Четверг , 29-Октябрь 2020
Башкы бет / Досье / Түркияда Ч. Айтматов тууралуу 23 мамлекеттин окумуштууларынын макалары камтылган эки томдук жарык көрдү

Түркияда Ч. Айтматов тууралуу 23 мамлекеттин окумуштууларынын макалары камтылган эки томдук жарык көрдү

Ал китеп «БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ»,- деп аталат.

23 мамлекеттен 98 окумуштуунун макалалары орун алган эки томдук
Чыңгыз Айтматов жөнүндө илимий изилдөөлөр китеби Түркияда басылып
чыгып, Айтматов тууралуу китептердин тизмесин толуктады.

2018-жылы — Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына Түрксой
тарабынан «Чыңгыз Айтматов жылы» болуп жарыяланган. (Муну менен
катар). Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына
жана бул дүйнөдөн өткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата “Кылымга тете бир
өмүр” темасындагы улуттук жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын
алкагында Түркиялык продюсер, режиссёр жана жазуучу Өмер Эрдоган КАФ
басма үйү жана «Чыгыш менен батыштын ортосундагы Анатолья маданий
долбоорунун негизинде «БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ» эки томдук
китеби жарыкка чыгарылды.

Китептин бет ачары жана тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрь
күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында болуп өттү.
Аталган аземге

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданият жана
Таанытуу Кеңешчиси Нури Шимшеклер, Кыргыз Республикасынын Улуттук
Илимдер Академиясынын Президенти Мурат Джуматаев, Чыңгыз Айтматов
атындагы Тил жана адабият интутунун директору Абдылдажан Акматалиев
жана ошондой эле китепте макалалары орун алган Илимдер Академиясынын
жана институттун адистери катышышты. Аземде, аталган жыйнак Айтматов
жөнүндөгү китептер тизмесинде маанилүү орунду толуктагандыгы
белгиленип, китептин бет ачар аземине катышкандарга, жана ошондой эле
аталган китептин жарыкка чыгышына өз салымын кошкондордун баарына
ыраазычылык билдирилип китептер таратылды.
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Маданият жана
Таанытуу Кеңешчиси Нури Шимшеклер, аталган азем алкагында бул маанилүү
долбоор тууралуу маалымат берип, төмөндөгүлөргө токтолду: “Түркия
Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2018-жылы Дүйнөлүк
Көчмөндөр Оюндарынын урматына Кыргызстанга жасаган иш сапарында
башталган Айтматов тууралуу макалалар жыйнагы 2 жылдык талыкпас
мээнетин натыйжасында жарыкка чыкты. Бул узак мөөнөттүк эмгекте өз
жардамын жана камкордугун аябаган Түркия Республикасынын Урматтуу
Президентинен баштап, Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм
Министри Урматтуу Мехмет Нури Эрсойго, Маданият жана Туризм
Министринин орун басарлары Надир Алпаслан, жана Сердар Чамга, Түркия
Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Женгиз Камил Фыратка, Кыргыз
Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Президенти Мурат
Джуматаевка, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият интутунун
директору Абдылдажан Акматалиевге жана ошондой эле, өзгөчө бул
долбоордун идеясынын негиздөөчүсү, аны ишке ашырууда эң чоң салымын
кошкон китептин ээси, редактору Өмер Эрдоганга ыраазычылыгымды
билдирем,”- деди.

Шимшеклер, Кыргыз Улуттук Академиясынын жана Чыңгыз Айтматов
институтунун илимий көмөктөрү жана эмгектеринин натыйжасында
Түркия-Кыргызстан менен катар Япониядан Францияга, Англиядан
Палестинага, Германиядан Татарстанга чейинки бир канча өлкөнүн Чыңгыз
Айтматовду изилдеген адистери жазуучунун чыгармачылыгы жана адамдык
сапаты тууралуу макала жана очерктер жазышып жана интервьюларды
чогултушкандыгын белгилеп кетти. Айтматов тууралуу китептер тизмесинде
маанилүү орунга ээ болгон «БОЗКЫРДЫН ОЙГОНУШУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ»
китебинде 23 өлкөдөн 98 макала орун алган.

Аталган жыйнактын башкы макалалары болсо Президентибиз Урматтуу Режеп
Таййип Эрдоган жана Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу
Сооронбай Жээнбеков тарабынан жазылган.
Урматтоо менен билдиребиз.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс