Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Аналитика / Онлайн университетинин түзүүчүлөрү министрге кайрылышты

Онлайн университетинин түзүүчүлөрү министрге кайрылышты

Урматтуу Каныбек Абдуваситович,

Азыркы пандемия шарты билим берүү тармагын татаал кырдаалга туш кылып, санариптешүү жаңыдан кирип жаткан өлкөлөрдө онлайн окутууну киргизүүдө көптөгөн кыйынчылыктарды жаратты. Күтүүсүз келген жагдайдан Кыргызстанда билим берүү тармагы бардык болгон ресурстарды пайдаланып, окуу жылын үзгүлтүккө учуратпай аяктады. Бирок жаңы окуу жылынын башталышы да онлайн шартында башталганы тургандыктан, кыска убакытта көп маселелерди чечүүгө туура келип жатат. Ал үчүн Министрликтин алдында атайын эксперттерден турган Кеңештин түзүлгөнү бизди кубандырат.

Кыргызстанда билим берүү онлайн режимине өткөндөн бери мугалимдер активдүүлүгүн көргөзүп, атайын порталдарды, онлайн группаларды ачып, бири-бирине жардам көргөзүп, окутуу иштерин аткарып келди. Ошондой топтун бири болгон Онлайн Университет порталы Элира Турдубаева тарабынан негизделип, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдө иштеп, окуп жаткан билимдүү кыргыз атуулдарын бириктирип, ушу күнгө чейин 70ке жакын вебинар өткөрдү. Порталдын эксперттер тобу Кыргызстанда иштеп жаткан илимпоздор, ЖОЖ мугалимдери, АКШ, Германия, Түркия, Россия, Дубайда эмгектенип жаткан билим берүү адистеринен түзүлгөн.

Онлайн Университети пандемия шартында Zoom, Google meet, JITSI д.у.с онлайн билим берүү технологияларын колдонууну үйрөтүүдөн баштап, илимий изилдөө усулдары, эл аралык журналдарга макала жазуу, жарыялоо боюнча вебинарларды, адабий талкууларды, балдарды тарбиялоодо ата-эненин ролу жөнүндө психологдор менен жолугушууларды, короновирус илдетине каршы туруу боюнча Түркия, Россия жана Германияда иштеген врачтардан онлайн кеңештерди уюштурду. Өткөрүлгөн вебинарлар медиада кеңири чагылдырылып турду.

Азыркы кезде Онлайн Университети жаңы окуу жылына даярдануу боюнча кеңири иш-чараларды пландап жатат. Ошондуктан бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташып, өз салымын кошууга даяр.

Онлайн университет порталынын миңден ашык катталуучулары, Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн Кеңештин курамына платформасынын негиздөөчүсү Элира Турдубаеваны жана Дүйшөн Шаматовду сунуштайт. Элира Турдубаева PhD даражасына ээ, кыргыз, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт, эл аралык журналдарда көптөгөн макалалары чыккан, билим берүү жана медиа эксперти. Ал эми Дүйшөн Шаматов Кыргызстандагы билим берүү боюнча эң абройлуу эксперттердин бири. Докторлук ишин (PhD) Канадада жактаган жана ушул күнгө чейин билим берүү боюнча көптөгөн семинарлады уюштуруп жүрөт.

Сизди сунушубузду кабыл алып, кызматташууга кол сунат деп бекем ишенебиз.

Урматыбыз менен,

Онлайн Университетинин демилгечилер тобу Онлайн Университетинин Эксперттери Онлайн университетинин мугалимдерден турган мүчөлөрү

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс