Понедельник , 21-Сентябрь 2020
Башкы бет / Досье / КҮЗГҮ ДАРАК

КҮЗГҮ ДАРАК

Кайрадан күз. Үмүт чиркин үзүлбөй,
Кыш кылычын кайраганын түшүнбөй.

Жазда жаңы бүчүр ачкан жаш терек
Жандалбастайт, жалбырагын түшүрбөй.

Каалгып түшөөр, кар жааганча эң алдын,
Жалбырактар күздү кайдан жеңе алдың?
Жан дүйнөсү көтөралбас ызгаарды
Назиксиңер, көңүлүндөй адамдын.

Баштагыдан бараткансып тарып жер,
Баштагыдан ичиркентет согуп жел.
Санаа толгон көздөрүндө сары күздүн
Салаасынан сапырылат бариктер.

Жакшы тилек максаттарың бийиктир,
Жазда кайра дене боюң жибип бир,
Жайнап чыга келгениңде кулпуруп,
Кайтып күздүн келээрин да билип жүр.

Жел термектен азыр көркүң кунарсыз,
Жазды күтүп, тилек кылып турарбыз.
Жатмак беле, сааты келсе өзү эле
Күңүрт тарткан сур булуттуу жылаар күз.

Көрсөткүсү келет тура күз да өзүн.
Келээр жазда турган иш го көрктөшүң.
Бар тилегим, ызгаар согуп ичинен
Ата-Журттун жашыл жайы бүтпөсүн.

Көркү кетип, көзгө комсоо көрүнбөй,
Мекенимдин жалбырагы түшпөсүн…
15.09.2020-ж.

Нарынбек Жамангулов
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс