Понедельник , 8-Март 2021
Башкы бет / Дүйнө / Ирандан Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам келди

Ирандан Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам келди

1 Категория: Главные новости — Published: 15/08 — 10:57

Иран коронавируска каршы күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясын жөнөттү.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Шадыханов Калысбек билдиргенин “Eurasia Today” агенттигинин корреспонденти маалымдады.
Анын айтымында, Иран тарап Кыргызстандын медициналык мекемелерине өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды, 25 термометр, пульсометрларды, COVID-19ду аныктоочу тест-системаларын, 2400 изилдөөгө арналган анализдерди жүргүзүү үчүн реагенттерди берди. “Иран тарабынан берилген бул жардам Тегеран менен Бишкектин ортосундагы мамилелерди чыңдоого олуттуу салым кошот. Дагы бир жолу Иранга ыраазычылык билдирем. Бардык дары-дармектер кыргызстандык бейтаптарды дарылоодо колдонулат”, — деп ал.

Ирандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харрази “Бул инфекциялык ооруга каршы күрөшүүдө биз Кыргызстандын элине экинчи ирет гуманитардык жардам көрсөтүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Бүгүн Тегеран эки вируска — АКШнын мыйзамсыз санкцияларына жана коркунучтуу коронавирустук инфекцияга каршы турууда. Иран бийлиги кысымдарга жана өлкөдөгү оор кырдаалдарга карабастан, Кыргызстандын элине жардам көрсөтүүнү чечти”, — деп билдирди.

Анын айтымында, гуманитардык жардамдын биринчи партиясы Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын демилгеси менен, бул жолкусу Иран Ислам Республикасынын администрациясынын демилгеси менен көрсөтүлдү. Бардык медициналык шаймандар жана дары-дармектер ирандык адистердин колунан жаралган. “Бул гуманитардык жардам бейтаптардын сакайышына жана үй-бүлөсүнө кайтып баруусуна жардам берет деп ишенем.  Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков менен биргеликте дары-дармектерди Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү маселесин талкууладык. Жакынкы келечекте алар Кыргыз Республикасында пайда болот деп ишенем”, — деди Харрази. “Биз өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүнө көнүл бурушубуз керек. Биз ушул эле рейс менен  Кыргызстанда жүргөн Ирандын жарандарын Тегеранга жөнөтө алганыбызды белгилеп кетким келет”, — деп кошумчалды ал.

Кыргызстандын Ирандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Авазбек Абдуразаков көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдар үчүн Иран тарапка ыраазычылык билдирди. “2017-жылдын июнь айында Иран менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда Меморандумга кол коюлган. Расмий документке ылайык, эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрликтери кызматташып, ирандык жана кыргыз медициналык кызматкерлеринин ортосунда илимий жана академиялык изилдөөлөрдү өнүктүрө алышат. Кыргыз тарап Иран Ислам Республикасы менен бул жаатта, анын ичинде коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө кызматташууну мындан ары да улантууну каалайт. Ирандыктар кыргыз адистерин окутууга жана тажрыйба алмашууга даяр. Бул ирандыктар өзүлөрү АКШнын санкцияларынан улам чоң кыйынчылыктарга туш болгон жана COVID-19дан жапа чеккен шарттарда болуп жатат. Ирандык достордун чоң жардамы үчүн терең ыраазычылык билдиргем келет. Жакынкы аралыкта эки тараптуу аба каттамы кайра  жанданат деп үмүттөнөбүз”, — деп баса белгиледи ал.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Шадыханов Калысбек, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази катышышты.

http://kg.eurasiatoday.ru/latest-news/28-breaking-news/556-%D0%B8%D1%80%D0%B0%D0%BD%D0%B4%D0%B0%D0%BD-%D0%BA%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%BD%D0%B3%D0%B0-%D1%8D%D0%BA%D0%B8%D0%BD%D1%87%D0%B8-%D0%B8%D1%80%D0%B5%D1%82-%D0%B3%D1%83%D0%BC%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D1%82%D0%B0%D1%80%D0%B4%D1%8B%D0%BA-%D0%B6%D0%B0%D1%80%D0%B4%D0%B0%D0%BC-%D0%BA%D0%B5%D0%BB%D0%B4%D0%B8.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс