Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / Мекенчил күчтөрдүн  бийликке келүүсүн мезгил талап  кылууда

Мекенчил күчтөрдүн  бийликке келүүсүн мезгил талап  кылууда

Элибизди кыйнап  жаткан оорунун аппаатына карабастан күздө парламенттик шайлоонун өтүшү бештен белгилүү болуп калды. Өлкө башчысы да мыйзамдын негизинде Жарлыгын чыгарып, шайлоону өткөрүүнү 2020-жылдын 4-октябрына белгиледи.  Ага каршы түркүн жүйөлөрүн айтып, шайлоону жылдыруу, байкот жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөрдүн да аракети күч. Аки-чүкүсүн айтпаганда да шайлоо мыйзамдын негизинде өз учурунда өтүшү керек болчу. Эгемендиктин 30 жылы ичинде эң начар катары сыппатталып, крим чөйрөнүн өкүлдөрү арбын аралашкан, чылгый чөнтөктүүлөрдөн турган  Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын  мөөнөтүн жөнү жок узартуу туура эмес кадам болуп калмак.

Анткен менен өлкө башчысынын мындай шыр чечими коомчулукту күдүк ойго салып турганы да чындык. Президент С. Жээнбековдун эч бир партияны колдобоорун, шайлоо ачык-айкын өтөөрүн  айтканы менен карапайым калк бийликчил партияларды өткөрүүнүн катардагы камы катары ишене албай турат. Буга чейин алданып келген шайлоочулардын аң-сезими бир топ өсүп калгандыгы да байкалат. Коомчулугубузда ар бир шайлоо сайын  жүзүн миң кубултуп, жон терисин өзгөртүп, добуш издеп келген саясатчыларды эл клоун сыяктуу көрүп калышты. Ошол эле мезгилде баары эле акчага сатылбайт деп айтуу  да азырынча эрте.Эмнеси болсо да коом жаңыланууга баратат. Элүү жылда эл жаңы-жүз жылда барып жер жаңы – деген ушул окшойт.

Шайлоочулардын мындай маанайынан улам бийлик үч жыл ичинде коомчулукту ынандырган өзгөрүүлөрдү, жаңыланууларды жарата албаганы ачык көрүндү. Эми анын түрдүү себептери бар экендигине токтолбой эле коелу.

Бийликчил партиялардын талапкерлери  эмитен эле депутат болуп алышты

Коомчулук кабардар болгондой,  44 саясий партия шайлоого катышуу ниетин билдиришти. Шайма-шай шымаланган партиялардын саны арбын болгон менен сапаты анчалык эмес. Саналуу күндөрдөн кийин тийешелүү акча каражатын БШКга төгө албаган бир топ партиялар тизмеден чийилет, же өз каалоолору менен биригишет. Беш, алты партияга жамынган талапкерлердин ичинде ыплас, жапайы кармаш жүрчүдөй болуп турат. Бийлигине, байлыгына таянган  “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынын талапкерлери баягы Акаев, Бакиев, Атамбаевдин доорундай  эмитен эле өздөрүн депутат сезип алышты. Түрдүү  жасалма сурамжылоолорду жүргүзүмүш болушуп, алдыңкы сапты ээлешкендерине алты айдын жүзү болуп калды. Элдин суроо-талаптарын көздөрүнө илгилери келишпейт. Алар  кимдер экени да айдан ачык. Баягы эле “чимкирик, крим чөйрө аталышкандар” бул партиялардан алда качан орун алып алышкан.  Булардын тилеги кабыл болуп, кайрадан  депутат болуп калышса Жогорку Кеңештин баягы тас кейпи уланчудай.

Эң башкысы  Президенттин  аброюна укмуштуудай сокку болот. Өлкөбүздүн дайынын таппай калчудайбыз.  Азыр да кеч эмес, расмий бийлик шайлоону таза уюштуруп, Өлкө келечеги үчүн жанын үрөп кызмат кылууга даярдыгы бар адамдардын келишине шарт түзсө дурус болор эле. Өлкө башчысы буга чейинки кайрылуусунда эч бир партияны канатына калкалабасын, жеңип келген партия менен иш алып барарын билдирген. Эгер чын эле иш ушул маанайда уланчу болсо, буга чейин 30 жылдан бери кыргыз саясатчылары колдонуп келишкен  кокон хандыгындагы анархистик саясий кармаштар тарых бүктөмүндө калып, өзгөрүү башталат. Кыргыз саясаты жаңы нукка бурулат. Бийликке карата элдин ишеними  акыр аягына чейин сууй электе бул мүмкүнчүлүктү кармап калуулары керек. Болбосо шайлоодон соң нааразычылыктардын толкунун пайда кылчу ар кандай ички, тышкы саясий топтордун отуна май тамды дей бер. Алар дал ушул учурду күтүп эле турушкандай. Ансыз да “Чоң казатчылар” деген сыяктуу саясий топтордун көтөрүп жаткан демилгелери жапайы жырткычтык мүнөзгө да ээ болуп кетишине эч ким кепилдик бере албайт. Биз баарыбыз дал ушул сыяктуу элдин, өлкөбүздүн  ынтымагына доо кетирчү арам максаттарды көздөгөн ар кандай аракеттердин алдын алуубуз бирден бир милдетибиз, парзыбыз. Бул айтылып жаткандар жөн эле сөз эмес, эгемендүүлүгүбүзгө доо кетирчүү жагдайлар экендигин бийлик  унутпаса деген тилек менен кулак кагыш кылып коюу келечекке байкоо салган адамга парз.  Бүгүн элдин биримдиги аба менен суудай керек болуп турганда муну эстен чыгарбашыбыз зарыл.

“Ата-Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын тегерегиндеги ачык жана жабык саясий оюндар

Тажрыйбалуу саясатчылар Ө. Текебаевдин “Ата-Мекен” жана А. Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиялары шайлоодо  жеңишке жетүүнү максат кылышууда. Экөөнүн тең эл ичинде өздөрүнө жараша электораты бар. Замандын өзгөрүүсүнө көз кырын салышып, саясий кармаштын жаңы шарттарына ылайыкташкандыктары менен  коомчулуктун назарына илинүүгө  аракеттерди көрүп башташты. Бийликчил деген партиялардан өзгөчөлөнүшүп, катарына элдин назарына жаңыдан илине баштаган жаштарды арбын аралаштырууга далбастап жаткандыктары байкалат.

Саясий тажрыйбаларына таянышып, шайлоодо жеңишти камсыз кылуунун  тынымсыз аракетин көрүп жатышат. Булар канчалык “мен” дешип чалкалаган менен дагы да кайсы бир саясий топтор менен биригүүлөргө барбаса жеңишти камсыз кылуулары күмөн.

Ал эми Текебаевдин  “Ата Мекен” партиясынын алдына биригишкендердин түпкү максаттары бир экенинин айта албайм, жакынкы кызыкчылыктары төп келген Т. Сариев, Р. Момбеков,  Ж. Акаев сыяктуу салмактуу саясатчылардын топтолушу  бийликти ойго салууда. Ал ортодо  өз алдынча  бийликке оппозиция болууга ишенимдүү кадам таштап жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен “Ата Мекен” биригет экен деген өрдөктөрдү атайлап учуруп, жасалма саясий кырдаал жаратууга маш Ө. Текебаев  жаңыча чабуулун баштап көрдү.  Мындай биригүү мүмкүн эмес эле, анткени Текебаев батышчыл, Мадумаров мекенчил саясатчы. Ошондуктан да бул оюн жасалма уюштурулуп жатканын “Бүтүн Кыргызстан” тарап ачыктап салды. Кыскасы, Текебаев  бийлик менен тымызын тил табышуунун аракетин көрүп, бир мүмкүнчүлүк бергиле дегендей сунуш менен Ак үй тарапка чабармандарды чапкылатып,  уккан  “ыбыш-шыбыштарга”  караганда,  Текебаевдин соттолуулугу алынып, Жогорку Кеңеште аларга “ийкемдүү” оппозициянын  орду каралып жатат имиш деген кептер бар.

Бийлик тарап бул эки үлкөн саясий күчтү бириктирбөө максатында Текебаев куйрук сураса өпкө бериши мүмкүн.  Бул бийликтин алсыздыгын гана көрсөтөт.Текебаев максатына жетиш учүн бийликке жаккан бир топ идея,  долбоорлорду сунуштап жибериши айдан ачык.  Анан да  Мадумаровго караганда Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгондугу менен  азыркы бийликке жакын.  Президент бул жерде элдик кызыкчылыкты эске алып, кыраакылыкты көрсөтүүсү шарт. Шайлоодон кийин саясаттын ташы ким тарапка ооп кетет  эч ким кепилдик бере албайт.  Текебаев көнүмүш болуп бүткөн саясаттагы тактеке оюнун уланта берет. Баягы эле Атамбаев-Текебаевдин кармашы  сыяктуу көрүнүштөр кайталанбай койбойт. Сырткы күчтөргө таянып алып, саясий интриганы уланта берет, карма-каршылык токтобойт, өнүгүү болбойт. Акыл-эси болсо Текебаев саясий ишмердүүлүгүн ушул шайлоого барбай туруп токтотсо башка эски саясатчылар үчүн өрнөктүү иш жасамак.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы эч кимге кошулбай шайлоого өз алдынча аттанганы бир жагынан сыйга татыктуу болсо, экинчи жагынан эмитен эле оор сыноолорго туш болору ачык көрүнүп калды. Саясий айдыңда  жогоруда аты аталган эки партиянын алыс эмес айланасында “Бир бол” жана “Республика” партиялары аракетин жасап жатат. Бул жолу булардын өтүшүнө күмөн жараткан  жагдайлар арбын.

Мекенчилдер  келе жатышат

Кечигип болсо да  Кыргызстанда Мекенчил, жаңы, буга чейин бийликте булганбаган күчтөрдүн биримдиги калыптанып келе жатат. Аталыштары эле айтып тургандай “Мекенчил”, “Мекен ынтымагы”, “Эмгек”, “Замандаш”, “Таза коом”,  “Улуу журт”,  “Чоң казат”, “Жаратман эл”, “Ак Калпак”,  “Нур”, “Ордо”, “Кыргызстандын патриоттору” ж.б партиялардын бир же эки блокко биригүүсү күтүлүүдө. Булардын ичинен орточул көз карашты карманышкан  “Замандаш”, “Эмгек” ж.б. бир канча партиялардын биригүүсү соңуна чыгып калгандай. “Мекен ынтымагы” да белин бекем бууп,  саясий күрөшкө  тарапташтары менен өзүнчө чыгуу аракетин көрүп жаткандай.

Ал эми калган  мекенчил күчтөр “Мекенчил” партиясынын (К. Ташиев, С. Жапаров) тегерегине биригүү мүмкүнчүлүгү жогору экендигин айта кетели. Бул жерде бир канча жылдардан бери адилеттик үчүн күрөшүп жүргөндөр, өнүгүүнүн улуттук-мекенчил жолун сунуштаган курултайчылар, илимий-чыгармачыл интеллигенциянын жоон топ өкүлдөрү чогулуп,  ичтен жетилип   бир тилге келип калышкандыгы жакшы жөрөлгө болууда. Булар өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган, улуттук-мамлекеттик кызыкчылыкты сатпаган жылаңач-патриоттор. Каражаттары чектелүү болгону менен 30 жылдап мекен үчүн кара жанын карч уруп, идеологиялык багытта өз иштерин жасап, коомдук пикир жаратууга, өз максаттары үчүн күрөшүүгө дарамети бар  келечектүү агым экендигин турмушта көрсөтө алышты. Эски саясатчылардан айырмаланышып, койнунда котур ташы жок, крим чөйрөдөн алыс  нак  мекенчилдер ушулар.   Эгерде бир пикирге, ымалага келишип биригишсе, бир аз каражат табышса, чоң күч болуп кетчү мүмкүндүктөрү  бар.  Эгемендик жылдары  жогортон таңууланган “ачык либералдык демократиялык коом” деп аталган батышчыл жол балчыкка алып келип кептегенин эл кеч болсо да түшүндү. Коомчулук азыр туңгуюуктан жарык издеп, жаңы жолду издөөдө.  Элди бакыт-таалайга багыттаган, коррупцияга малынбаган таза күчтөрдү,  жаңы жүздөрдү күтүүдө.

Бийлик эгерде  мамлекеттин эртеңин ойлосо,   бул саясий топко каршы болбой  көңүл бурса пайдалуу болмок. Анткени сырткы күчтөргө курал болбой мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсү үчүн радикалдуу реформаларды ишке ашырууга  дал ушулар арка — жөлөк болуп беришмек. Шайлоочуларыбыз, жалпы карапайым калкыбыз деле алдым-жуттумдарга алдана берип, мындай топко көңүл бурчу учур келгендей. Эгерде  турмушубузда терең  өзгөрүүлөрдүн болушун кааласак, добуш берүү мүнөттөрүндө  улуттук-мекенчил жолду сунуштагандарга назар салынса дурус болчудай. Кыскартып айтканда, Жогорку Кеңешке бул топтун айрым бир талапкерлери келип калчу болсо — кыргыз саясатында жаңы чыйыр салынууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Ушул шайлоодо биринчи жолу Программа, Идея, Максат маселесинин баасы көтөрүлүп, баарын акчага баалоо эпидемиясы өз күчүн жогото баштайт деген ойдомун. Анан да жакында Президент кол койгон “КРнын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзамга” ылайык добуштарды сатып алуу кылмыш катары каралып, жоопкерчиликке тартуу шарты киргизилди. Бул жагынан да добуш сатып алуучулар үчүн оңтойсуз абал түзүлдү. Сыртынан караганда таза шайлоо өткөрүү боюнча аракеттер көрүлүп жаткандай.

Ошентип, шайлоонун шайтан оюндары башталды. Үйрөнгөн адат калабы баш иштебеген жерде муштум иштейт эмеспи, шайлоо башталбай жатып,  “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын билеги күчтүү балдары эмитен эле  эки- экиден мушташып,  бийликке жетүү үчүн жол талашып жүрүшкөнү көңүлдү  иренжиткен көрүнүшкө айланды. Демек, коом тазаланууга, жакшы жагына өзгөрүүгө өтө муктаж болуп турат.

 Назаркул Жоошбаев, журналист

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс