Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Аналитика / КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУ БОЮНЧА…

КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУ БОЮНЧА…

Сооронбай Жээнбеков 17-июлдагы транспорт министри менен кеңешмесинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун абадай зарыл деп атады. Ал пандемия учурунда Кыргызстандын дээрлик транспорттук блокадада калганын эске салды (Казакстан жолду жаап, Россия жетектеген Евразия экономикалык биримдиги ага чара көрбөй койгону эске келет).

Абадай керек болгон темир жол жөнүндө сөз болгондо, анын артында айтылбаган сөздөр калып жатат. Мына ошол нерселер ачык айтылып, Кыргызстанда бул маселе боюнча улуттук консенсус жаралыш керек.

1) Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жөнүндө сөз кылганда кайсы багытты көңүлгө алып жатат? Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн темир жол менен туташтырууга негиз сала турган Торугарт аркылуу өтүүчү жолдубу же Кытай жана Өзбекстан үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу Эркештам аркылуу өтүүчү темир жол багыты жөнүндө сөз болуп жатабы? (Кытай менен Өзбекстан бул жолду иш жүзүндө ишке ашырып алышты. Алар Кытай-Кыргызстан чек арасына поезд менен келген жүктү Өзбекстанга чейин Кыргызстан аймагынан автоунаалар менен ташууну чечкен. Өзбекстан жеринен кайрадан темир жолго жүктөлөт.)

Бул багыттар ачык айтылып, эл баарынан кабардар болуш керек. Бул долбоорду аткарууда улуттук консенсус табылыш керек. Эл менен бийликтин биримдигин камсыз кылмайын, бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүн эмес. Анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорго каршы өтө кубаттуу геосаясий күчтөр, мамлекеттер турат.
1)Кошмо Штаттар Кытайдын ар кандай долбоорлоруна каршы. Эки ири мамлекет абдан катуу атаандашып, кырчылдашып турган убагы. Ошол себептен АКШ Кытай долбоорлорунун ишке ашпашына кызыкдар. Ошондуктан бул долбоорго АКШ баш болгон батыштан сөзсүз каршылык жасалат. Атайын кызматтар жөн жатпайт. Керек болсо чагымдар уюштурулат.

2) Россиянын да бул долбоорго көзү түз эмес. Ал бери дегенде долбоорду өз көзөмөлүнө алгысы келет. Ошондуктан Москва Кыргызстан темир жолдору ишканасына кызыгып келет. Коомчулуктун каршылыгына байланыштуу расмий Бишкек Кыргыз темир жолдорун Россия колуна тапшырууга даабай, маалкатып келатат. Азыркы кезде кыргыз бийлиги менен орус бийлигинин мамилесинин сууп баратышынын бир себеби да ушул жакта жаткансыйт.

3) Казакстан да Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун ишке ашуусун каалабайт. Астана Кытайдын транзиттик жүгү Казакстан аркылуу гана өтүшүнө кызыкдар. Бул түшүнүктүү.
5)Кытай жана Өзбекстан үчүн Эркештам аркылуу өтө турган Кашкар-Ош-Ташкент багыты ыңгайлуу. Анткени бул эң кыска жана каражатты аз талап кылган багыт.
Кыргызстан үчүн болсо Торугарт аркылуу өтүүчү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу улуттук кызыкчылыкка туура келет. Анткени ал республиканын түндүгү менен түштүгүн темир жол менен байланышына негиз салат.

Кыргызстан бийлиги бул маселеде эл менен ачык сүйлөшүп, улуттук консенсус табылыш керек. Мына ошондо гана аны турмушка ашыруу мүмкүн. Ансыз ар кандай геосаясий күчтөрдүн кысымына, пропагандалык согушуна туруштук берүү кыйын. Өзгөчө бытыранды болгон, улуттук кызыкчылыкты дурустап баалай албаган Кыргызстан бийлигиндеги азыркы чалагайым элитасы менен…

Aidanbek Akmatov
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс