Понедельник , 8-Март 2021
Башкы бет / Досье / ДЕПУТАТ БОЛОМ

ДЕПУТАТ БОЛОМ

Сунуш түштү, туугандар. Депутат болушум керек экен. «Сен татыктуусун», дешти. Түнү бою уктабай чыктым. «Неден жаздым, неден жаңылдым», дейм ичимен. «Жарытылуу костюмуң жок, байкушум. Деректир акемин костюмун жеңемен сурайт окшойм…» деп келинчегим жанымда өзүнчө буйшаман. Анан дагы кейигендей, «Элден чыгат деген шу экен да…» деп оор улутунуп коет. «Минеге элден чыгат экемин» дейм. Кемпиримин сөзү жакпады, мага. «Патта аканин баласы депутат болгондон бери жок болуп кетти го. Карачечекей эжесинин тажиясына келбей койду. Элдин баары айтып атат. Элден чыккан шу деп атышат», деп аялым, кабатыр болуп алган. «Ээ, пешенеге жазгынан көрөбүз да, байбиче», дейм.
Мектепти деле жарытылуу окубадым. Койдун артынан эле келатам. Же бир-эки орусча сөз билсемчи. «Кокус, Путинге жолугуп калсамчы, ит болом го…», деп депутат болуудан баш тартмак болдум. Эртең менен айтчуусун айтып, сарайга кетүүнү чечтим.
«Карга пок чокуй электе», деректир акем жетип келиптир. Таягы менен жер чукулап отурат. Келини жеткирген экен да.
— Отко айдаса, покко качкан кандай немесин? – деп акем күүлөнүп алыптыр. – Биздин урукка бир оомат келип атса… сен бала, кадырыңды билбейт экенсин… – деди каарын төгө.
— Аке, ойлосоңуз, менден кайдагы депутат?.. – дейм күнөөкөр адамдай.
— Эй, бала, саңа кудайдын назары түшүп атат. Акаев, Бакиевиң, азыркыларың деле, «Президент болуу түшүмө кирген эмес» деп айтышып жүрбөйбү. – акем акырын мага жакындап: — Керек болсо, сен спикер болушуң мүмкүн… – десе боло. Аллам оозуман түштү.
— Аке, шылдыңдайын деп атасызбы, эми…
— Төрт жүз койду чыкыйтып башкарып келаткан амалиң, депутаттарды башкарышка жөн эле жетет… – деп, «сүйлөбө» дегенсип, колун жаңсап койду.
Кезээрин отурганын кара. Илгери мектепти бүткөндө, «СПТУга тапшырасын», деп ушинтип отуруп алган болчу. «Ал жакта кудайдан жөө качкандар окуйт экен», деп атам жибербей койгон. Эми мени калкалай турган атам жок. А акемдин айтканынан кайтпаган өжөрлүгү бар. Депутат болот окшойм, шу.
Түштөн кийин аялым кылтыйып калыптыр. Көз кырын таштап шектүү караганычы. Депутаттыкка талапкер эмей эле, кылмышка шектүү адамдай карайт, тооба. Акырын жылып келип:
— Сен, эки катын алууга оюң кандай?.. – деп сынап тиктейт.
— Эки катындын жакшы жагы да, жаман жагы да бар… Мисалга, Үтүш сонун эле жашап атат… А Бөрүш болсо, ит-мышык… Негизи мусулманчылыкта төрт катын алууга болот… – деп оозумду жыйганча, аялым, ордунан атып туруп:
— Болду, эч жакка барбайсын… – деп колун кезейт.
— Каякка барам? Айтчы бай болгур…
— Депутат болбойсун… Бүттү… Эки катын алгандар, кудайдан жөө качкандар, алдамчы-жуликтер ошякта отурат, имиш…
— Ким айтты, саңа?..
— Катындар айтты. «Эриң бузулат», деди… Чатыңан илип коюмун, билип кой… Карасаң муну, депутат болот имиш… – аялым бөлмөгө батпай турду.
— «Койнуңда жаткан катының душман» деп бекеринен айпайт экен да, — дедим сөөмөйүмдү көккө тиреп. Аялым каршы болгон сайын депутат болгум келет десең. – Сен менин өсүшүмдү каалабайсын. Эл катары «Волгада» жүрсөм жаманбы? Ообше, атаң баш болуп, баарыңар ичиңер тар, мени көрө албайсыңар. Эй, маңа кудайдын назары түшүп атат, — дейм аялыма нараазы болуп.
— Көр болуп каласын… Жол карап калба. Менин атам ичи тар болуп калыптырбы, саңа!.. Менин туугандарыма асылба… «Гырт» тойгузган сенин тугандарыңа деле чыдап жүрөм го. Чуурутуп кой айдап жүрөсүн. Шунун баарын менин атам жасап берген, эй, сөйрүк… Эшигиңде үрөргө итиң жок эле го… Эми депутат болом деп, бизди көзүңө илбей калдыңбы… – деп келинчегим бышыңдап ыйлай сыртка чыгып кетти.
Кырылышып эле атабыз. Аялым сырткы бөлмөдө, мен ичкериде. Чоң аталарыбызга чейин жеттик. Бир убакта сыртка чыксам, аялым түйүнчөгүн түйүнүп, «кетем атамкына», деп алыптыр. Кайдан-жайдан кудай жалгап кайнатам келип калбаспы.
— Темиштен угуп, апаң экөөбүз таз-за сүйүндүк, балам, — деп кайнатам сүйүнүп алыптыр. Үйгө кирбей тапчандан орун алды.
— Ата… Депутат болбойт, бу… – деди аялым кыска-нуска.
— Минеге, ботом?.. Эч ким депутат болуп төрөлбөйт. Депутат болсун, анын минеси жаман?.. Койдун артынан жүргөн Таштанбек Акматов керек болсо, Жогорку Советтин төрагасы болгон. Мына балам, спикер болуп калса ажап эмес… – деди кайнатам, менин ыкыбалымды көтөрүп. Чыны депутат болгум келе баштады. Ошентсе да, күйөбалалык кылып:
— Ата, сиздин амириңиз менен мал-келдүү болдук… Эми тынч эле жүрөлү деп атам. Чарчадым, ата… Эс алгым келип жүрөт… – дедим аялым от алып кетпесин деп, астейдил.
— Как-раз эс ала турган жер ошерде, балам. «Келдиңби-кеттиңби», деген эч ким жок. Айлыгын алып жүрө бересин… Кой, балам, бизден деле чыксын да, мыкчыгерлер… – деди мага үмүт арта. Айлык алганы жакты мага. «Сразу эле катын ала койбостурмун», деп коем ичимен.
— Ата дейм!.. Бул депутат болбойт… болду бүттү… – дегенде, кызынын кыялын жакшы түшүнгөн кайнатам, ийинин куушуруп жолго түштү. Аялымды жубатып:
— «Дордой» базарынан каалаганыңды аберем, байбиче… – дедим. Ал:
— Абербейсин… – дейт. Мен:
— Аберем… – дейм.
Көзүмдү ачсам, аялым турат маңдайымда.
— Тур!.. Койлорго туз берип кел… Абергенге тыйының барбы, өзү?.. — деп шылдыңдагансып турганычы.
«Түшкө не кирбейт, душман не дебейт!», деген илгери үмүттө сарайга жөнөдүм.

Автор: Шекербек Калыков

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс