Четверг , 29-Октябрь 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / УККУЛАЧЫ!…

УККУЛАЧЫ!…

–Ээй, кыйындар! Мыктылар! Акчалуулар!

Атактуулар! Билимсиз мансаптуулар!
Байбачалар баркы жок, кадыры жок!
Өлкө ичинде өзгөрүш жасачуулар.

Шайлоого деп сайдыңар башыңарды,
Бири-бириңе баштадың казып аңды.
Бириндетип өлкөнүн бүтүндүгүн,
Кара таандай таладың казынаны.

Жакыр элди колуңа курал кылып,
Жарыбаган аш берип, кубандырып.
Жанталашып бийликке баратасың,
Жок нерсени, жалганды ураан кылып.

Алдай берип айланттың, башын элдин,
Эки буту бир кончто, азыр элдин.
Өйдө-төмөн айдактап момундарды,
Мүдөөңөргө жеттиңер өзүңөрдүн.

Бийлик үчүн канча жыл албууттандың,
Азбы сага, калкыңды каңгытканың.
Ынтымагын Кыргыздын ыдыратып,
Токтободу, өлкө ичин чаргытканың.

Мурдуңардан алысты бириң көрбөй,
Адатыңар бүтүндү бүлүндүрмөй.
Өлкөнү оңдош келбесин колуңардан,
Түшүнгүдөй болдуңар, түшүнгүдөй.

Отуз жылдык аралык, узак убак,
Кете албадың жакшынын учун улап.
Калпың тийди калкыңдын көкөйүнө,
Калктын бир күн силерди кусуру урат.

Уккулачы!.. Намысың, арың болсо,
Жүрөгүңдө жылт эткен жалын болсо.
Жалган кебиң жыйыштыр, жаның жеген
Жашоосу элдин чайналды ара жолдо.

Касиетин жергемдин учургандар,
Канын соруп элимдин, кутургандар.
Оюн эмес силерге ордолуу журт,
Оомат кетип башынан бузулгандар.

Билип туруп өзүң ким экениңди,
Бир күн элден биле жүр безээриңди.
Болушунча эздиңер, элди аябай,
Мекенимди аяп кой, Мекенимди…
02.09.2020-ж.

Нарынбек Жамангулов
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс