Воскресенье , 11-Апрель 2021
Башкы бет / Досье / ЧЫНДЫК ИЙИЛЕТ, БИРОК СЫНБАЙТ

ЧЫНДЫК ИЙИЛЕТ, БИРОК СЫНБАЙТ

Эльмурза Ракиевич (2007-02009) баш прокурор болгондо ак тамда иштеп жүргөм.Кара басып 10-жылдын апрели 90 жигиттин курмандыгына себепчи болду.Азыр ойлосом, мамлекетчил масштабда ойлонбогон чалагайым адам элдин убал-сообунан коркпойт тура.Элди ак тамдын алдына жетелеп барган Атамбаевди азыр да кечиргим келбейт.Бир кыргыздын канына турбаган бийлик далай өмүрдү оттой жалмап кетти.Же ошо канды жакшы иштеп актасачы.Шоопур экөөсү колунан келишинче чалчаңдады, айтканы айткан, дегени деген болду.

Өз кылганы өз башына муш болду.Мен каалагандай, мен эңсегендей болот деди, бирок «убактылуулардын» арасында тил кайрыган соратниктерин шыпылдатып отургуза баштады.Буга Текебаев мисал.Өмүке: «сам породил и сам убью» дегенчиликке салып, 16- жылы оппозицияга аттанды.Анан көрө бер, Текебаевди камады, Садырды зынданга салды.Ачык айткан саясатчыларга куугунтук болуп көрбөгөндөй күчөдү.
Бийлик алам деп Ак үйдүн астына элди жетелеп барып, канабайранын чыгарган Алмаз алаңгазар, өзүнө бийлик тийгенде, тирандык саясат жүргүздү.7 кабаттагы ак мармар имаратка эч ким чабуул жасабаса да, Текебаев менен Садырдын митингге чыккан нааразылык көрсөткөн тобун камаганын камап, сабаганын сабап, артынан аңдуу уюштурду. Экс -ажо демократия дегенди унуткула деген ишаарат берди.
Ушундай оор саясий экцессте, күч түзүмүндө иштеген адамдар эле жабыркап калат тура.Эльмурза Ракиевич, Малеванаяга, Урицкийге окшоп качып кетсе, эч ким деле эрөн-төрөн көрмөк эмес, бирок жигитчилик кылып аягына чейин туруп берди.Чындап келгенде ошо тополоң чыкканда, бул инсан же баш прокурор же УКМКнын башында же ИИМ министри же буйрук берген Коргоо министри болбосо, кылмыш иши акыйкат болбой, будуң-чаң болуп кеткен, бирок моралдык күнөөм бар деп абактын баландасын ашап келди, бирок незаслуженно…
Гитарасын алып, шансон ырларын созолонтсо, Элмурза үканин духу өчпөптүр деп калам, эң башкысы дух өчпөсүн, дух өчсө, адам сынып калат.Эки жыл дегенде Аскердик сот актап чыкты.
Эльмурза Ракиевич, ар дайым Гапар Айтиев атындагы музейдин алдынан өтүп баратып, алдында турган ийилген тегеректи көрүп, ЧЫНДЫК ИЙИЛЕТ БИРОК СЫНБАЙТ деген алкакты көрүп сизди эстейм, башка түшкөн сыноону достойно көтөргөн чанда жолугат.Бар болуңуз, аман болуңуз!

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс