Воскресенье , 7-Март 2021
Башкы бет / Аналитика / ЧЫНЫГЫ САЯСАТ

ЧЫНЫГЫ САЯСАТ

Кыргызстанда чындап саясат жүргүзгөндөр эмес, саясий оюндар менен алек болгондор арбын. Алар көп учурларда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке саясий кызыкчылыгын жогору коюп, жеке максатына жетиш үчүн түпкү саясий максатын оңой-олтоң унутуп кете беришет. Мына ушундай сокур саясат өлкөдө саясатчыларга, саясий партияларга ишенимдин кетишине алып келди.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров мамлекеттин тагдырын саясий, элдин мүдөөлөрүн партиялык оюндарга жана жеке кызыкчылыктарга курмандыктарга салып бербеген, өзүнүн туруктуу саясий көз карашын карманып, жалгыз калган учурларда да тиштенип, мына ошону турмушка ашырууга умтулган сейрек саясатчылардан.

Азыркы кезде Адахан Мадумаровдун айланасына республикадагы белгилүү жана салмактуу саясатчылардын чогулуп жатышынын бир себеби да ушул жакта жаткандай.
Бул, мамлекет, эл эле эмес, саясий чөйрө да коррупциядан таза, түпкү саясий максаттарын күнүмдүк саясий кызыкчылыктарга алмаштырбаган, ошол максаттарга ар кандай шарттарга карабастан туруктуу умтулган, принциптерин алмаштырбаган саясий лидерге муктаж болуп экенин кабарлайт.

Түпкү саясий максат эмне? Ар бир саясатчы же саясий партия саясий күрөшкө чыкканда же шайлоого аттанганда асыл тилектерди айтып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарын өйдө коерун жарыялайт. Ал максаттарга жетүүнүн жолдорун атайт. Элге чыгып ошонусун жарыялайт. Тилекке каршы, ал максаттарын ылдам эле унутуп, беш жылдык мөөнөтүн “саясий интрига же оюндар” менен өткөрөт. Ага эл тарабынан ошого жараша реакция жаралат.

Адахан Мадумаров алгачкы саясий кадамынан тартып эле коррупцияны жектеген, кен байлыктарды талап-тоноону, завод-фабрикаларды туш келди менчиктештирип талкалоону кескин айыптаган. Ал өз саясий жолунда мамлекет, улуттун кызыкчылыгын эң жогору койгон Жусуп Абдырахманов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиевдин жолун туу туткандан жазбады. Коррупция жазгырына чалынбады. Таза бойдон келди.

Бийлик системасын түзүүдө Кыргызстанга өкмөттү түз президент башкарган (премьер-министр кызматы жоюлган), депутаттарды эл түз бир мандаттуу округдардан өзү шайлаган, чыныгы көз карандысыз сот системасын түзүү идеясын жарыялаган. Мына ошол позициясынан тайбады.
Жалгыз калды. Дон Кихот сымал келекеге алынган учурлар да болду. Ал саясий идеясынан, принциптеринен тайбады, кайтпады.

Бул туруктуу, олуттуу саясат өзүнүн биринчи жемиштерин бере баштады. Эми ал алдыдагы шайлоодо дагы бир ирет сыноого алынат. Анда элдин өзү да сыноого алынат.

Aidanbek Akmatov
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс