Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Аналитика / Эл сүйүүсүнө ушунчалык ээ болгон инсанды кыргыз арасынан мен жолуктура элекмин, мындан ары жолуктурарым да белгисиз…

Эл сүйүүсүнө ушунчалык ээ болгон инсанды кыргыз арасынан мен жолуктура элекмин, мындан ары жолуктурарым да белгисиз…

Апендилигименби, же кесиптик адаттан уламбы, турмушумда көп адамдар менен кезигем, баарлашам, кээ бирлери менен аябай жакын болуп достошуп кетем. Кээде бүтүндөй күндөрүм башкалардын ишин бүтүрүп берейин, жардам берейин деп өтүп кетет.

Чубак ажынын даңазасын ал Меккеде окуп жүргөндө эле уктум. Ал Саудияда студент экен. Бул жакта муфтияттын Уламалар Кеңешине студент Чубак Жалиловду мүчөлүккө алуу демилгеси көтөрүлдү. Азыркы Аалымдар Кеңеши анда Уламалар Кеңеши деп аталчу. Улама сөзүн анда көбү түшүнчү эмес. Бир жолу чоң журналист досум Абдувахаб Мониев Олуялар Кеңеши деп жазып салыптыр гезитке. Кокуй, Кыргызстанда ушунча олуя болсо, барып кол берип калайын деп күлгөнүм эсимде. Ошентип студент Чубакты Уламалар Кеңешине мүчө кылабызбы, жокпу деген талкуунун аягы эмне менен бүткөнү эсимде жок. Анда Жамал Фронтбек кызы күйөөгө тие элек кез. Ислам институтунда окуп жүргөндө Чубак ажы менен сүйлөшчү имиш, ошондо эле тийип алса, булардан эмне деген илимдүү балдар туулмак деп калышчу.
Чубак ажынын Саудиядан университетти бүтүп келүүсү менен Кыргызстандагы ислам дининин таралуусунда жаңы доор башталды десек болот. Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнү, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан үчүн Чубак ажынын чыгуусу жаңы дем, жаңы күч болду.
Бизде молдодой кыйналган бир да адам болбойт. Чет жактан 10 жылдап бүтүп келген дипломуң Кыргызстанга жарабайт, сени кош колдоп тосуп алган, жумуш берген адам деле болбойт. Тескерисинче, илимдүү балдар келсе, мечиттеги имамчылыгымды тартып алат, ишимди тартып алат, жаназага чакырылбай калам, никеге чакырылбай калам деп эски молдолор түзүк эле “тепкилешет”. Чубак ажы деле ошол тагдырды баштан кечирди. Жарыбаган айлык менен (3000 сом болсо керек эле) муфтияттын фатфа бөлүмүн жетектеп, элдин эң оор маселелерин чечип отурду. Биздин эл молдо менен табыпка кризистик чекке жетип, андан начар болбой калганда гана барат. Диний гезитке баш редактор болуп жүрүп, миң түркүн элди көрдүм. Редакцияга: “Эмнеге эле пайгамбар деп кыйнала беребиз, өзүбүз эле арабыздан пайгамбар шайлап албайлыбы; кайсынысы чоң Кудай: Аллабы, Мухаммедби; Аялыма миң талак берип салдым, эми эмне болот” деген сыяктуу төбө чачты тик тургузган суроолор да келчү. Чубак ажыга да андан кем калбаган маселелер менен элдер кайрылчу. Ошонун баарына жооп берип, алардын терс энергетика, негативин жутуп отуруунун өзү эрдик.
Чубак ажы муфтий катары өтө чоң иш кылып кетти. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан ажылыкты уюштурууну муфтиятка өткөрүп алууда эбегейсиз эмгек сиңирди. Бул жараяндын кара жумушун Базарбай Темишов, Бакыт Нурдинов, Акин Токталиев, ЖК депутаттары, аппарат кызматкерлери жасады. Жогорку Кеңешке келгенде Чубак ажынын авторитети менен мыйзам өтүп кетти. “Мен баарыңыздардын муфтийимин, Спикердин да муфтийимин, гана баарыңар кол көтөргүлө, ручкаларды койгула, дуба кылабыз”, — дегенде Жогорку Кеңеш дуу жарыла бата тилеп, мыйзам өтүп кеткени көз алдымда турат.
Чубак ажы алгач Кой-Таш айылында жашап жүрдү. Анан ал үйүн сатып, “Көк-Жар” жаңы конушунан бүтө элек там сатып алат. Ал учурда муфтийликтен да кетип, жумушсуз, күнүмдүк каражатсыз жүрүп калган. Ал кезде мен “Замандаш” партиясынын Борбордук Аппаратында коомдук уюмдар менен иштөө боюнча координатор болуп иштеп калган элем. Партия төрагасы Эмил Өмүракунов Чубак ажыга жакшы стипендия берип турду. Үйүнүн ремонту жок, суук экен. 30 миң доллар коротуп, үйүн толук ремонттотуп берди. Аны Эмил байкеге жакын бир-эки адам гана билбесе, эч кимге деле айтылбады бул иш. Чубак ажыга чалып: “Ажым, кандай жүрөсүз десем, “Элдүү түлкү ачтан өлбөйт” таксырым деп аябай күлдүрдү эле. Көрсө, биздин шефтен стипендия алып, үйүнүн ремонту да бүтүп, ажыкем көңүлү жайдары жүргөн экен.
Эмил байкенин аалымдарга чай бермей, стипендия бермей адаты бар эле. Мен канча жолу чай уюштурдум. Болгондо да шаардын эң мыкты ресторандарына чай берер элек.
Эмил байке элге миллиондогон кайрымдуулук кылды, ошолордун баары сооп болуп жазылгандыр. Айрыкча, Чубак ажыга, жетим-жесирлерге кыйын күндө кылган жардамдары эсепсиз сооп болуп жазылып, Акыр Кыяматта саябан болоорунан кымындай шегим жок. Муну неге жазды деп балким Эмил байке, элдер капа болор. Бирок мен меценатчылык, болгондо да аалымдарды колдоо салтынын үзүлбөй уланып келе жатканын, мындан келди: эл ичинде диний тарбия, ислам баалуулуктары сүзүлсө да үзүлбөй келе жаткандыгын, бул иште Эмил байкедей азаматтарыбыз бар экендигин жар салып айткым келет.
Ажыкемдин кыска өмүрү бүтүндөй илим алууга, ошол илимди элге таратууга арналды. Ал илим бир адамдын гана жанын багар, бир нече адамга гана пайдасы тиер илим эмес, миңдеген адамдардын турмушуна жакшы бурулуш жасаган, бу жашоодо өлөр өлгүчө шам чырак болуп, тиги дүйнөдө да жөлөк болоор, керек болор Аллах Тааланын Өзүнүн илими. Мындай тагдыр миңден бирине, балким миллиондон бирине гана Алланын Өзү берген белек болсо керек. Аалым болуу, демек Пайгамбарга мураскор болуу аз гана адамдардын шыбагасына жазылган улуу Бакыт болсо керек. Ошол Бакытты Жараткан Чубак ажыга кенен берген экен.
Конгон жери мазардай, жүргөн жери базардай шатыра-шатман, кадыр-барктуу, тилинде мөөрү бар, тонналап китеп окуган, кыйчалышта сөз тапкан, караңгыда көз тапкан Чубак ажыдай аалымдын дагы качан чыгары даркүмөн. Эл сүйүүсүнө ушунчалык ээ болгон инсанды кыргыз арасынан мен жолуктура элекмин, мындан ары жолуктурарым да белгисиз.
Муфтият салык төлөбөй калып, бийлик Чубак ажыны соттогону эч качан эсимден кетпейт. Ажыкем чайпала басып, ак калпагын, ак чепкенин кийип, эл алдына түшүп сотко жөнөйт. Артынан миңдеген адамдар ээрчийт. Билгенге өзүнчө эле чоң окуя болуп жатты. Сот узакка созулуп кетти. Бир жолу сотто Чубак ажынын жанында такай жүргөн Асан ажы: “Урматтуу сот! Чубак ажынын иши көп, анын ордуна мени эле соттогулачы, мен эле камалайын”, — дептир. Ушундай элдик сүйүүгө татыктуу дагы кимибиз бар?.. Сот органдары, Улуттук Коопсуздук Кызматынын кызматкерлери ажыкенин ишине тоскоол болуп, жүрөгүн сары зил кылып бүтүрүштү. Бир жолу бир кызматкер суракка чакырыптыр. “Камалат окшоймун, биротоло эле фувайка, кийим-кечек, матрацтарымды ала барайынбы”. – деп адвокат Акин байкеге чалат. Биз Акин байке экөөбүз отурганбыз. Атактуу адвокат аябай күлүп, шашкан боюнча кетти, тергөөчү бир нерсени мойнуна илип салат деп.
Сыртынан караганда Чубак ажы жыргап эле жашагандай сезилет. Бирок, ажыкемдин жашоосу бүтүндөй күрөш менен өттү. Ден соолугу начар болчу, эки күндүн биринде ооруп калар эле. Дин чөйрөсүндөгү түбөлүк бүтпөс интригалар, светтик экстремисттердин, теңирчилердин чектен ашкан кордоолору, дин душмандарынын эзели бутпөс каршылыктары ажыкемдин назик көңүлүн бырчалап сындырып отурду, ден соолугун митедей сорду. Миңдеген адамдардын көңүл назарында болуу, жөн гана назарында болбой, аларга жол көрсөтүү, аларга рухий жол башчы болуу оңой жүк эмес. Дүйнөнү түрө кыдырып, кыргыз чогулган жердин баарына барып, сабак өттү. Бул да оңой эмес.
Чубак ажы кыска өмүрүндө эбегейсиз көп иштеп, тоодой мурас калтырды. Өлгөндөн кийин устазым эле деп чыктык көбүбүз. Чубак ажыга шакирт болуу деген ооз учунда айтылчу оңой-олтоң вазийпа болбосо керек. Анын китептерин окуу, видео сабактарын угуу, ага амал кылуу, элибизди, коомубузду жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу – биздин Чубак ажыга шакирт болгонубуз ошол. Бул вазийпаны деле Кудай сүйгөн пенделер гана аткара алат.
Чубак ажым! Биздин элге Акыр Кыяматка чейин жетишпей тура берерсиз. Илимиңиз, чукугандай тапкан сөздөрүңүз, күлкүңүз,эч кимге окшобогон кылык-жоруктарыңыз, баладай байоолугуңуз, караңгыда жол көрсөткөн акыл-насааттарыңыз, барган жерине жарык чачкан жаркын нуруңуз… не дейин, бир башкача инсан элеңиз. Фейсбукта акыркы бөлүшкөн постуңуз казак жаранынын кыргыз элине суктанып жазган посту болуптур. Өмүр бою элиңизди сүйүп жашадыңыз, эл сизди сүйдү. Миллиарддаган долларларды коротуп да элдин сүйүүсүнө жете албай жүргөн пенделер канча? Эл сүйүүсүнө ээ болуу бу жарык жашоодогу эң чоң ийгилик болсо керек. Элдин сүйүүсү болсо, Кудайдын сүйүүсүз келбейт. Кудай сүйгөн пенде экенсиз, Өзү Сиздин даражаңызды көтөрүп, Өзү жанына алып кетти. Кудайдын ар бир кылганында жакшылык бар. Аны адам пенде билбейбиз…
Кош бол, улуу устат! Жаннат бактарынан бизди тосуп аласыз деп үмүт кылабыз.

Нургазы Мусаев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс