Пятница , 26-Февраль 2021
Башкы бет / Досье / МЕКЕН БАТКЕНДЕН БАШТАЛАТ…

МЕКЕН БАТКЕНДЕН БАШТАЛАТ…

(Таабалды Тиллаевди мыкты эл өкүлү, мыкты замандаш катары жакшы билем. Алыскы Лейлектин кулуну алты ооз жакшы кепке гана эмес, андан бийикке татыйт. Жакшыны жакшы деш керек…)

«Эр жакшысы элим дейт, эл жактаган жеңилбейт» деген элибизде жакшы кеп бар. Алыскы Лейлектин кулуну Таабалды Тиллаев мына ушундай артында калдайган караан тутаар эли бар азамат. Мамлекеттин бүтүндүгү, улуттун коопсуздугу тууралуу кеп болгондо сөзсүз алыскы чек ара аймагы эске келет. Анткени,»Мекен Баткенден башталат»…

Таабалды Тиллаев чек ара маселесин эң арбын көтөргөн эл өкүлү. Анткени, чек ара эл өкүлүнүн балалыгы, кичи Мекенинин бүгүнкү жашоосу, Кыргызстандын эртеңки келечеги. Ошол аймактын тынчтыгы, бейкуттугу, социалдык абалы анын ар дайым жүрөгүндө. Башкача да болушу мүмкүн эмес. Анткени мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги чек ара менен байланыштуу экенин эң жакшы билет. Муну менен катар эл өкүлү социалдык, экономикалык канчалаган көйгөйлөрдү көтөрүп, баш-аягы 34 мыйзам долбооруна демилгечи болгон. 10 миңден ашуун шайлоочуларды жеке кабыл алып, алар көтөргөн маселелерди чечүүгө көмөк көрсөткөн. 30дан ашуун жолугушууларды өткөргөн. Анын сунушу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткандарга 170 000, Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковго арналган турнир өткөрүүгө 100 000, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан каза тапкан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак-жай курууга 2 миллион (резервдик фонддон) бөлдүрүүгө жетишкен.

Ал эми жеке демилгеси менен аймактагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө 500 000, ата-эне мээриминен эрте ажыраган жеткинчектерге 500 миң сом, Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында жашаган турмуш-шарты оор 150 үй-бүлөгө акчалай жардамдарды берген. Ошондой эле дүйнөнү каптаган апаат, пандемия учурунда Россия Федерациясында жашап, Кыргызстанга келе албай жаткан жарандарга көмөк көрсөткөн.

Ошондой эле Таабалды Тиллаевдин демилгеси менен Исфана шаарындагы №8- кесиптик-техникалык лицейдин жана спорт залынын, Тогуз-Булак айылындагы орто мектептин, Кара-Таш айылындагы ФАПтын, Кулунду, Голбо, Лейлек айылдарындагы бала бакчанын, Ак-Суу айылындагы М. Горький атындагы мектептин курулушу бүткөрүлгөн. Мындай социалдык объектилердин катарында Ош-Исфана (344 км), Кайрагач-Кулунду-Арка (9 км), Беш-Бала, Тайлан айылдарындагы көпүрө (ӨКМ), Ак-Суу айылындагы (жөө адамдар үчүн), Ош-Исфана жолуна асфальт төшөө (344-345 км), Чимген айылындагы тосмо, Кара-Таш айылындагы мечит ж. б. ондогон объектилерди курууну, капиталдык ремонт жүргүзүүнү ишке ашырган, ошондой эле аймактагы ири Дүгүр каналынын курулушу башталган.

Көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмер Исхак Раззаков «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот»,- дегендей Таабалды Тиллаев татыктуу саясатчы жана талапкер.

Мекен… Кыргызстан деген ыйык түшүнүктөр Баткенден башталат. Баткен Таабалдыдай татыктуу уулунун Мекени. Кыргызстандын жүрөгү.

Канышай Мамыркулова.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс