Суббота , 23-Январь 2021
Башкы бет / Досье / Элнура 250 миң долларды кайдан алды?..

Элнура 250 миң долларды кайдан алды?..

Алканова акыркы беш жыл аралыгында журналисттик иликтөөлөр жаатында жигердүү алектенди. Натыйжада көптөгөн көмүскө схемалардын бетин ачып, мурдагы бийликтин каарына калган жайы бар. 2017- жылы мурдагы премьер-министр Алканованын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгына чычалап, журналистти куугунтукка алган. Ага атайын жасалма кылмыш иши токулуп, бирок элдин колдоосу менен Элнура азаттыкта калганы элдин эсинде. Ошол жылы Элнура Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу Институту тарабынан «Жылдын мыкты иликтөөсү» сыйлыгына ээ болгон. Андан көп өтпөй Сөз эркиндиги Комитети «Прорыв года» деген сыйлыкты бир добуштан Алкановага тапшырган.

Алканованын дагы бир көпчүлүк анча маани бербей калган сыйлыгы өзгөчө сөз кылууга толук татыктуу.

Элнура Алканова 2019-жылдын декабрь айында Катар мамлекетинин ROLACC аттуу фонду, БУУнун бангизатка жана кылмыштарга каршы күрөшүү агенствосу менен биргеликте Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад аль-Тани атындагы жыл сайын дүйнөдө коррупцияга каршы чыккан мыкты инсандарга берчү сыйлыктын ээси болгон.

Шейх Тамим сыйлыгы БУУнун коррупцияга каршы күрөш тууралуу конвенциясында камтылган максаттарга ылайык , антикоррупциялык долбоорлор менен иштөөдө чыгармачыл чеберчилик жана өзгөчө эмгеги менен айырмаланган, уюмдун койгон максатына жана миссиясына шайкеш иштеген журналисттерге жана активдүү жарандарга берилет.

Уюм 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлдеги конференцияларды өткөрүп, бир катар журналисттик иликтөөлөрдү каржылап келет.

Бул аябай абройлуу сыйлыкка дүйнөдөгү бир катар мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, активисттер, бейөкмөт уюмдар жана башка тармактарда иш алып барган мекемелер жана жеке инсандар ээ болушкан .

2019-жылы сыйлыкка Элнура Алканова менен бирге Замбиянын биринчи президенти Кеннет Каунда, Кипрлик профессор Мария Крамбия Капардис, Албаниялык профессор Альбан Кочи , Конголук банкир Жан-Жак Лумумба, Бельгиялык жаштардын JM International бейөкмөт коомдук бирикмеси — SEMA уюму ээ болушкан.

Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз журналистикасы, кыргыз массалык маалымат каражаттарынын жалпы абалы жөнүндө өтө көп сөз кылууга болот. Бирок бир нерсени белгилеп, калыстык үчүн айтпасак болбос. Акыркы жылдарда бул тармакта өзүнүн профессионалдык деңгээли менен эл аралык сыйлыкка жетишкен журналисттер саналуу гана. Бул сыйлыкты жеңип алуу кыргыз журналистикасы үчүн стимул гана болбостон, азыркы бат өзгөрүлүп, маалымат алмашуу абдан тездеген глобалдуу дүйнөдө жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы багыт.

Төрт-беш тилде түш жоруган Элнура Алканованын бул ийгилигин биздин журналисттик коом ар түрдүү кабыл алганы менен, лауреат кызыбыз бул ийгилиги менен бийик кесиптик чеберчиликке, компетенттүүлүккө ээ экендигин эл аралык масшабда далилдей алды.

Бардык эле адамдар жеке инсандык “мен” деген сезимдерден бийик туруп, башка адамдын ийгилигине маңдайы жарылып кубана бербейт. Убагында Элнурага канат байлаган, колдоп сүрөгөн сөздөрүн айтып, кубанычын бөлүшкөн кесиптештерин деле байкабапмын. Балким Элнура мактануунун өзүн туура эмес көрсө керек . Бирок КМШ дан алгачкы болуп, ушундай абройлуу сыйлыкка башка бир өлкөнүн журналисти, мисалы, өзүбүздүн эле казак туугандар жетишсе, көп күн медиадан түшмөк эмес. Өлкө Президенти кабыл албаса да, жок дегенде Маданият министри журналистти кабыл алып, ыраазычылык билдирип коймок. Анткени Катар Эмиринин сыйлыгынын аброю, салмагы ошончолук.

Кыргызга баа жеткис нерсенин деле баасын айтмайын баркын билбейт. Ошондуктан Элнура алып келген сыйлыктын акчалай суммасын айта кетели.

Бул сыйлыктын акчалай берилчү суммасы 250 000 долларды түзөт экен. 250 000 доллар – бул деген айтылуу Нобель сыйлыгына берилчү 1 миллион доллардын төрттөн бир бөлүгү. Мурдагы СССР Мамлекеттик сыйлыгы азыр КМШ мамлекеттеринин сыйлыгы болуп калган, акчалай суммасы 70 000 доллар. Бул сыйлыкты Союз бузулгандан бери Кыргызстандан жазуучу, драматург Султан Раев гана алган. Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын сыйлыгынын суммасы – 30 000 доллар. Аны бизден Шайлообек Дүйшеев гана ала алды.

Биздин өлкөнүн эң абройлуу сыйлыгы Токтогул атындагы мамлекетик сыйлыктын акчалай суммасы 1000 – 1500 доллардын тегереги. Бул сыйлыкты алгандар сыйлыктын суммасы банкетине да жетпейт деп тамашалап калышат. Ал эми Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын акчасы жок. Бир жылдары лауреаттарга “Эми капа болбогула, жагдай ушундай болуп калды, тыйыныбыз жок деп Диплом берүү менен чектелишкен экен. Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын суммасы да 100 000 сом экен.

250 000 долларлык сыйлыкты жеңип келген КМШ чөлкөмүндөгү жалгыз журналист, биздин кызыбыз Элнура Алканованын ийгилигине кубанып, сыймыктанып койгонубуз күнөө деле болбосо керек.

Нургазы Мусаев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс