары замандан атчабым артта калышты.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс