Пятница , 26-Февраль 2021
Башкы бет / Аналитика / Ыйман Ааламы

Ыйман Ааламы

Ыйман Ааламы

Сулайман бин Абдилмалик ажылык ибадатын аткарып жаткан, ажылык деп келген пенделердин аябай көптүгүн көрүп Умар бин Абдульазизге кайрылып : » Каранызчы, адамдардын көптүгүн, алардын санын Аллахтан башка эч ким билбейт…» дейт.
Умар бин Абдульазиз : » Бул адамдар бүгүн сенин калкын болсо, эртең кыямат күнү сен менен тартышкан душманга айланат…» деп жооп кайтарды да
көзүнөн жаш куюлуп шолоктоп ыйлап жиберди.
سير أعلام النبلاء ٥/١٢٥.

Бул окуядан алчу сабагыбыз ачык жана айкын болуп турат.
Жоопкерчилик, аманат…
Миллиондогон элдин аманаты жүктөлгөн бийлик оруну өтө кооптуу, ошондой эле бир — эки, же бир айыл, бир шаар, район, область… Ар бир орундун өзүнө жараша аманаты, жообу болот.
Бийлике умтулуп чабышуу маселеси кандай?..Бул маселе абалга, орунга карап чечилет. Амирлик, казылык орунга талпынып өзү жугургон инсан жардамдан кур калып, ошол мээнет өз колуна карматылат. Аллахтын колдоосунан кур калат. Элдин инициативасы менен коюлса башка. Элге пайдасы тийчу, экономиканы көтөрө алчу адам барса жакшы. Ошол эле кезде элдин абалы социалдык , экономикалык тунгуюка кептелип, оор абал болсо, татыктуу инсанды колдоо зарыл. Андай адамдар дефицит болуп жатса өзү жугуруусу керек болот.
Зулум эмес адилеттүүлүк жогору болсо бейишке барат, тескери абал тозоко болгон билет деп түшүнсөк болот.
Тозоко билет же болбосом миллиондогон же миллиарддаган
жылдарга тозоко путёвка.
Бул коркунучтуу сүрөт ар бир пенденин жүрөгүндө болсо бийлике умтулат беле?.. Албетте, ошол ишенимдин тайкылыгынан улам бийлик талашып чапкылап жүрөт инсан. Жөн эле өзүн сунуштап, өлкөнү өнүктүрүү, жашоону эл үчүн жеңилдетүү программасы менен чыгып агитация жургузсо кана, элге акча таратса, элди сатып алуу жолдорун колдонсо , мындай адамдар эч качан кыйратпайт.
Элдин аң сезими бузулганы өтө оор илдет. Алдыга койгон максаты ишке ашышына көзү жетпеген эл, азыр эле шанс бар кезде алып калуу зарыл. Кийин атып да жетпейсин бул мандаттуу эл окулуно дешет.
Бул жагымсыз, жийркеничтүү сүрөт эки тараптан келишим түзүлгөн, бирок бузук соодага айланды.
Кандидат акча чачканы даяр, электорат акчаны алганы даяр.
Келечек үчүн, балдары үчүн өнүккөн бир өлкөнү мурас кылып калтыруу зарыл экенин акылын иштетип жетсе.
Бир күн келет, келишинде эч кандай шек жок.
Ал күн аябай оор күн, ошол күндө ар бир пенде аркалаган бурчу үчүн жооп берет. Арманы күч болуп, кичинекей курманын жарымы болсо да адамдардын ортосуна түшпөй, чечпей эле койсом болмок деген көйгөй жаралат. Пайгамарыбыз Мухаммад солля Аллоху аляйхи ва саллям сахабалардын күлүп отурушканын көрүп :» Мен билген, көргөн нерселерди силер да көрүп билгенинерде аз күлүп көп ыйламаксынар.» деди.
Мусулман пенде эмнеге урунбасын, кайда кадам таштабасын кылдаттык менен, терең ойлонуп, аманаты оор, жоопкерчилиги улуу болгон ишти эптейби эсеп кылып, андан соң кириши керек.
Эптеп барган, акча менен барган, өзү үчүн Аллахтан коркпосо, элдин мүлкүнө кыянат кылгандан коркмок беле.
Билимдүү жаш, профессионал жаштар көбөйдү. Бирок өлкө ичинде эчактан бери кой терисин жамынган карышкырлар бийлик вертикальды түзүп коюшту.
Кыямат куну жооп берүү өтө оор.
Умар бин Абдульазиз ажылык ибадатын өтөгөн мусулман пенделердин абалына кандай жооп берем?!. деп ыйлады…
Калкка карата кыянат кылган адамдар сөзсүз жооп беришет.
Бул дүйнөдө андай крахоборлорду жер да жутпайт.
Бугун тополоң салып, шайлоонун мүйүзү корунгондо элди эстеп издегендер уялбаганына да сөз жок. Ошону менен 4-5 жыл жүрсө, кийинки шайлоо бар Кудайга шүгүр.
Биздин улуу имамыбыз Имам Аьзам рохимаху Аллох, верховный судья (казы) орунга окумдар коём десе конбой, таяк жеп, түрмөгө да камалып чыкты.
Окумдарга моюн сунуп бербеди, казылыктан баш тартканы үчүн камалды.
Туугандар Имам Аьзам жана бүгүнкү мансапка жугургондор ортосунда чооооон айырма бар.
Сот болбой койгону үчүн таяк жеп камалган имам жана бүгүнкү сот өкүлдөрүнө назар салыныз. Сот болуп иштеп, (ал жерге да пара узатып кирет ) параларды алганы үчүн да жоопко тартылбай кала берет.
Албетте мамлекетибизде таза иштеген эр азаматтар да аз эмес.
Бирок ошондой болгон чакта да арамга малынгандар көп.
Ар бир өлкөнүн өнүгүшүнө эң алгачкы терс фактору коррупция экени белгилүү.
Ошондуктан ойлонуп барышса, колдон келбесе келгендин колуна ыйгарса…
Коомубуздун эң эле улуу айыбы — биримдиктин жоктугу , көрө албастыктын коптугу.
Таза шайлоо — таза коом.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс