Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Кыргызстан / Мактаган келин маршурткада чүчкүрөт

Мактаган келин маршурткада чүчкүрөт

Кайсы учур болбосун кыйындыкка күлүп караган жакшы. Коронавируска байланыштуу калк ичинде айтыла баштаган тамашалардан:

• Эски дос эки метр алыстан сүйлөшөт.
• Аш жебесем таш жейин, арыраак отур кудагый.
• Берен жигит бет кабынан билинет.
• Бети жок жок болсо, беткапты каягына тагынмак эле.
• Кайсы тешигиңен киргенин билбейсиң, коронавируста бет деле жок экен.
• Мактаган келин маршурткада чүчкүрөт.
• Чакырылбаган конок – ооруну алып жүргөн ойрондон жаман.
• Сакалга жуккан вирус – өпкөгө өтөт.
•Үйдөн иштегенге кошунасынын Вайвайы кыз көрүнөт.
• Кудайга ишен, колуңду жууганды да унутпа.
• Убада кылган вакцинаны үч жыл күтөт.
• Бирөө иштейт, жетөө карантинди шылтоолоп катынынын койнунда.
• Көчөгө чыгып сулуу буттарыңа суктанткын келсе – бет кабыңды унутпа.
• Итирейген санитайзердин – иттей кымбаттыгын айт.
• Коронавируска ишенбей жатып – карантинде жасалгандардын баарын бүлдүрбөдүбү.
• Кашайгырдыкы, бардык жолдор Уханга алып барат экен.
• Корона дегениң шибегедей эле – каякка чүчкүрсөң ошол жакты тешип чыгат.
• Карантинде ат алмаштырбайт.
• Ат-аа, жеңиме эле чүчкүрөйүн дегем, мойнум кыска болуп жатпайбы.
• Өзүңдүн өлкөңдө болбогондон кийин, өзгөнүн вакцинасын мактап не кыласың.
• Виртуалдык дос – жаңы достун экөөсүнөн артык.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,

«Кыргыз Туусу»

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс