Суббота , 5-Декабрь 2020
Башкы бет / Аналитика / Эмне үчүн курмандык сойобуз?

Эмне үчүн курмандык сойобуз?

Учурда «эмне үчүн курбандык сойосуз»- деп кайсы бир мусулман адамдан сурасак, көбүнчө, социалдык жардамдашуу, бир бирибизди колдоо, мүмкүнчүлүгү жок кедей-кембагалдын үйүнө аз да болсо эт кирүүсү үчүн сыяктуу жоопту алууга болот.

Жогоруда айтылгандар курбандык союунун себеби эмес, анын натыйжасы болуп саналат. Айтор курмандык союу адамзаттын бул дүйнөгө келишинен бери эле бар. Бирок жалпысынан алганда, курмандыктын себеби унутулган же максатынан тайган.

Эмне үчүн курмандык сойуубуз керектиги тууралуу бираз өткөндү эстейли!

Келиңиздер эмнеге курмандык сойгонубузду дагы терең түшүнүү үчүн оболу Азирети Ибрахим алейхис саламдын ким экендигин жана Аллага моюн сунуусу кандай абалда болгонун эстеп көрөлү!

Азирети Ибрахимдин ысмы Куранда эң көп айтылган пайгамбар. Алла алдында пазилеттүүлүгү боюнча Азирети Мухаммед алейхис саламдан кийин адамзаттын эң улугу. Алла тааланын бар экендигин жөнүндө акыл жана логика менен жолго чыгып, Ага сыйынып жана моюн сунган пайгамбар.
Бул окуя Курандын Аньам сүрөсүндө төмөнкүдөй баяндалат:
Биз Ибрахимге ал ишенүүсү үчүн Асмандар менен жердин падышалыктарын көргөздүк(75).
Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: «Бул- менин кудайым»,-деди. Ал (жылдыз) батып кеткенде, ал: «Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн»,-деди (76).
Айды көргөн кезде: «Менин кудайым ушул»,-деди. Ал да батып кеткенде: «Эгерде Эгем мени туура жолго салбаса мен да адашкан коомдун катарында болмокмун»,- деп айтты (77).
Чыгып келаткан Күндү көргөн кезде: «Менин кулайым ушул, Ал (баарынан) чоң»,- деди. Ал да батып кеткенде: «Эй, менин элим! Силер шерик келтирип жаткандардан мен алысмын»,- деп айтты (78).
«Мен өзүмдүн жүзүмдү Асмандар менен жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошуучулардан эмесмин»,-деди (79).
Ушундайча кыска бир эстеткенден соң калган жерибиздин уланталы!

Алла Азирети Ибрахимдин дубасын кабыл кылып, улгайган жашына карабай эркек уул берди. Сааффат сүрөсүндө бул мындайча баяндалат:
«Эгем! Мага бир жакшы уул бер» (100). Илгерилеп калган жашына карабай анын дубасы кабыл болду. Алланын периштелери муну Азирети Ибрахимге (а.с.) билдирүүлөрү Курандын Худ сүрөсүндө мындайча айтылат:
Чындыгында, элчилерибиз Ибрахимге жагымдуу куш кабар менен салам беришти. Ибрахим аларга: «Салам!»-деди да, дароо музоонун куурулган этин (дасторконго) алып келди (69).
(Ибрахим): алардын колдору этке эч бир тийбегенин көрүп, чоочуркап, шекшиди. Алар: «Коркпо!» Чындыгында, биз Лут коомуна жиберилдик»,- деди (70).
Ибрахимдин жанында турган аялы күлүп жиберди. Ошондо ага Исхак, андан кийин Якубду сүйүнчүлөдүк (71).
(Ибрахимдин жубайы): «Оой, мен- кемпир, күйөөм- чал болсо, анан кайдан төрөмөк элем. Албетте, бул- таң калыштуу нерсе»,-деди (72).
(Периштелер ага): «Сен Алланын амирине таң каласыңбы? Алланын ырайымы менен берешендиги силерге болсун! Чындыгында, Алла мактоого татыктуу, өтө Улуу!»- дешти (73).
Бул окуядан кийин өзүнөн кийин пайгамбарлык да сүйүнчүлөнгөн Азирети Исмаил (а.с.) жарык дүйнөгө келген.

Ал мезгилдерде Азирети Ибрахим динди жеткирүү иштери менен алек болгондуктан үй-бүлөсү менен көп алектене албаган болчу. Канчалык тез тез көрө албаса да Азирети Ибрахим уулу Исраилди дүйнөдөгү бардык нерседен артык жакшы көрчү эле. Азирети Исмаил энеси тарабынан Алланын туура жол көрсөтүүсү менен абдан мыкты тарбияланып өстү. Мында атасы менен байланышы аз болгон, бирок энеси тарабынан жогору тарбияда өстүрүлгөн баланын окуясына да күбө болобуз.

Азирети Исмаил чоңойду, эрезеге жетип чоң жигит болду. Алла тарабынан берилген чоң бир сыноо аны күтүп турду. Азирети Ибрахим уулу Исмаилди курмандыкка чалуусу керек болгон түш көрөт. Ушунан кийин Азирети Ибрахимдин менен уулу Азирети Исмаил ортосундагы сыноо башталат. Бул жөнүндө Курандын Сааффат сүрөсүндо мындай дейт:
Аны назик бир уул менен кубанттык (101).
Уулу (Исмаил) аны менен бирге жүрүүгө жарап калган кезде: «Уулум! Сени түшүмдө мууздап (курбан чалып) жатыпмын. Ойлонуп көрчү. Буга кандай карайсың?»-деди. Ал:» Оо, Атаке! Сага (Алладан) кандай буйрук келсе, ошону аткар. Алла кааласа, менин сабырдуулардан экенимди табасың»,- деди (102).
Аллаху Акбар!
Кандай сонун жооп, бул кандай мыкты моюн сунуу. Сүрөдө окуя төмөкүдөй уланат:
Ошентип экөө тең Аллага моюн сунушуп, атасы аны чекеси менен жаткызды (103).
Биз ага үн салдык: «Эй, Ибрахим!»(104).
«Ырасында сен, түшүңдү чындыкка чыгардың. Албетте, Биз жакшы иштерди жасагандарды ушундай сыйлайбыз» (105).
Чындыгында, бул ачык сыноо эле (106).
Аны бир чоң курмандык менен алмаштырдык (107).
Кийинки муундарга ал тууралуү жакшы атак калдырдык (108).
Ибрахимге тынчтык (109).
Акыйкатта жакшы иштерди жасагандарды ушундай кылып сыйлайбыз (110).
Анткени ал (Аллага) ыйман келтирген пенделерибизден болчу (111).
Алла таала Азирети Ибрахим (а.с.) менен Азирети Исмаилдин моюн сунуп баш ийүүлөрүн ушундайча сынаган жана ыраазы болур сыйлаган.

Эми темага башка бир өңүттөн карасак:
Эстесеңиздер Куранда жөөттөрдүн да курмандыкка байланыштуу сыноосу бар эле. Бакара сүрөсүндө бул тууралуу мындай дейт:
Муса өзүнүн элине: «Алла силерге уй союуну буюрду»,- деди. Алар: «Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?»- дешти. Ал (Муса): «Наадандардан болуп калбоону Алладан сураймын»,- деди (67).
Алар айтышты: «Өзүңдүн Эгеңе кайрыл, ал кандай уй экендигин бизге түшүндүрүп берсин». Ал: «Уй карыган да, жаш кунажын дагы болбосун, ал ушулардын ортосундагы уй болсун. Өзүңөргө кылынган буйрукту аткаргыла!»-деди (Муса) (68).
Алар (Мусага): «Биз үчүн Эгеңе дуба кыл, ал бизге уйдун түсү кандай болуусу керектигин түшүндүрсүн»-дешти. (Муса) айтты: «Алланын айтканына караганда: «Ал уй көргөн көздү кубандырган, ачык сары түстүү болсун» (69).
Алар: «Өзүңдүн Эгеңе биз үчүн дуба кыл. Ал бизге уйдун кандай экенин түшүндүрсүн, анткени ал уй бизге күмөндүү болур жатат. Эгер Алла кааласа биз туура жолдо болобуз», — дешти (70).
(Муса) айтты: «Алланын буйругунда: Ал уй кордолуп жер айдабаган жана жер сугарбаган, айыбы жок, өз өңүнөн башка өңү болбогон болсун!» Алар: «Мына, азыр сен чындыкты айттың»,- дешти. Ошентип, алар бир аз кыйналышып, аны сойушту (71).

Эми үлгү сабак алуу ирээтинде аяттын уламын караңыз … аз калды буйрукту аткарышпайт эле (71).
Жогоруда Куран аяттары жөөттөрдүн Алланын алдында чыгарган кыйынчылыктарын, амалкөйлүктөрүн ачыкка чыгарып, адамзаттын Аллага каршы турган катасын айтып түшүндүрүүгө аракет кылды.
Бул коркунучтуу катага түшүү, тилекке каршы азыркы учурдагы мусулмандарга да тиешелүү.
Азирнти Ибрахимдин пайгамбарлардын атасы катары айтылышынын себеби да ушул болот. Ал эч бир шылтоосуз, кынтыксыз Алла моюн сунгандардан болгон.
Мусулман сөзүнүн өзү да «Алла моюн сунган»- деген мааниде.

Азирети Ибрахим түшүндө курмандыкка чалуусу керектигин көргөндө, «Аллахым мен уулумдун жанын кыйууга сөз бербедим эле», «Мындай максат койгонум жок». «Уулам муну кабыл кылбайт»- деп айткан эмес.

Азирети Ибрахимдин да уулу атасына: «Сенин түшүңдүн мага эмнетиешеси бар?, анда мен да ишенбеймин, моюн сунбаймын»-деген эмес.

Ал (Ибрахим ) жөөттөр сыяктуу, «Бул абалдан кантип чыгып кетебиз»- деп амалын да издеген эмес. Терскерисинче «бул буйрукту кантип болсо да аткарышым керек»- деп терең терең ойго чөмүлгөн.

Андыктан бүгүн зулхижжа айынын 8-күнү, айтор курбан айттын арапасинен бир күн алдың болгон «таврия» күнү. Тавриянын мааниси «Терең терең ойго батуу»- дегенди билдирет. Буйрукту аткарбай, жол таап кетүү үчүн ойлонуу эмес. Аны аткарып, ишке ашыруу үчүн терең ойлонуу. Эртең арапа күн. Арапа дегкндин мааниси «таанып билүү». Бул деген инсандын өзүн таанып билүүсү.

Андыктан курман айттан бир күн мурунку арапа күн, зулзижжанын 9-күнү жашообузду бир сыйра көздөн өткөрө турган күн. Өзүбүздүн ким экенибизди таанып биле турган күн болот. Орозо кармап напсибиздеги жаман сезимдерди, жалкоолук жана кайдыгерликти курмандыкка чалууга даярдана турган күн.
Натыйжада курмандык жана бул күндөр Алла үчүн жаман мүнөз тар пейилден, көралбастык сезимдерден кутула турган күн. Ар бир инсан терең терең ойго батып, Алланын ыраазычылыгын таба турган, өзүн тааный турган күн.

Ошондуктан Алла таала курбандыктын максаты «кан агызуу», «эт берүү-деп чектеген эмес. Ансыз деле дүйнөдө күн сайын канчалаган дандык союлуп эьи желинип жатат. Бул тууралуу хаж сүрөсүндө мындай айтат:
Курбандыгыңардын эттери жана кандары эч качан Аллага жетпейт. Бирок, силердин такыбалыгыңар гана (Аллага) жетет. Силерге туура жоө көрсөткөн Алланы улукташыңар үчүн ушинтип малдарды силерге багындырып койдук. Жакшылык кылгандарды (бейиш менен) кубандыр (37).

Урматтуу мусулман бир тууганым!
Алла жолунда жүрүүңүзгө тоскоол болгон жаман нерселер, сезимдер, адаттар бар болсо курбандык сойуп жатканда же этинен алып жатканда ушул себеп менен ал нерселерди да ниетиңизде курмандыкка чалыңыз. Кан аккандай сизден чыгып кетсин. Кайра кайтып келбесин!
Эмне үчүн курбандык сойобуз? Ошондо маңызына жетебиз буюрса!

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс