Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Досье / ЖУМА, ХАШИМ ЖАНА КУДАЙДЫН БУЙРУГУ

ЖУМА, ХАШИМ ЖАНА КУДАЙДЫН БУЙРУГУ

Таңдан табым айныйт. Бир топ күндөн бери маал-маалы менен кармап жүрөк оору кыйнайт. «Менчик» дарыгерим Хашим табыпка чалсам жылбай жатып туруңуз, азыр бара калам дейт. Бул байкуш оорудум десем түнкү төрт-беште деле туруп келе берет. Анын өзүнүн абалын ойлоп деле койбойбуз. Өзү болсо ковид деген балээден өлдү-өлдү менен аман калды. Жалаң өз күчү, өз дарылары менен. Өзүнө кошуп бул апааттан дагы ончакты кишини арачалады. Эми меникиндей натыйжалуу ыкма эч кимде жок, акысыз эле пайдалангыла деп улам бир жерге урунуп-беринип жүрөт…

Келип адаттагыдай тамыр кармап туруп, кадимки тузду жарым чыны сууга чылап, он-он беш мүнөт эмдирип ичирип, анан мыртыйган жанда жок жумшак бир башкача колдору менен дагы бир сыйра тамыр кармады да: «Туруңуз эми, болду, өтуп кетти, жумага баралы», — дейт.
Чын эле баягы талыкшыган, көкүрөк мыкчылып ачыштырган абалдын бири жок, куландан соомун дебейин, бирок кадимкидей ары-бери басып-туруп, оокатымды кылып жүрө берээр абалга келип калыпмын.
Мечитке келсек микрофондон демейде «Бак-шактын түбүн көлөкөлөп кетпегиле, жума намазыңар болбой калат», — деп эскертип турчу Кызыр молдо: «Мечиттин ичине тыгылбай сыртта жай кеңири, көбүң ошол жакта калгыла. Бири бириңерден алыс тургула», — деп сүйлөп жатат. Хашим досум молдонун даватын уктубу-укпадыбы, билбейм, кыпындай бош убактысы болсо үргүлөп алмай адаты бар. Кайсы учурда кишиче уктаарын да билбейсиң. Бейтаптары дегенде күнү-түнү чакчагайдай ойгоо.
Мына ушу Хашим мени төрт жыл илгерки инфаркттан кийин куландан соо сакайтты. Кара жумуштан бери катыра жасап, жайдын саратан аптабында да анча-мынчалар чыдай алгыс оор иштерди жасап жүргөнүмө көп эл күбө. Кечээ жакында инфаркт алдындагыдай симптомдор кайра пайда болду. Мунун себеби ковид деди Хашим. Азыр ковид жукпаган киши жок. Ал баарына жукту. Бирок аны ар ким ар кандай көтөрөт экен. Балдардыкы грипп сыяктуу эле өтүп атат. Өнөкөт оорусу бар кишиге тим эле бычак экен. Сиздин иммунитетиңиз күчтүү экен меникине караганда. Бир эле кан тамырыңызда көйгөй жаратты. Мени тамактан да, өпкөдөн да, боордон да… толгон жеримен кармап, аз эле өлбөй калдым го дейт. Ошентсе да ковиддин эң коркунучтуусу жүрөктөн, кан тамырдан алганы. Кан тамыр буулса көз ачып жумгуча эле киши жок калып атпайбы. Кытайда көчөдө баратып жыгылып өлгөндөрдүн видеосун көрдүк го. Ошонун баары журөктөн кеткендер. Жүрөктөн башка бир дагы органдын оорусу адамды ушундай тездик менен өлтүрө албайт дейт.
Ошентип дээрлик бир жума кан суюлткуч тамчылатма ийнеге байлап койду. Ковиддин өзүн өлтүрөөр дарысын да ичирип атат. Туруп, каалашымча басып оокатымды кылып жүрөм. Көп күч келтирбеңиз, ковид кан тамырыңызды жабыркатты, ал калыбына келиш үчүн убакыт керек дейт.
Чынында бул кара балээ жалпы элге сыноо болду. Бирөөлөр өзү эле айыкты, бирөөлөр уу коргошун, бирөөлөр эрмен, хрень ж.б. жеп айыкты. Мага болсо Жараткан Кудай бул жолу да шыпааны Хашим досум аркылуу берип жатат.
Нургазы Мусаев досум элдин баарын апенди кылат. Чынында эки эле апенди болсо бирөө Хашим, жалгыз апенди болсо ал деле Хашим. Курсташтары айтат кээде эч кимдин мээси жетпеген нерсеге Хашимдики жетчү, кээде элдин баарынын мээси жеткен нерсеге Хашимдики жетчү эмес деп. Ошо чын. Анын кээ бир кежирлигинен кечтим байдын кызынан деп кетип калгандар бар. Бирок ал жашаган дүйнөнү менимче аз эле киши түшүнөт. Фантастикалык фильмдердеги молекулалар, атомдор, нейтрондор, протондор дүйнөсүн көрдүңөр беле. Хашим мына ошо дүйнөдө жашайт. Алардын формуласын, түзүлүшүн уктап атканда сайып ойготуп сурасаң да илгиртпей туруп жаңылбай айтып берет. ФБга жазган медициналык постторун окугандар бардыр. Ошолорду бир жактан барып көчүрүп же которуп жазат деп ойлойт көпчүлүк. Чынында ошонун баарын бир олтуруп эле алеки саатта өзүнүн башынын ичинен алып эле жазып салат. Кытайда көчөдө кулап өлгөндөрдү кан тамыры бүтөлүп өлдү деп диагноз койгондой эле, толгон оору-сыркоонун келип чыгышын сыртынан карап эле билет жана анын айтканы туура эмес чыкканын көрө элекмин. Ошондуктан менин маңдайыма ушундай «апенди» досту жазган Кудайыма миң шүгүр айтып, ага жана ал аркылуу элиме эсепсиз жакшылыктарды бер деп күнү-түнү тилеп келем.

Beyshenbek Bekeshov
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс