Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Досье / ЭРМЕН, КИЙИК ОТ

ЭРМЕН, КИЙИК ОТ

Эрмен (полынь) куурай чөптүн бири. Мал да жебейт муну. Бирок кээде кой, эчки жеп алган учур болот. Табийгый зарылчылыктан гана жешсе керек. Бирок андай малдын эти ачуулугунан жегенге жараксыз болуп калат. Уусу канына кирип, этине чыгып кетет дароо. Элибиз муну табийгый антисептик катары жер замандан пайдаланып келет. Толгон ооруга шыпаа. Жүндөн жасалган буюмдарга күбө түшүрбөс үчүн укмуш каражат. Эрменди кайнатып буусу менен дем алуу (ингаляция) өпкөнү да, дем алуу органдарын да тазалайт. Көк жөтөлдөн кантип арылганын Нургазы Мусаев досум жазып чыкты кечээ эле. Кийик от (тимьян) да толгон дартка шыпаа болчу өсүмдүк. Аты эле айтып тургандай, кайберендин тандап жеген азыгы. Адис болбогон соң баарын майдалап айтып олтурбайын. Бир гана нерсе талашсыз. Ыгы менен колдоно билсек баасы асмандагы, пайдасынан зыяны көп сансыз химиялык дары-дармекке альтернатива. Мына ушул эки чөптү «Айыл азыгына» алып келип, шаардык кардарга ылайыктап койдук. Кеңири бир пайдаланганга жетээри 10 сом дедик. Өтүмүнө жараша көлөмүн көбөйтүшүбүз мүмкүн. Кеткен эмгекти өп-чап актаса эле болду. Максатыбыз ушул иш менен улам көп киши алек болуп, пайдасы көп элге тийсе деген гана тилек. Дарегибиз: Фрунзе, 605а, Жаш Гвардия менен кесилиште.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс