Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Досье / Кампаларда катылган дарылар Бабановдуку беле?

Кампаларда катылган дарылар Бабановдуку беле?

Акыркы күндөрү эл коронавирс менен пневмониядан көп каза болуп жаткан учурда дары саткан аптекалар бааны 4-5 эсе көбөйтүп сатып жаткандыгы көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө.Ал тургай ал кампаларда сакталган дарылар кимге тиешелүү экендиги да аталууда. Мындай шектенүүлөр белгилүү саясатчы Өмүрбек Бабановко карата да айтылгандыктан, анын социалдык тармактарга төмөндөгүдөй жообу жарыяланды:
Калп канчалык чоң болсо, ошончолук бат таркайт!

Кара пиарды жасоону токтот!
Андан көрө, муктаж болгондорго жардам бергиле!

Фейсбукта жана айрым сайттарда дары-дармек склады мага тиешелүү деген жалган маалыматты таркатып башташты.

Эмне үчүн минтип алдап жатасыңар?

Биздин доктурлар ар бир адамдын өмүрү үчүн, мекендештерибиз ар бир дем үчүн күрөшүп жатышканда, мындай кыянаттык менен калпты колдонууга болобу?

Социалдык тармактарда отурган жана жалган материалдарды бөлүшкөндөрдүн баарына мен айткым келет. Азыр адамдардын эмоциясын кыянаттык менен пайдаланган учур эмес! Азыр чындыкты айтыш керек!

Дары кампасы мага же менин туугандарыма таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок!

Таң калганым, каржы полициясы жана өкмөт бул кампалар кимге таандык экендигин эмнеге дароо ачык билдиришпейт? Көбүнчө алар тез эле аттарын аныкташат, эмне үчүн азыр унчугушпайт? Кимге таандык экенин расмий түрдө тезинен жарыя кылыштары керек, болбосо чоң суроолорду жаратып жатышат.

Склад да, бул дары-дармектер да мага же эжемдин компаниясына эч кандай таандык эмес! Бирок элге чыгарбай катып жатышкандыктан аларды конфискациялап, элибизге бекер таратуу керек!

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс