Понедельник , 21-Сентябрь 2020

Кечээ кечинде «көз карандысыз прогнозисттер» менен отуруп кызыл чеке болуп талашып калдык. Ким, канчанчы болуп маарага келет деп тартышып аттык, бурчта отурган унчукпаган «Старик» деген тергеме аты бар неме кепке аралашпай баарыбызды угуп атты, кээде гана бизди карап күлүп коёт.Күлгөндүн билгени бар деп карап коём.» Тарантул» деген кличкасы бар неме: «Добушту Клара, Жанар, Максаттын партиясы алат десе, «Дуб» деген лакап ысмы бар неме:» Эй коё тур, оппозицияга келе турган партиялардын сааты чыгалек, буларың тилектештик үчүн бир саясий бирикмеге чогула албады, ар бири өз алдынча кетсе, ийгиликке жетпейт,- деди.

«Сакал»сербейген сакалын сылап,- «Мекен ынтымагы» дегичекти, -Асанбеков избирательный залогдун акчасын киргизгени менен справкасын берелек» деп чыкты, жанында отурган «Старик».Марчелла атыккан энчилүү аты бар немебиз «Достор койгулачы, башты оорутпагыла шайлоодо «Чоң казат», «Реформа»,»Социал-демократтар» келет, булар шаар, айылдан колдоочулары бар,- десе бурчта отурган «Тарантул»-Марчелла, Реформабы ал кайдан шайлоо күрөөсүнө 5 млн таап алды, эл баарын берип койду дегенге ишенич жок.Буларды батыштан АКШ менен Евросоюз каржылап жатат, эртең дал ушу мамлекеттин Кыргызстандагы расмий «кулагы, көзү» болорун бөркүмдөй көрөм, буларың бөтөн элдин тыңчылары»,- дебеспи, тимеле баарын билген «агенттей» кобурады.
Эки тополоңдо аралашып эч бир кызматка илинбеген «Палван-болван» героюбуз бардык саясий агымды бир даарыбыздан мыкты билген, туйган неме:»Башты оорутпагылачы, баарыңар прогнозду пачагын чыгарып чача-пача гыды-пыды болбогула, 4-октябрда Биринчи орунда Раимбектин «Мекеним Кыргызстан» партиясы келет, экинчи сапта Биримдик, үчүнчү катарда Республика, төртүнчү катарда Замандаш партиясы, бешинчи, Реформа, алтынчы, Адахандын «Бүтүнү» келет, менин прогнозум туура чыгат давай мелдешебиз! деп кирсе боло, баары кол алышып, силкилдеген эки колду ортодо турган «далдалчылар» кесип жиберди.-Кана айтып берчи, «Мекеним Кыргызстан» коим образом алдыга чыгат аны Азаттык «бөкөчө» кылып салбадыбы, анан калса кечээги чыккан партия-десек.-биринчиден, Раимбек шайлоого бүгүн эле камданган жок, керектүү электоратты бүгүн эмес 10 жылдан бери даректүү жардам берип келатат, бул чөнтөгү калың эрен, он жылдан бери, кечээги пандемиядан сырткары 700 миң адамга адресный жардам берген, бир үйдө үч шайлоочу болсо, бир жарым млн шайлоочу бу кишиге ыраазычылык үчүн да добушун берсе, электораттын бараандуу бөлүгүн өз тарабына сүйрөп кетет, бул бир, экинчиси, бул адамга шайлоого партияң аттаныптыр деп сүрөөнчү болчу калың достору көп; үчүнчүдөн биз Матраимовдордун кланын баса калып ушактап атканда, бул бизнестин кыска жолун тандап, Райымбек Торугарттан чек араны Эркеч-Тамга жылдырып, орустар менен казактардан эки миллиардер чыгарбай, өзү милилардер болууга чыйыр салып койгон.Албетте орус, казактан олигарх чыккычакты кыргыздан бир Райым чыкканы деле жакшы болду.Бул колун бюджетке салбай соода точкаларын Тажикстанга,Өзбекстанга армансыз салган, млндогон акчанын агымы ушул жактан келет.Таможнядан алды деген болбогон кеп. Раимдин соода империясы эки эле мамлекет менен чектелбейт, ондогон бөтөн мамлекетте сооданын ар кыл түрүн боюнча бизнес империялары бар.Аны албетте көпчүлүккө ачыктабайт.Азаттык медиасы эмнеге Матраимовду эрмек кылат, анткени Атамбаевдин олбурлуу белегинин чекеси чыгып кетти, аны эстүү башчылары же жок, же бар деп төгүндөбөдү.Эми Матраимовго окшогон байлар бизде толтура, аны азаттыкчылар эмнегедир жазгысы, ачыктагысы келбейт.Ошол эле КСДП,Кыргызстан, Республиканын кожоюндары чириген байлар, дал ошо байлык, партияларын парламентке апкелди.Чычалабагыла, талашпагыла, чырдашпагыла, көрөсүңөр саясий күчтөрдүн расстановкасы дал ушундай болот, мелдештик, эми бир ай чыдап, жыйынтыгын көрөсүңөр.Да, Раимдин партиясы жергиликтүү кенештердин шайлоосуна катышкан, бирок жаш делген жаңыдан тамтуң баскан АЛГА, АК ЖОЛ деле жаңы уюшулганына карабастан, алдыга биринчи болуп келгенин эстен чыгарбагыла- десе бири чыйт түкүрүп, бири оозун ачып, бири таңданып кала берди.Бир ай деген эмеле өтөт, аны да көрө жатаарбыз, баарынын пикирин угуп коюш парз.

Жамиля Насирова.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс