Четверг , 26-Ноябрь 2020

Күндүк архив: 06.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырам

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-октябрда, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу: «Урматтуу мекендештерим! Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты. Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту. Шаар тургундарынын тынч жашоосуна  бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, ...

Кененирээк »

Кайра шайлоодон мурда депутаттардын санын эки эсе кыскартыш керек

УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР! ӨЛКӨГӨ КАЙРА ШАЙЛОО ЭМЕС ШАШЫЛЫШ РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮП, ДЕПУТАТ САНЫН ЭКИ ЭСЕ КЫСКАРТЫШ КЕРЕК. ПАРТИЯЛАРГА КАТУУ ЭРЕЖЕЛЕРДИ КИРГИЗИП, ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ПРЕФЕРЕНЦИАЛДЫК ЖОЛ МЕНЕН ТАНДОО МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН ТҮЗҮҮ ЗАРЫЛ. БИЙЛИК БУТАКТАРЫНЫН ТАК АЖЫРЫМЫН КАМСЫЗДАП, АНЫ МЕНЕН БИРГЕ СОТ СИСТЕМАСЫН ӨЗГӨРТҮШ КЕРЕК. БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНА ДАГЫ ТАК ЭРЕЖЕЛЕРДИ КИРГИЗИП, АНЫ ДАГЫ БИЙЛИКТЕН КӨЗ ...

Кененирээк »

Суваналиев: Бир да аткаминерди сыртка чыгарбайбыз

Өмүрбек Суваналиев «президент кайда экенин билбейбиз. Азыр коопсуздук боюнча легитимдүү бийлик бизбиз» деди. Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Өмүрбек Суваналиев ушул тапта өлкөдөгү күч түзүмдөрүнө кураторлук кылууда. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” ат жалында маеги учурунда айтты. Суваналиев чек араларды бекемдеп, банктык операцияларга көз салып, ...

Кененирээк »

Мурдагы президент Атамбаев абактан чыкканы кабарланууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Жазык кодексинин оор беренелери боюнча айып коюлган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылганы кабарланууда. Учурда жоон топ адам комитеттин Бишкектеги имаратынын алдында топтолуп турат. Анын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөгө чыккан митингчилер президенттик администрациянын ичине кирип барышкан. ...

Кененирээк »