Четверг , 29-Октябрь 2020
Башкы бет / Досье / ИИМ: Жети минут жетпей калды, ооруган адамды өмүрүн сактай албай калдым деген маалымат боюнча билдирүү.

ИИМ: Жети минут жетпей калды, ооруган адамды өмүрүн сактай албай калдым деген маалымат боюнча билдирүү.

Ал адам өлгөн эмес, кечээ Жоломан Карымшаков волонтерго ыраазычылыгын билдирди.
Аталган окуя соцтүйүндөрдө жарыялангандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо жайын текшерүү максатында жана ал кайсы ооруканада кабыл албай койгондугун текшерүү максатында фактыны кылмыштарды жана жоруктарды каттоонунун бирдиктүү Реестрине каттап ыкчам иликтөө иш чараларын баштаган.
Алдын ала иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө А.Мурзаева өз ыктыяры менен “Жаштар Демилге Борбору” коомдук уюмуна волонтер болуп иштеп жаткандыгын, анан 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс учун жоготуп жатат деген маалымат түшүп, ал жерге барышкан учурда отурган абалда бир адамды көрүшкөндүгүн жана дем алуусу кыйын болуп жаткандыктан аны түнкү стационарга алып барышкандыгын билдирген. Стационардагы врачтар бош орун жок экендигин билдиришкен, бирок убактылуу болсо дагы башка ооруканага жаткызганга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп тургулачы деген суранычтан улам, врачтар макул болуп ал адамды стационардын ичине алып кирип кетишкен.
Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационардагы иштеген дарыгерлердин бири, силер алып келген адамдын жүрөгү токтоп, каза болуп калгандыгын билдирген. Ал адамдын кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда. Волонтерлор кетип калышкандан кийин тиги жаран кайрадан эсине келген. Иликтөө иш чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты. Ал тирүү эле экен, жердиги Ата Башы районунун тургуну, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендигин аныкталып, анын эч кандай каза болбогондугу аныкталды. Ат Башы районундагы туугандарына чейин анын өздүгүн тактоого туура келди. Жоломан Карымшаковдун өзүнүн айтуусунда: “2020-жылдын 16-июль күнү саат болжол менен 22:00 чамасында мас абалда жүрүп, кан басымым көтөрүлүп Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунан жолдо жатып калдым, анан мени волонтерлор өздөрүнүн машинасына салып ооруканага алып жөнөштү. Жолдо келе жатканда өзүмдү бир жоготуп, бир өзүмө келип машинада бара жаткандыгымды сезип, машинадагы бир кызды карап, «Менин кызымдай болгон кыз экенсин, мен кызымды жакшы көрөмүн, эгерде мен өлүп калсам, кызыма айтып койчу атаң сени жакшы көрөт деп» айтып өзүн кайрадан жоготуп койгондугун билдирген. Анан бир убакта көзүн ачса ага капельница коюп коюшкандыгын, ошондо өзүн больницада жатканын билип, капельница бүткөндөн кийин ал жактагы медициналык кызматкерлердин уруксааты менен үйүнө кетип калдым, деди Жоломан Карымшаков. Каза болду деген маалымат туура эмес экендигин жана азыркы учурда абалы жакшы экендигин билдирди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча, тергөө амалдары аяктап, иш кыскаруунун алдында турат.
ИИМдин Басма Сөз кызматы.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс