Четверг , 29-Октябрь 2020
Башкы бет / Аналитика / Кудуреттин коюу боёгу, Осмоновдун ойлонулган кадамы жана шайлоо шаңы

Кудуреттин коюу боёгу, Осмоновдун ойлонулган кадамы жана шайлоо шаңы

Москвада жүргөн Кудурет Тайчабаров менен түз саламымдан башка мамилем деле жок. 2015-жылы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиянын борбордук штабында чогуу иштеп калдык. Ал артисттердин командири болуп, ырчы-чоорчу, бийчи, тамада калкы менен иш алып барды.
Бу жигиттин Кыргызстандан качан чыгып кеткенине, ким коркутканына деле маани бербептирмин.
Акыркы учурларда Кудурет жазган постторуна көбүрөөк боёк кошуп жибергенин гана байкап келем. Ага деле капалыгым жок. Болгону жалпы калем кармап тирлик кылган калкка катуу сөз тийип калчудай бир жигиттин постторунан улам.
«Азаттык» радиосунун 22-сентябрындагы «Экперттер талдайт» деген чыгарылышында, «Ыйман нуру» партиясынын негиздөөчүсү Айбек Осмонов сыртка чыгып кетти деп маалымат бериптир.
Мен Айбек мырза менен өткөн жумада дал жума намаздан мурун «Жал» микрорайонундагы «Сити» кафесинде учурашкам. Андан бери толук бир жума өттү. Кечээ эле бир досум Айбек менен ошол эле “Ситиден” чай ичкендигин айтты. «Ихлас» үйлөрүнүн тегерегинде эле жүрөт Айбек.
Учурда Бишкек шаардык кеңешинде “Мекеним Кыргызстан” фракциясында депутат, Айбек Осмоновдун бир тууган иниси Жанар Алымов ошол «МК» партиясынын туусу алдында Жогорку Кеңешке бара жатат. Андан сырткары «Ихлас» курулуш компаниясын түптөгөндөрдүн бири, Ош шаардык кенешинин депутаты, менин айылдаш иним, атактуу спортчу Бакыт Каналиев (Бакыт Большой) да «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде шайтан оюндун кызыгына кирип, кадимки генерал Расул Раимбердиевдин иниси, полковник Рустам Маметов менен теңтайлаша биздин айылдан депутаттыкка аттанган. Парттизмеден “Ихлас” компаниянын башынан келе жаткан кеңешчиси, таанымал архитектор, Госстройдун мурунку жетекчиси Каныбек Нарбаевди да көрүүгө болот. Ал эми ихласчылардын “Ыйман нуру” аркылуу шайлоого аттанбай калгандыгы Осмоновдордун аябай ойлонулган кадамы болсо керек. Бул — алардын чечими.
Мындан чыкты: Кудурет Матраимовдор менен Осмоновдордун ортосундагы мамилелерге бойокту көбүрөөк кошуп жиберген. Саясатта талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер орун алып турары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Атүгүл бири экинчисине мылтыктын огун жөнөткөн кечээги эле тандемдеш саясатчыларды да көргөнбүз. Бири-бирин каматкан саясатчыларды көрүп отурабыз. «Саясатта достук жок, кызыкчылык гана бар» деген аксиоманы Ак Үйдүн маңдайына чегип жазып коюубуз керек негизи.
Партияларды бири-бирине сатуу, же өткөрүп берүү, лидерлердин алмашуусу кадимки эле жөрөлгө. Мисалы, мен 2010-жылы июнь айында Бакыт Капаровдун аялы, анан дагы аты-жыты белгисиз бир нече адам менен түзгөн “Мекен Ынтымагы” партиясынын Төрагалыгын Темирбек Асанбековго партиянын съездинде салтанаттуу түрдө өткөрүп бергенмин. “Мен деле бир партияга лидер болгонмун”, — деп бала-чакага айта жүргөнгө жакшы оокат экен бул өзү.
“Ыйман нуру” партиясын болсо Раис деген байке тээ илгери эле түзгөн. Менин офисиме ал киши бир нече жолу келип кеткен. Мага окшогон эле чөнтөгү жука киши болчу. Ошол партияны Айбек Осмоновдор алган окшойт. Саясат көк бөрүсүнө жаңы кирип жаткан партия 50 000 добуш алаарын Кудурет кайдан билгенине да таң калып жатам. Негизи эле бул жигит бир аз көзү ачылып бараткандай. Москвада Алайдан чыккан пайгамбармын деп жүргөн бир айым бар. Же ошонун батасын алып жүрөбү? Баса, ошол айымдын кеп-кеңеши менен жакын досум бир кыргызга таанымал кишини тээ Волгограддагы Мамаев Курганга алып барып, кыргыздын куту деген бир темирди алып келишкен. Бирок алар келгенден кийин кыргызга кут келбей эле короновирус келди.
Азыркы окуялардын жүрүшүнө караганда, баары эле Кудурет Тайчабаров жазгандай драмалуу жана трагедиялуу эмес. Аймак-аймактардан суурулуп чыккан, артында эли бар байлар бийлик талашып жатышат. Бул илгертен келе жаткан жосун. Заманга ылайык бийлик талашуу цивилизациялуу жолго түшкөнүнө каниет! Болбосо ушул эле байлардын ата-бабалары 150 жылдай мурун, орус келгенге чейин жер, бийлик, байлык, сулуу кыз же күлүк ат талашып бири-биринин элин чаап, түндүгүн түшүрүп, колго түшкөнүнүн кулагын кесип турду эле го.
Жалпы адамзат менен чогуу цивилизациялуу шайлоолорго келип жеткенибизге миң ирет шүгүр келтирели. Кудурет жазгандай, Матраимовдор Айбекке криминалдарды жөнөткөнү чын болсо, Айбектин чечекей бир тууганы Жогорку Кеңешке Искендер Матраимов менен чогуу аттанмак эмес.
Замандын күрөө тамырын сезип, ар кандай жолдор менен байыган азыркы байларыбыз алдыга суурулуп чыкты. Буларга талак берсек, кайра эле башка байлар бийлик талашат. Анткени жарды-жалчы, мугалим, врачты, колхозчуну, саанчыны, малчыны депутат, тагыраагы, кол чапкыч кылган социализмдин сөөгү сөпөт болгон. Биз капитализмди, буржуазиялык коомду тандап алдык. Эми капитал кимдин колунда болсо, жол ошонуку, бийлик ошонуку. Болгону ыймандуу, эли-журтка, мамлекетке каралашкан байлар келсин бийликке деп күнү-түнү дуба кылмагыбыз эп.
Саясатчылардын, байлардын ортосундагы боло жүргөн чарпышууларды, пикир келишпестиктерди улам кызытып, улам ортого чок салып тирлик кылган адамдар дайым болгон жана боло берет. Негизгиси байлар чабышпасын. Эгемен тарыхыбызда байлар эки жолу чабышты. Дайыма боло жүргөндөй, ортодо бей-бечара, жарды-жалчынын балдары өлдү. Фанаттардын каны менен келген капитал бир колдон экинчи колго өттү. Болгону эле ошол.
Кудурет болсо, кайда жүрсө аман болсун. Урулат, кагылат, ошентип бышат. Талантын, билимин башка нукка бурса, атасынан өткөн азамат чыкмак бул баладан. Олуттуу журналистикага келсе жакшы болмок ушу бала. Азыр тай чаап жүргөн кези. Тайчабаров Атчабаров болгондо чоң журналист болор. Тентектерге кошулуп, өзүн да, тайын да кокустатып албаса экен…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс