Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Жаңылыктар / Кытайлык аалымдар кыргыз тарыхына арналган дагы бир китеп чыгарды

Кытайлык аалымдар кыргыз тарыхына арналган дагы бир китеп чыгарды

Өлкөбүздү каптаган апаатка, алты айдан бери маяна албаганыбызга карабай, кытайлык тарыхчылар менен кызматташуубузду жемиштүү улантып жатабыз. Өткөн жылы эки өлкө башчыларына тапшырылган жыйнакты да (эски кытай тилинен) каражат бөлүнбөсө да акырындап котортуп жатабыз. Кайсыл бир учурда мамлекет каражат берип калаар деген үмүт менен.

Бул эмгек жакында эле жарык көрдү. «Цин сулалеси мезгилиндеги буруттар» деп аталат. 1758-1864-жыл делгени менен андан мурунку жана кийинки кыргыздарга тийешелүү далай окуялар камтылган. Ал учурда кытай булактарында кыргыздар «буруттар» деп кездешээрин билесиздер. Китептин автору биздин өтүнүчүбүз менен бул китепте эмнелер камтылганы тууралуу 10 беттик макаласын жазып жиберди. Буюрса алгач макаланы, андан соң китепти котортуп, кыргызча чыгартып алсак, ал доордогу бир топ маалыматтар ачыкка чыкмакчы.

Айтмакчы, Пекин шаарында эмгектенип жатышкан кесиптештерибиз быйыл да жайында Кыргызстанга келип жаңылыктары менен бөлүшүп, биргелешкен илимий жыйын өткөрүп, кыдырып кетишмек. Бирок ааламды каптаган апааттан улам жай айына пландалган ишибиз кийинкиге жылдырылды.

Kyias Moldokasymov

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс