Суббота , 5-Декабрь 2020
Башкы бет / Досье / Хижама (кан алуу)

Хижама (кан алуу)

Хижама (кан алуу) — илгертен келе жаткан ыкма. Королдордун, падышалардын сарайларында сөзсүз кан алгычтар болгон. Орустардын «Сибирский цирюльник» деген эпохиалдуу фильми да бар эмеспи.

Ошол эле орустардын «Все, что новое, хорошо забытое прошлое» деген мааниси терең сөзү бар.
Кан алуу — биз билген жана билбеген канчалаган ооруларга даба болгон, расмий медицина күч алган соң унутула түшкөн ыкма.
Чубак ажы айткан десем, ишенерсиздер акыры. Ажыкем хижама жөнүндө көп айтты, кимден хижама жасатканынан бери айтып жүрдү.
Андан да башкысы бул пайгамбарыбыздан калган сүннөт. Пайгамбар айттыбы, демек, мында иш бар деп туруп эле, текшербей, бирөөлөрдөн сурабай туруп эле хижама жасата бергенибиз туура болот. Эң негизгиси гигиенаны сактаган, ык-билими бар адистерге жасатуу керек.
Мен өмүрүмдө 3 жолу хижама жасаттым.
Биринчи жолу Бакыт Капаровдукуна достор чогулуп, аял, бала-чака, айрым досторубуз токолдорунан бери алып барып, эрди-катын кан алгычтарга хижама жасаттырганбыз. Хижама алдыргандан кийин Бакыттын илхамы күчөп кетип, кан алдырганы барган сулуу кыз-келиндерге ыр арнап жиберип, байбичесинен катуу тил уккан. Экинчи жолу Новосибирск шаарында имам болуп иштеген кадимки чоң аалым, кыш чилдеде дарыядан чабак урган «морж» молдо Муратали Жумабайтегин арам канымды бир кашык калтырбай тазалап берген.
Кечээ Арча-Бешиктеги «Сеннамед» борборунан Бакыт деген чоң дарыгерден хижама жасаттым.
Үйгө жетип, өлүк, өлүк болуп уктаптырмын. Түшүмдө бирөөлөр суроо берип, ошого жооп таба албай эле таң атып кетчү. Анан колумда турган эле бир нерсе жоголуп кетип, кейип-кепчип таң атчү. Кээде-кээде баягы ырчылар ырдаган албарстылар басып, чачы менен муунта берчү.
Түндө түшүмдө эч ким суроо берген жок, өзүм да эч кимге суроо бербедим. Эчтеке жоготподум. Албарсты да келбеди.
«Сеннамеддеги» кыл жатпаган тазалык, рухий таптаза ауранын таасири тийди окшойт. Бардык жагынан өзүмдү жакшы сезип отурам. Бакыт кан алгыч 3 күн эс алыңыз деген. Ага болбой эле, «Жамалбектен дайын жок», «Көккөздүн 220 лык давлениеси кантти экен, кечээ чак түштө кум ташып аткан…», «Бейшекем кантти экен, жаңы кымыз келди бекен» деп тентигим келип турат…

Кыскасы, кан алдыргыла. Бирок адистерге гана.

Нургазы Мусаев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс