Воскресенье , 11-Апрель 2021
Башкы бет / Досье / Сартарашхона

Сартарашхона

1988-жылы атам майор Мамат Мусаев Фрунзе (азыркы Кадам-Жай) районуна РОВД начальнигинин биринчи орун басары болуп кызматка турду.

Кадам-Жай борбору Пүлгөн шаарчасындагы Звездная 10, квартира 21 дарегинен 3 бөлмө үй берди Өкмөт.
Атактуу сурьма комбинаты дүркүрөп, анын жетекчиси Айбалаевдин азуусу Айды жанып турган чак. Ата-энем, бир туугандарым Кадам-Жайга көчүп кетишти.
Мен Төлөйкөндөгү үйдө жалгыз калдым. Дуулдап турган жаштык убак. Эки күндүн биринде эле биздин үйдө жетим вечирлер көбөйүп кетти. Анан Таалай акем менен Замира жеңемди биздин үйгө көчүрүп келишти Кожо жездемдер.
Ар бир ишемби күнү Пүлгөнгө барам. Кызыл-Кыяга кызыл «Икарустар», андан ары Кадамжайга «Пазиктер» каттачу. Куду баягы «Белгисиз маршруттагыдай» сары «Пазиктер»…

Кызыл-Кыяга барганда «Сартарашхона» деген жазуусу бар кичинекей, кичинекей эле будкаларды көрөм жол боюнан. «Пазиктин» ортосунда туруп бараткам. Эй, акалар, силер жакта сарттар ушундай кичине ашканаларга киришеби дептирмин. Автобустагы элдер дуу күлүштү.
Көрсө «сартарашхона» деген чачтарачкана экен кыргызчасы.

Сарттар кирчү ашкана деп ойлоп бара жаткан экенмин. Ошентип Сартарашхонаны унуткус болгонмун.

Бул фото 1880-жылы Ноокатта тартылыптыр. Алтынбек Сулайманов досумдун ата-бабалары чачын кырдырып, имиджин өзгөртүп жаткан чактары экен.
Пайшамба күн болсо керек ушу. Анткени ал убакта жума күнү дем алыш болуп, эркектер пайшамба күнү СПА центрлерге барышчу. Анда азыркы Алтынбектикиндей гана прическалар болчу. Ал эми пайшамбаликтар жөнүндө болсо, шайлоодон кийин жазып берем.

Ата-бабалардын имиджин кылымдар өтсө да бузбай сактап келе жаткан Алтынбек досумун «Бир болчулары» прическаңарды шефиңердикиндей кылып алсаңар, ошондон эле таанымакпыз.

Футболка- мутболка деп жүрөсүңөрбү. Бритоголовый болуп алгандан өтөрү жок.

Баса, тизмеңдеги Төралиева, Чыныбаева сыяктуу чылкый батышчыл кыздардын пиарына көп азгырыла бербе, досум.

Тыт катарлар башталгандан ары жакта башка мыйзамдар иштерин, иштесе да башкача иштерин билесиң да…

Нургазы Мусаев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс