Четверг , 29-Октябрь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Мушташкандарды шыкактагандар бар

Мушташкандарды шыкактагандар бар

1995-жылдан бери эле шайлоонун активдүү катышуучусумун. Өзүм талапкер же талапкердин штабында «үлкөн» кызматта иштеп дегендей. «Үлкөн» кызмат деп бир чети какшыктап эле атканым. Шайлоого биринчи чыгып алып асманга чыгып кеткен айрым кандидаттарды көрүп эле…
Ошо, ар бир шайлоодо, агитация маалында ар дайым баардык каршылаштар бир-бирине атайы бут тосуу уюштурушат. Мас жигиттерди же обон айымдарды жиберип…
… Эки адамды уруштуруп, маашырланып, кол чаап сүйүнгөн Кемчонтойлор көп эле экенин билебиз, бирок, улут аралык жаңжал салууга аракеттенгендерди кубаттап, кайра-кайра кубанып жазып, таратып, кандидаттарды, партияларды бир-бирине тукуруп, атайы козутуп жаткандарга укуктук баа берилгени жакшы.
… Шайлоону шылтап, мамлекетибиздин көзкарандысыздыгына доо кетиргиси келгендерди ата-бабабыздын арбагы кечирбесин!
… Мамлекет-бири жакпай калса экинчисин издей берчү көңүлдөш эмес…

Жылдыз Мусабекова

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс