Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Досье / ДАНИЯР ТОКТОБОЛОТОВ : “МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ КЫРГЫЗСТАНГА АЖО БОЛСО , МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ КАНДАЙ КӨРӨМ :

ДАНИЯР ТОКТОБОЛОТОВ : “МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ КЫРГЫЗСТАНГА АЖО БОЛСО , МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ КАНДАЙ КӨРӨМ :

— Ызы чуусу бүтпөгөн чек-араларыбыз такталып ал жерде жашаган элдерибиз эн жакшы жашайт.
— Илгерки мамлекет боюнча таланып тонолгон балдар лагерлери СССР мезгилиндегией ордуна келет.
— Мамлекетибиздеги козу карындай жайнаган сабатсыз ЖОЖдорубуз азайып билим деңгеели ордуна келет.
— Бийлик тарабынан заказ болуп абакта күнөөсүз олтурган жарандарыбыз чыгат.
— Элдин, мамлекеттин кызанасына кол салып акчасын уурдап кеткендерди кайра алып келип кустурат. Ар жылы алмаша берген премьер министр, МВД, ГКНБ, Коргоо министрлиги жана башка министрликте иштеген адамдар кеми дегенде бир ордунда 7-8 жыл иштейт. Себеби: Мадумаров баарын электен өткөрүп туруп дайындайт.
— Апасынын койнуна качып кирип, армияга барбай койгон жигиттерибиз азайат. Демек улутубуздун ден соолугуну бекем, чек араларыбыз бек болот.
— Милицияда, армияда кызмат кылуу сыймыктуу болот.
— Мамлекет боюнча мектептеги окуучулар дын кийим кечеси окшош болот.
— Сот системасына болгон элдин ишеними калыбына келет.
— Саламаттык сактоо системасы өзгөрүп, баш мыйзамда жазылгандай ооруканаларыбыз көп жагынан бекер болот.
— Мамлекетте элди жардылыка турткөн 22 банк эмес, банктардын саны азайып, калган банктар элге жардам кыла турган болот.
— Озгөн районундагы Кара-Шоро жайлоосу, Ноокат р-н Апшыр Ата, Кара-Кой, Нарын облусундагы Соң-Көл, Чүй облусундагы Арча-Арча, Талас обл. Манас- Ата күмбөзү, Жалал-Абад обл. Сары челек, Падыш-Ата эң негизгиси болуп көзгө басаар болгон керемет ЫССЫК-КӨЛҮБҮЗдүн ж.б.у.с. кооз жерлерибиздин жолдору оңдолуп түзөлүп, кооздолуп туризм тармагы өзгөрөт!
— Эшигин көрүп төрүнө өт деген Кыргыздын керемет сөзү бар, мамлекетибиздин кире бериштери болгон бажы тосмолорубуздун имараттары башка элден уялбагандай болуп кооздолот.
— балдарыбызга болгон жөлөк акчалар, өмүр бою мамлекет үчүн иштеп келген Ата Апаларыбыздын пенсиялары жогорулайт.
КАНТИП КЫЛАТ ДЕГЕН СУРООГО БИР ЭЛЕ ЖООП.
АЛ ИНСАНДЫН КОЛУНАН КЕЛЕТ!!! “

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс