Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Досье / Кордайдан ары Раев ааламы башталат!

Кордайдан ары Раев ааламы башталат!

Заманыбыздын залкар драматургу, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев айтпай-дебей алтымышка чыгып калыптыр. Адатынча, карапайымдыгынан жазбай, 60 ка чыгып жатам, мааракемди белгилеп бергиле деп мамлекетке деле жүк артпаптыр.
Дайыма боло жүргөндөй, суткасына 16 саат иштеп, мамлекеттик жогорку кызматка да үлгүрүп, чыгармачылыкка да үлгүрүп, бир күн Нарында, бир күн Астанада, бир күн Европада, бир күн Азияда жүргөн чагы.
Илгери Омор Султанов Чыңгыз Айтматов тууралуу: «Биздин чыгармачылык Меркеден эле түгөнөт. Андан ары Айтматов ааламы башталат», — деген эмеспи.

Ошол сыңары, азыркы кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармачылыгы Кордайдан эле бүтөт. Андан ары Раев ааламы башталат десем, ашепке айткан болбостурмун. Дегеним, дүйнөлүк алкакта таанылып, чыгармалары эл аралык абройлуу сыйлыктарга татыктуу болуп жаткан жападан жалгыз жазуучубуз Султан Раев эле болуп жаткандай.

Султан Акимыч, «Чаң жолдон» башталып, «О, кыздарды», «Пусуну», «Күн кармаган баланы», «Ханышанын көз жашын», «Тайамамды», «Суфлерду», «Жанжазаны» элге тартуулаган чыгармачылык жолуңуз узак-узак болсун.
Антистандарт жашооңуз Сизге толтура сюрприздерди тартууласын.
Кутман курак кут болсун!

Нургазы Мусаев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс