Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Досье / Калдайган тоолордун да өксүгү бар…

Калдайган тоолордун да өксүгү бар…

Бармактайдан бирге өскөн тууганым, досум, шакиртим, ошол эле учурда устатым, кеңешчим, психологум, мотиваторум, математик, физик, философ, саясатчы, коомдук ишмер жердешим Айдарбек Максутов ушул сонун саптарды жазып таң эртеден жөнөтүптүр.

Дал менин оюмду жазыптыр. Менин оюмча, баарыбыздын оюбузду жазыптыр.

Нургазы Мусаев

Калдайган тоолордун да өксүгү бар…

Күмөндүү ойлор келет кээде башка,
Катасыз күн кечирип жүрдүм бекен?..
Чынында чыгып алсаң орто жашка,
Чуурулган күндөрүң да күлүк экен!..

Канча ирет сезип туруп суналбадым,
Колумду муктаж болуп тургандарга…
Дилимден айтчу сөзүм жутуп койгом,
Досторго, даба болчу, туугандарга…

Кээ түнү жазбай калдым ойлорумду,
Капилет бир жарк этип туйлап калган…
Кыйлага кабарлашпай, сааты чыкпай,
Кечир, дос, күндөр үчүн сурашпаган…

Керексиз маалыматка сүңгүп кирип,
Өлтүрдүм асыл кайран мүнөттөрдү…
Убакыт таба албай, басып барбай,
А бирок интернетсиз күн өтпөдү…

Убакыт — бийлик, байлык — куну толгус,
Ууртуңда ууз үмүттөр далай сынды..
Акылым толуп келет аккан сайын,
Аз аздан берип жатып жаштыгымды…

Убакыт уткан эмес сени эч ким —
Уурдадың жаш чырпыктай курагымды.
Жашартып өмүрүмдү эмгек менен,
Жылдырып тургум келет сурагыңды.

Айдарбек МАКСУТОВ

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс