Понедельник , 8-Март 2021
Башкы бет / Аналитика / “ТАЗА ШАЙЛОО ҮЧҮН” АЛЬЯНС

“ТАЗА ШАЙЛОО ҮЧҮН” АЛЬЯНС

Бардык жактан арыздар келип жатат. Айылдардагы мектерден баштап, борбордогу мекемелердин кызматкерлерине чейин. Ал эмес шаар жана шаардын чет жакаларындагы тигүү цехтерине чейин акча сунуштап, паспортторду жыйнаган фактылар селдей каптады.

Булардын баарын кимдер жасап жатат? Мыйзамдуулукту камсыз кылуучу бийлик кайда карап отурат? Бийлик бул иштерди көрсө-көрмөксөн, билсе-билмексен. Ошондуктан бул иштердин артында бийлик өзү турат дегенге толук негиз бар. Демек, бийликтен таза шайлоо күтүү кыйын. Алар билгенин жасайт. Максатына жетиш үчүн бардык ыкмаларды пайдаланып келишкен жана пайдаланышат.

Бир-эки фактыларга токтоло кетсек. “Биримдик” партиясынан талапкер болуп жаткан вице-спикер Аида Касымалиева Өзгөндө мугалим, мектеп директорлорун кысымга алган. БШКа да, таза шайлоо убада кылган президент Жээнбеков да муну көрсө да көрбөйт. Билсе да билмексен. Эч кандай реакция жок.

Ушул эле Касымалиева Өзгөндө жолдорду ачып, ленталарды кесип жүрөт. Бул шайлоочуларды түздөн-түз сатып алуу эмеспи?

Республиканын спорт комитетинин кызматкерлерин топтоп, Нооруз айылына алып барышкан. Паспортторун алышкан, кайсы партияга добуш берүүнү катуу эскертишкен. Добуш берилбесе, жумуштан айдаларын кулактарына катуу куюшкан.

Бишкектеги Керамика көчөсүндө паспортторду жыйнап, ар бир добуш үчүн 2 миң сомдон убада кылып жүрүшкөнүн жергиликтүү тургундар өздөрү келип кабарлашты. Кийим тигүү цехтериндеги кыздардын паспортторун жыйнап, цех кожоюндарына ар түрдүү кысымдар жасалып жатканын да ишкерлер маалымдашты.

Мамлекеттик машина, админстративдик ресурс, акча ресурсу абдан катуу ишке кирди.

Мындай шартта бийликтен, БШКадан таза шайлоо күтүү балалык кыял.

Ошондуктан жарандык активисттер, бийликчил эмес партиялар “Таза шайлоо үчүн!” альянсына биригүүсү зарыл. Мына ушулар гана бийликтин, акчалуу көпөстөрдүн, криминалдын шайтан дөбөгө чыгуусун ооздуктай алат. Жарандык активисттердин 24-августа БШКадагы активдүүлүгү муну дагы бир жолу көрсөттү жана далилдеди.

Жарандык коом жана саясий партиялар “Таза шайлоо үчүн” альянс түзүш керек.

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс