чүрүп турушу керек эле. Бирок, андай ыкчам, сапаттуу иш алып бара турган адистер жок окшойт.
Президенттин ютуб каналындагы түнкү көз боёмочулук коомчулуктун кыжырын гана келтирүүдө. Себеби, президенттин кайрылуусуна болгон терс пикирлер 4 миңден ашып кеткен кезде, кайрылууну өчүрүп, кайрадан жүктөштү. Болгондо да, комментарий жазуу мүмкүнчүлүгүн чектеп коюшту. Ал эми жазып үлгүргөн комментарийлердин 99.9% нааразы маанайдагы, кээ бирде өтө орой жазылган. Модератор деген, мындай ыплас сөздөрдү иргеп, эрежени бузгандарды гана өПрезиденттин басма-сөз кызматы мындай шалаакы ишти аткаргандыгы үчүн жазаланышы керек.
Бул окуядан кийин, мен президенттин ютуб каналындагы контентти изилдеп көрдүм. Жакында эле ачылган окшойт, баш-аягы 10 эле видео жайгаштырылыптыр. Алардын да просмотр көрсөткүчү өтө аз. Бирок, болгону 6 миңден ашуун гана подписчиги бар каналдын акыркы видеого 4 миң терс (дизлайк) пикир калтырганы президентти катуу ойлондурбаса болбойт. Себеби, өлкө башы катары, рейтинги өтө түшүп кетти жана бул жерде өкмөт менен парламентти күнөөлөп коюп, абалдан чыгып кетүү мүмкүн эмес.
Урматтуу президент! Бул фиаско!