Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Аналитика / Жаңы жомок

Жаңы жомок

Бу айкөлдүн урпактары өз бактысын билбеген калк, шайтан алгыр! Бу калк түтүнү сайын ырчы, түтүнү сайын жазуучу. Бир боз үйдүн жасалгасын жарым күн ырдаган жомокчулар алмустактан бери ушул гана элден чыкты бул ааламда.

Ырчы, чоорчу, кыякчы, ооз комузчу, акын, төкмө, куудул, санжырачы, сынчы, даанышман, чечендердин нечени чыккан. Бул элден Горбач заманынын соңу, Акай доорунун башында бир элде жок талант чыкты. Аты да кызык экен бу таланттын! Жаныбекем Жаныжок. Жаны жок, бирок ошол эле маалда бекем экен бу кишинин жаны.
Кылым кыргыз укпаган өнөрдү баштады бу киши. Кыргызда «сагыз» болбогон, кыргыздын катыны «сагызды» билбегендиктен чуурутуп 15 ке чейин тууй берген, ошондуктан бу кыкеңдерге «сагыздын» түрүн үйрөтөм. «Жок, дешти кыргыздар Жаныбекем Жаныжокко, — Кыргыздар «сагыздын» атасын таанытышкан. Жетимиш, Сексенбай, Токсонбай, Жүзбайлар кайдан туулмак кыргыздар «сагызды» билишпесе. «Жок, — деди Жаныжок, мен билгенди силер билбейсиңер. «Сагыздан» бу кыргыздарың кылымдап артта калып кетиптир, туй, ата! Мен эми силерди бу «сагыз» жагынан агартам, көгөртөм. «Сагыздын» американский, французский, итальянский, кытайский, деги койчу, бардык түрүн үйрөтөм. «Боорсок» деген гезит ачам. Илибой тамга тааныган кыргыз окуса түшүнөт бу «Боорсокту». Ошентип «Боорсок» гезити чыгып кетти. Ээгинен түгү жаңы кеткен боз улан, көкүрөгү жаңы борсойгон кыз, кыл мурут жигит, келин-кесек, жубан, жесир, үй-бүлөлүү, үй-бүлөсүз аял-эркектин, кемпир-чалдын эрмеги болду «Боорсок» гезити. «Боорсок» гезити элди «сагызга» алеки саатта үйрөттү: кимден боюна бүткөнүн билбеген кыз-келин, котонжара, балакет менен ооруган улан-кыз көбөйдү. Кыздардын этек-жеңи кыскарды, балдардын ычкыры бошоду. Келин кайнатасына этегин ачты… Бишкек, Ошто «Москеңеш», «Цирк», «Домбыт» деген жерлерде «келин базар, кыз базар» кадимкидей күн-түнү иштеп, бу шумдукка таң калган элдин Алласы оозунан түштү. «Боорсок» үйрөткөн «Сагыз» өнөрү элди балээге кабылтмай болду. Түбү уңгулуу эл экен: аксакалы, көксакалы, молдо-имамы биригип атып, «Боорсок» гезитин жаап тынышты.
Жаныбекем «бу «сагыз» дегениң түбөлүк тема, кыргыздарды агартпасам болбойт деп, «Дүйшөмбү» деген гезит ачты. Мунусу да шайтан оозуна түкүргөн гезит болуп, жалбырттаган оттой тез тарады. «Сагыз» менен заниматься этет элем, мындай аял керек, тигиндей эркек керек. Эри жок эле төрөп алсам болот эле дегендер көбөйдү…
Аксакал, көксакал, селдесен чубалткан молдо-имам кайра ызы-чуу түшүп жатып, «сагызды» үйрөткөн «Дүйшөмбү» гезитин кайра жаптырышты.
Жаныбекем Жаныжок жөн жүралбай «Мидиштин кодолек китеби», «Чыкендин дамалары» деген китептерди чыгарып, калайык калк тааныган белгилүү бир нече кишилердин төшөгүн ачты. Аял-эркек темасы кирешелүү тармак белем, Жаныжок башка кесиптештериндей тишинин кирин сорбой түзүк жашады.
Бир күнү Жаныжокко «озарение» — нурдануу келди. Тим эле уктап турса пайгамбар болуп калган Буддадай арууланып, адамдарды жакшылыкка чакырып калгысы келип калыптыр бир күнү. «Бу Жаныжок эми эмне болот, монастырга кетеби, же зикир чалып дубанага айланабы» деп калды оозун ачкан калайык. Жаныжоктун жаңы образы деле эл көңүлүнө көп отурбай калгансыды. Жаңы дин алып келдим, ал Сейтек дини. Мен ошол Сейтек дининин –дин жарчысымын деп жар салды Жаныбекем Жаныжок. Аалымдар, окумуштуулар менен талашып-тартышып, гезит беттерине үзүктөй-үзүктөй материалдарды жарыялап, Жаныжок элдин эрмегине айланды. Бул «пайгамбарчылыгы» деле кызыгы кетти белем, анысын тез эле унутуп, «сайт» жасап, гезиттерди сааган өнөр тапты. Мобилдик байланыштын үзүрүн ушул Жаныжок көрдү. «Эчкибаевдин «сагыз» иши керекпи, бажалуста, бирдик ыргыт, телефонуна түшөт. Бу материал керекпи, бажалуста, бирдик ыргыт, почтана кемпир шабдаалы жегенче түшөт. Макалаң барбы, пожалуста, жарыяланат. Жаныжок мында бир жыргады.
Кытайдын кызыл-тазыл принтери Жаныжоктун багын ачып жиберди. Өңчөй базарчылар окучу «Дубаланган келин», «Зектин махабаты», «Министрдин махабаты», «Сага өлүм апкелем» ж.б. түркүн түрдүү шумдукту жазган китептерди шуулдатып басты. «Оозуң гана?» десе, мурдун көрсөткөндөр деле китеп чыгарып, аптарыкат күтүп, 700 сомдук костюм-шым кийип, жазуучу болуп калышты.
Ал ортодо айкөлдүн урпактары тентиди, тозду. Бири кетти Эренге, бири түштү тереңге. Бири кетти Каңгайга, бири кетти Алтайга». «Баш-аякты жыйнайлы, төгүлдүк-чачылдык, чарпылдык, курсак тоюнар, Манастан калган тилибиз, дилибиз кор болду. Кыймыл түзүп тилди коргойлу» деп фин тарапка ооп кеткен Асыранды ага тилди асыроонун ал-жайын ортого салды жөргөмүш желеси аркылуу. Бири Каңгайдан үн катты, бири Алтайдан үн катты, бири Оштон үн катты, бири төштөн үн катты. Ошентип ата-бабабыз көчмөн болуп, жоо чапкан, биз деле «Көчмөн» бололу деп кыймыл түзүшүп, ант ичишти. Арманын, күйүтүн, сүйүнүчүн, кайгысын, тилин, дилин жазышып, ал жазганы бир китеп болуптур.
Ал ортодо Жаныжок ушунун баарын китеп кылалы, китепти өзүм басайын деп шымаланып турганы. Ийри отуруп, түз кеңешип, бири Эренден үн кошуп, бири тереңден үн кошуп жатып ал китеп чыкканы «Кыргыздын бети жапжалпак» деген ат менен. Бет ачарын кылышып, Ала-Тоодой эт болбосо да, ырымын кылып, конок чакырып, бир арман ай, автору Асыранды ага жол алыстан келе албай турду жөргөмүш желе аркылуу кабар алып.
Аңгыча ал китепти мурун ушул короодо жүргөн, акыркы жылдарда молдочалыш болуп кеткен Нуртай көрө калып, китебиңер укмуш чыгыптыр, сүрөттөрүңөрдү көрүп, үйдө калган иттер улуп жиберди силерди сагынганынан дей салганы. Ал оюн жөргөмүш желесине иле салганы.
Ошондон бери Жаныжокто уйку жок. Сөз айткандын баарына ырахматын айтып, ыраазылыгын бүтүрө албай, оозу жыйылбай калды. Жөргөмүш желе да чарчады, көчмөндөр да чарчады Жаныжоктун ыраазылык билдирүүлөрүнөн. Ал ортодо жалаң сүйүү менен өбүшүүнү жазган акын кыз Сарыжаркын Жаныжак экөө бирин-бири өлө «сүйүп калганы». Эки күн, эки түн тынбай бири-бирине «сүйүү каттарын» жөргөмүш желеден ыргытып жатканы элдин эсин оодарды.
Ал аңгыча бир чал пайда болду кайдан-жайдан экени белгисиз. «Бу Жаныжок өмүрүнүн көбүн элим-жерим деп өткөрүптүр. Кыргызга «сагыз» менен заниматься эткенди үйрөтүптүр. Сейтек дин ойлоп тааптыр. Нечен жазуучунун багын ачыптыр. Давай, ушуга чылк алтындан болбосо да, сырты калайдан, ичин топуракка толтуруп, эстелик орнотуп койбойлубу дей салды. Жөлөмүш желеси жымжырт… Калайык жымжырт.
«Жок» деди ал ортодон мойнуна крест тагынган, бети жапжалпак, буту майрык бир жигит. Жаныбек бир тууганым тууралуу китеп жазалы. «Туура» — деп ызы-чуу түшүп кетти анда чогулган акын-жазуучу, драматург, котормочу, сценарист. Мен түкүнчө бет макала берейин, мен эссе берейин, мен очерк берейин, мен эскерүү берейин деген үндөр чуулдап кетти.
«Жок!» — деди Жаныжок. Азыр иттин уулу Байгара деле өзү жөнүндө китеп чыгарып жатат. Давайте, көзүм тирүүмдө эле бир эстелик тургузгула айкөлдүн урпактары экениңер чын болсо! Калайык калк дуу деди. Баягы капыс пайда болгон чал алакан жайып бата тилеп жиберди. Эл мал жайлоодон түшкөндө тапкан-ташыганыбызды ортого кошолу. Сен, Жаныжок, скульптор Тургунбек Сыдык аксакалга жөнө өз айкелиңдин эскизин чийдирмекке деп тарап кетишти.
Бактыдан башы айланган Жаныжок өз эстелигинин ачылып жатканын, Ажо кемшеңдеп ыйлап сөз сүйлөп жатканын элестетип жатты.
Өзү жөнүндө китеп чыкканы көз алдына тартылды. Филармонияда бет ачар болуп, котологон эле автограф сурап турушат. Аркар келбет, узун бут кыздар гүл берип жатышат…
Эстелик болуп турганы оюна келди кайра. Эстелик болгондо эмне, башыңа карга чычып. Анан эртең бу исламчылар бийликке келсе, эстелигиңди кулатары айдан ачык.
Кой, мен жөнүнө китеп чыкса чыксын. Анын үстүнө өзүм даярдап, редакциялап, версткалап, өз басмаканаман чыгарып… пайданын баары мында экен!
«Эй, калайык, токто… Токто…» деп кыйкырган Жаныбекем Жаныжок кепкасынын маңдайы шамалга оодарылып, жүзүн жапканына карабай далдаңдап чуркап баратты…

Нургазы Мусаев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс