Четверг , 29-Октябрь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Түркия кыргызстандык аялдардын рак илдетин айыктыруучу аппарат берет

Түркия кыргызстандык аялдардын рак илдетин айыктыруучу аппарат берет

Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрь күнү, саат 14.00дө, Бишкектеги “Хятт” отелинин маңдайындагы Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелигинин жанында “Көчмө маммографиялык борборду пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасында эмчек жана жатын моюнчасынын рагына эрте диагноз коюу” долбоорунун алкагында Германиядан алынып келинген көчмө мобилдик маммографияны тапшыруу аземи болот.

Көчмө мобилдик маммография Бишкек Эл аралык Аялдар Клубу (BIWC), Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА), Түрк аба жолдору, Демир Банк, Кобанбай мырза жана жубайы жана башкалардын жардамы менен сатылып алынды. Ал – эң акыркы технологиядагы санариптик маммография орнотулган мобилдик диагностикалык клиника, ошондой эле гинекология кабинетинен турат.

Аталган долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) жана “Эргене” коомдук фондунун ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду.

Бул долбоордун максаты – аялдардын онкологиялык ооруларынын арасында оорунун жана өлүмдүн негизги себеби болгон эмчек жана жатын моюнчасынын рагына байланыштуу диагностика кылуу болуп эсептелет.

Бул көчмө мобилдик диагностикалык клиника Кыргызстандын калк жашаган аймактарын кезек менен кыдырып, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна токтойт жана айылдык аялдардын жогорку технологиялык диагностикадан пайдалануусуна бирдей мумкүнчүлүк түзөт.

Эргене коомдук фондунун аймактардагы аялдарда рактын кеңири таралган түрлөрүн эрте диагноздоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу демилгеси көптөгөн адамдардын жана уюмдардын аракети менен ишке ашуу мүмкүнчүлүгунө ээ болду. Бул алкакта талыкпаган эмгеги үчүн Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин жубайы Василики Фырат айымга өзгөчө ыраазычылык билдирилет.

Бл алкакта;

1) Көчмө мобилдик маммографияны сатып алуу Бишкек Эл аралык Аялдар Клубунун, Түрк Кызматташтык жана Координация Агентствосунун (ТИКА), Түрк аба жолдору, Демир Банк, Кобанбай мырзанын жана айымдын жана ошондой эле башка жеке кайрымдуулук каражаттарынын жардамы менен мүмкүн болду.

2) Аталган маммография Кыргызстанга Европа онкология мектеби тарабынан жеткирилди.

3) долбоорго катышкан инженерлерге жана рентген техниктерине акы Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттигинин (SDC) «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу» тарабынан төлөндү.

4) Техникалык жардам ADSAN Sarl, Швейцария, Resource and Policy ExchangeжанаАКШ тарабынан көрсөтүлдү.

Көчмө мобилдик маммография тапшыруу аземинен кийин дароо Токмок шаарына жөнөп кетет. Ал жерде аялдарды текшерүү башталат жана мобилдик борбордун ишинин натыйжалуулугу текшерилет.  Андан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин графиги боюнча аймактарды кыдыра баштайт.

 

Маалымдама *

Кыргыз Республикасында онкологиялык оорулардын арасында 1-орунду эмчек рагы алат — 19,2% 000, 2-орунда жатын моюнчасынын рагы — 12,7% 000 турат.

2019-жылы эмчек рагынын 624 жаңы учуру, жатын моюнчасынын рагы менен 408 учур катталган. Өлүмдүн түзүмүндө биринчи орунду эмчек рагы ээледи (10,1% 000), үчүнчү орунда жатын моюнчасынын рагы (7,0% 000) турат. Рактын ушул түрлөрү менен 3 жана 4-этаптар каралбай калган деп эсептелет жана алардын көрсөткүчтөрү төмөнкүчө: жатын моюнчасында — 46,3% жана сүт безинде — 41,5%. Бул радикалдуу операциядан кийин деле каттоонун биринчи жылында (бир жылдык өлүм) көп каза болгон бейтаптардын контингенти.

Ошентип, биринчи жолу катталган бейтаптардын жарымынан көбү 1 жылга жетпей каза болуп калышат. Бир жылдык өлүмдүн жогорку көрсөткүчтөрүнүн бири — бейтаптарды дарыгерлерге кеч жиберүү, ҮМБда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги, дарыгерлердин жана республиканын калкынын онкологиялык сергектигинин төмөндөшү, ҮМБда текшерүү бөлмөлөрүнүн жоктугу ж.б.

_____________________________________

* Маалымат булагы: Улуттук онкология жана гематология борборунун эпидемиология жана зыяндуу шишиктин алдын алуу бөлүмүнүн 2019-жылдагы Кыргыз Республикасындагы онкологиялык кызматтын абалы жөнүндө отчету.

 

Иш-чара өтө турган жер:Бишкектеги “Хятт” отелинин маңдайындагы Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелигинин жанында (Кыргыз Опера жана Балет театрынын жаны)

Күнү: 2020-жылдын 28-сентябры

Сааты: 14.00

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс