Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Дүйнө / Ирандагы килем түрүндө токулган Куран (фото)

Ирандагы килем түрүндө токулган Куран (фото)

Категория: Дин — Published: 09/07 — 16:50

Ирандагы “Сүйүү килеми” деп аталган килем түрүндө токулган Куран Ислам дүйнөсүнүн эң кооз уникалдуу килеми болуп саналат.

Жибек жана жүндөн килем түрүндө токулган уникалдуу Куран Ирандын Тебриз шаарынын Искусство университетинин алты кол өнөрчүсүнүн колунан жаралган. Бул Куран китебин жасоого 6 жыл кеткен, анын узундугу 75 сантиметр, туурасы 45 сантиментр. Ал 76 килемче-барактан турат, ага Курандын 152 бети токулган.

Китептеги араб жазууларынын тексттери сириялык белгилүү чебер Осман Тахинин каллиграфиялык колжазмасы менен жазылган. Китептин беттери эки тарапуу, башкача айтканда Курандын аяттары килем бетинин эки тарабына тең түшүрүлгөн. Ар бир барактын калыңдыгы 4 миллиметр.

Килемди боё үчүн  бир гана табигый жана өсүмдүктөрдөн жасалган боектор колдонулган. Бул Куран-килем Тебриздин Ислам искусствосу университетинин ректору доктор Мохаммад-Али Кейнежаддын жетекчилиги астында токулган. Ал бул килемдин биринчи бөлүгүн Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеиге көрсөтүп, анын жактыруусуна ээ болуп, андан Курандын бүт текстин түшүрүү боюнча кеңеш алган.

Куран-килем акыр-аягы 2011-жылдын март айында толугу менен даяр болгон. Аны көрсөтүү иш-чарасы Ирандын рахбарынын катышуусунда өткөн. Өлкөнүн лидери бул  уникалдуу эмгекти “Фарш-е эшг” (Сүйүү килеми) деп атаган. Бул Куран-килемдин дүйнө жүзү боюнча аналогу жок. Килем Ирандан тышкары, Пакистан, Тажикстан, Малайзия, Түркия, Кувейт, Швеция жана Францияда дагы көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынган.

 

http://www.ca-irnews.com/kg/society-kg/religion-kg/90463-%D0%B8%D1%80%D0%B0%D0%BD%D0%B4%D0%B0%D0%B3%D1%8B-%D0%BA%

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс