Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Кыргызстан / Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча мамлекеттик компаниялар жүргүзгөн иш-аракеттери жөнүндө

Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча мамлекеттик компаниялар жүргүзгөн иш-аракеттери жөнүндө

Урматтуу кыргызстандыктар, достор!

Республикабызда коронавирус пандемиясы менен түзүлгөн кырдаал ар бир жарандын жашоо турмушуна чоң таасирин тийгизди. Тактап айтканда ар бирибиз мындай көйгөйгө биринчи жолу жолугуп жана ага каршы ыкчам жана стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алууну талап кылган кырдаалды башыбыздан өткөрүүдөбүз.

Тилеке каршы коронавирус дүйнө боюнча өтө тез ылдамдыкта жайылып жатат, бирок биздин дарыгерлер бул илдетти ылдам жеңүү үчүн болгон күчүн жана мүмкүнчүлүгүн жумшоодо.

Республикадагы эпидемиялык абалдын кесепетинин жеңилдетүүгө өз күчтөрүн жумшаган жеке бизнес жана
жарандык активистер менен бир катар
мамлекеттик компаниялар да медициналык мекемелерге жана калктын аярлуу катмарына колдон келген жардамын жана колдоосун көрсөтүп жатат.

Бул вирус менен ата мекендик саламаттыкты сактоо системасынын күрөшүү кырдаалында мамлекеттик компаниялар четте калышкан жок.

Ошондуктан, Сиздердин көңүлүңүздөргө жасалып жаткан иш-аракеттердин ичинен маанилүүлөрүнө токтолуп кеткенге уруксаат бериңиздер.

Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал жарыяланган учурдан тартып мамлекеттик компаниялар акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтердин эсептерине которуп берди.

Ушуну менен бирге, мамлекеттик компаниялар акысыз байланыш, транспорт, медициналык кызматкерлерге жеке коргонуу каражаттарын, дезинфекциялоочу каражаттарды жергиликтүү органдарга өткөрүп жана
муктаждыктагы жарандардга азык-түлүк продуктуларын таратып беришти.

Ошентип, “Манас” эл аралык аэропорту керектүү жабдуулары менен камсыздалган 50 орундуу стационарды аэропорттун аймагындагы жайгашкан спорт залды кайра профилдөө боюнча чараларын кабыл алууда. Бир жуманын ичинде бул стационар орулууларды кабыл алып баштайт.

Кыргызнефтегаз Кочкор-Аташаарындаспорт зал жанаөз профилакториясынын базасында врачтарды тартуу менен керектүү жабдууларды жана медикаменттерди камсыздоо менен 100 орундуу станционарды уюштурду. Андан тышкары, Кыргызнефтегаз жакынкы убакытта Кочкор-Ата шаардык ооруканага ИВЛ аппараттарды жана Жалал-Абад областтык ооруканага кислороддук концентраторлорун алып берет.

Кыргызалтын боюнча айта кетсем, борбордукмедиктерге региондордон жардамга келишкен 65 дарыгерлерди тамак ашы менен жатаканасын камсыздады.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын алдындагы ооруканаcovid-19 жана пневмония оорусу менен ооруларды кабыл алууда.

“Айыл банк” кислороддук концентраторлорду жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алып Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берди.

Мындан тышкары, Айыл Банк коргонуу каражаттары жана медикаменттер түрүндө Санатбаев атындагы спорт мектеп имаратындагы 150 орундук күндүзгү станционарга жардам көрсөтөт.

РСК Банк, регионалдык ооруканаларга медициналык жабдууларды жана ИВЛ аппараттарын сатып алууга каражаттарды бөлүп берди.

Мегаком мобилдик оператору тарабынан медициналык кызматкерлерге, мектептердин мугалимдерине жана окуучуларына акысыз байланыш түрүндө жардам көрсөттү, ошондой эле
50 кислороддук концентраторлорду алып берди.

Жана ошондой эле 60 орундуу стационар бир жумалык мөөнөттө уюштурулат.

Кыргызтелекомкомпаниясы онлайн режимдеоорунун дартын эрте аныктоо, калкка консультация берүү үчүн 40 телефон аппараттары менен
“118” тынымсыз байланышын” уюштурду.

Видеоконференция режиминде кеңешмелерди уюштуруу үчүн Коронавирус менен күрөшүү боюнча штабга акысыз интернет берди.

Инфоком мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарындагы Кулатов көчөсүндөгү стационарды дары-дармектер менен бүгүнкү күндө камсыздоодо.

Мындан тышкары калкты тейлөө борборлорунда санитардык нормалар боюнча талаптар күчөтүлдү.

Андан тышкары, калган бардык мамлекеттик компаниялар өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүдө Өкмөткө жардам көрсөтүүнү улантууда.

Ушуларга байланыштуу, Мамлекеттик мүлк фондунун атыдан бардык мамлекеттик компанияларга жана өзгөчө медициналык кызматкерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем!

Ушуну менен бирге Өкмөткө мамлекеттик мүлктүн ижарага акысынан бошотуу боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түштү.

Буга байланыштуу Өкмөт тарабынан чечим кабыл алынып, анда иштебей турган мезгилде баланс кармоочу менен ижарага алуучунун ортосунда акт түзүлүп, ижара акысы алынбайт. Ошондой эле кийинки бир айдын ичинде ишин жандандыруу үчүн ижара акысы төлөнбөйт.

Сөзүмдүн аягында белгилеп кетчү нерсени айта кетейин. Улуу залкар инсаныбыз Исхак Раззаковдун айткан сөздөрү бар: “Мен ак болсом, сен ак болсоң, коом да таза болот”. Азыркы учурда дүйнөлүк пандемия жүрүп атканда мен айтат элем: “Мен беткап таксам, сен беткап таксаң, коом да сак болот!”
Баардыгыңыздар ден соолукта болуңуздар!

Терең урматоо менен, Жылдызбек Исакулов

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс