Суббота , 5-Декабрь 2020
Башкы бет / Видео / Эрдоган Айя София жөнүндө 9 тилде ырдалган видеосун жарыялады

Эрдоган Айя София жөнүндө 9 тилде ырдалган видеосун жарыялады

Түркиянын президенти мусулман өлкөлөрүнүн ар кандай тилде ырдаган Айя София жөнүндө ырларын Твиттеринде бөлүштү.

Islam Today агенттигинин маалыматына ылайык, бул музыкалык видеодо ар кандай мусулман өлкөлөрүнүн аткаруучулары бар. Алар ар бири ырдын бир бөлүгүн өз тилинде аткарышат. Колдонулган тилдер: босния, кыргыз, араб, албан, азери, суахили, бенгал, күрт жана түрк.

«Айя София, бороон-чапкындан жана ысык күндөн биз көлөкөңдө жашынабыз. Эч тартынбастан алдыңда турабыз жана сиз Фатихтын неберелери менен сыймыктанасыз (1453-жылы Стамбулду багындырган II Султан Мехмет)», — деп айтышат ар башка өлкөлөрдүн ырчылары.
Айя София, сен таш эмессиң, биз сенин атыңды дүйнө жүзү боюнча даңазалайбыз. Бири-бирибизди сагынабы”,- деп ырдашат ырчылар кезек кезеги менен.
Белгилей кетсек, 10-июлда Түркиянын Мамлекеттик Кеңеши Айя Софияны музейге айландыруу жөнүндө 1934-жылдагы чечимин жокко чыгарган.
Эске салсак, бул чечимден соң, Түркия президенти чиркөөнү мечитке айлантуу жана ошол жерде мусулмандардын ибадат сыйынууларын баштоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

https://twitter.com/RTErdogan/status/1285909243682598916

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс