Пятница , 16-Апрель 2021
Башкы бет / Аналитика / COVID -19 вирусунун таасири астында пайда болгон оорууларды дарылоонун протоколу

COVID -19 вирусунун таасири астында пайда болгон оорууларды дарылоонун протоколу

Оо, раббим!!! Бул жазылган ишке амал кылуудан кимдир-бирөө пайда көрсө, анын сообун Кыяматта насип кыл!!! Врачтардын акыл-эсин ороп алган текеберчилик, көрө албастык менен ичи тардыктан, аларды арылт!!! Аларга хидоят берип, туура жолду көрсөт!!! Сен чынында Айкөлсүн!!! Даанышмансын!!!

Баарыңыздардын кабарыңар бар, айрыкча врачтардын пикирине ылайык, эгерде кишини короновирус жугуп, анын эң акыркы  пайда кылган патология – кишиде дем алуусу кыйындап отуруруп, өлүмгө учурап калаарын айтып жатышат. Мындай оор патологиялык кырдаал бейтапта кантип түзүлүп калаарын, аны кантип дарылоону колго алууну протокол түрүндө врачтарга жана коомчулукка жардам катары сунуш кылууну эп көрдүк. Мындай протокольдун иштелип чыгуусуна, биздин көп жылдык клиникалык тажрыйбабыз негиз болду.  Себеби, биздин клиникалык практикада мындай патологиялар ар бир 2-3 күндө учурайт. Сиздерге түшүнүктүү болуусу үчүн, эгерде вирусту жугузган кишиде медицинада пайдалануучу “хронический” же өнөкөт ооруулары менен жабыркап келген кишиде – ооруу кантип ырбап кетээрин көңүл бөлүп, анын күчөшү да өлүмгө алып бараарын эске алдык.COVID-19 вирусуну так аныктай турган тест дүйнөлүк медицинада иштелип чыга электигине байланыштуу, кишинин короновирус жукканы так аныкталбай туруп, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрүүдө. Көптөгөн өнөкөттүк ооруулар менен азап чеккендер да обсервацияга алынып калууда. Обсервацияга жана карантинге алынган шектүү кишилерде, андан сырткары да өнөкөттүк ооруулары бар бейтаптарда да кокусунан COVID-19 вирусу жуккан болсо, ал кишиде патологияларды пайда кыла баштаган болсо, кандай болоорунун симптомдору  кошо жазылды. Ушул симптомдору аркылуу, медициналык билимге ээ болбогон жарандар да, жанындагы киши же өзү короновируска чалдыкканын шектенүүгө негиз берет. Бул өз кезегинде, өз убактында медициналык текшерилүүдөн өтүүгө түртөт. Короновируска карата шектелип обсервацияга жана карантинге алынган кишилерде короновирустун бар же жок экенин тактап алууга жардамдашат деген – ишеничтебиз. Мындан сырткары COVID-19 вирусунун шектелип жаткан кишиде тест аркылуу аныктоодо жетишпестиктерди кошо түшүндүрө кетели.

Дагы бир маанилүү маселе пайдаланып жаткан чет өлкөлүк тестер гарантияланган диагнозду бере албаганында болууда. Анын себеби дээрлик бардык кишилердин мурун, ооз, тамак жана дем алуу жолдорунда короновирустан башка да  гриппа, парагриппа, аденовирусы, риновирусы, торовирус ж.б вирустар нормалдуу микрофлора катары жашап турат. Алардын ичинен COVID -19 вирус эмес, ушул короновирустук семейство кирген түрлөрундө да рекомбинанттык сыпатка ээ болгондор бар. Короновирустук семействонун рекомбинанттык мүнөзү – эң оболу геномдук (тукум куучулук) жактан жакын болгон түрлөрдүн штаммдарын өз ара кайчылашуу же рекомбинациялашсунан улам пайда болгон – мутация. Мына ушундай процесс жогоруда айтылган органдарда орун алып калып, анализдин жыйынтыгын – положительный чыгуусуна себебкер болот.

2-чи бир татаалдык же кыйынчылык кишидеги микрофлора катары жашаган короновирус менен COVID -19 нын ортосундага геномдук РНК бири-бири менен окшоштугу. Эки вирустун түрү тең геномдук РНК бир эле мезгилде м-РНК (матричный)  полимеразалык РНК синтези үчүн матрикстык кызмат аткаруусу. Синтезделген трансферразалык РНК ар бир трансляциясында полипротеиндик чынжырды кишинин клеткасындагы рибосомаларында синтездеп, полипептиддик капсуланы түзүугө жумшалат.  Геномдук РНК көп кызмат аткарууга ийкемдүу болуусу, анын РНК-сын оптикалык тыгыздык аркылуу аныктоодо кыйынчылыктарды менен коштолот. Себеби, керектүү жыштыктагы жарык нурларыны кеңири диапозондо жутуп калуусу же чагылдырбай коюусу мүмкүн.

3-чү кыйынчылык, бул  COVID -19 вирусу табияттагы короновирус менен рекомбинанттык мутация болгондуктан, анын геномдук РНК өзгөчөлүгү келип чыгат. Көрүнүп тургандай анын геномдук РНК генетикалык картасы иштеп чыгуу зарылдыгы алдыдыда турат. Эгерде генетиктер же гендик инженерлер COVID -19  геномдук РНК расшифировка кылууга жетишсе, анда аны курчап турган капсидди түзүп турган белоктун полипептиддик жана аны түзүп турган моноструктураларыны окуп чыгуу мүмкүнчүлүгу пайда болот. Бул дегени моноструктуранын белоктук чынжырында кайсы аминокислотанын кайталанышы көбүрөөк учурап калуусу билинсе, ошол аркылуу оптикалык тыгыздыгы жана анын электромагниттик толкунга карата жутуу жана чагылуу жыштыгынын чоңдуктары келип чыгат. Андан ары математикалык эсептердин алгоритимдери аркылуу компьютер эсептеп чыга берет.

4-чү кыйынчылык, бул COVID -19 вирусу табияттагы вирустардан өзгөчөлүгү рецептордук антигендердин активдүүлүгү жана кыймылдуулугу. Вирустун бул антигендери жөнүндө Сиздерге өткөндөгү постордо түшүндүрмө берилген. Мына ушул COVID -19 вирусунун спецификасы ИФА лык же сапаттык анализ жасоодо эске ала турган иш. Ал үчүн тиешелүү посев же башка методдорду жасап, окраска (эозан) аркылуу электрондук микроскоп аркылуу тактоо керек болот. Биз ойлойбуз, мына ушул COVID -19 вирусунун спецификасына  карата анализдерди жасоо гарантияланган диагноздорун коюуга мүмкүндүк берет деп ойлойбуз.

  1. Этиологиясы.Шектелип жаткан кишиде дем алдыруу органдарындагы өнөкөттүк ооруулары болсо, ооруу кандай өтөт? Бул суроого жооп берүүдө эске ала кете турган жагдай бар. Эгерде бейтап вирус жукканга чейин ооз көндөйүндө ангина, тонзиллит, фаррангит ж.б. ооруулары менен жапа чегип келген болсо, вирус ушул ооз көңдөйүндө өнөкөттүк ооруулардын негизинде жанданат. Ал эми бул ооруулардын дээрлик баары – инфекциялык мүнөзгө ээ. Эң негизги инфекциялар, стрептококк, стафилококк, энтерококк ж.б бактериялардын түрүнө кирген штаммдары, аденовирус, короновирус уруусуна киргендер, папиллома, Эпштейн-Барр вирустары, козу карынга кирген кандилоздук инфекция ж.б өнөкөттүк оорууну козгоочулары жана алып жүрүүчүлөрү болот. Көңүл бура турган нерсе, бул аталып кеткен инфекциялар, ооз жана мурун көңдөйлөрүндө жана тамактагы органдарда кээ бир адамдар үчүн нормалдуу микрофлора катары жашаса, кээ бирлеринде өнөкөттүк ооруунун козгоочу инфекция катары жашайт. Ошондуктан COVID-19 вирусу жуккан кишинин дем алуу жолунда аталган микроорганизмдер инфекциялык мүнөзгө өтүп, организмге өзүнө ылайык келген патологияларды пайда кылат.

Патологиялык симптомдору.Температуранын жана жөтөлдүн пайда болуусу, тамактын кургашы, дем алуудагы мурун, ооз көңдөйлөрүндөгү абанын өтүүдөгү кысылуу, моюн булчуңдарында лимфатикалык тамырлардын сезгенүүсү ж.б симптомдор.

Генезиси.Врачтарга белгилүү болгондой кишинин дем алуу жолундагы органдардын эпителийси бир нече катмарынан жана ар түрдүү клеткаларынан турат. Эпителийдин ар бир клеткасы жана катмарлары капиллярдык тамырлар жана клетка аралык суюктуктар менен капталып, балансташтырылган системадан турат. Жогоруда аталып өткөн инфекциялар эпителийди түзүп турган катмарды бузуп, аны түзүп турган клеткаларынын коргонуу системасын да кошо бузуп турат. Мисалы макрофагдар, иммундук системанын клеткалары гранулоциттер, базофилдер, Лангергенстик клеткалар СД4, СД8 ж.б.  жана алардын киллерлерини эпителийлик клеткаларды коргоо жөндөмдүүлүгүн тигил же бул шартта төмөндөткөн абалда болуусу, COVID -19 вирусунун эпителийнин клеткаларына тезирээк жайланышып алуусуна шарт түзүп берет. Эпителийилик клеткаларга жайгашкан вирус кандай тиричилик аракеттерди кылаарын өткөндөгү постордо баяндаганбыз. Андан ары жүрө турган процесстерди баяндайлы.

Таркалуусу. Эпителийлик клеткаларда жайгашкан COVID -19 вирусу, аларды өлтүрүп, алардын катмарын бузуп, клеткаларды нам же слизи менен кошо чүчкургөндө, жөтөлгөндө сыртка чыгат, эпителий слизи же нымы менен кызыл өңгөч, ашказанга карай, аба жолу менен өпкөгө карай тарала баштайт.

Патологиялык картинасы.COVID -19 вирусупайда болгонуна саналуу гана айлар болгондугунан бул инфекция кандай патологияларды пайда кылаары жөнүндө жетишээрлик изилдөөлөр жок экенин эске алайлы. Биздин көз карашыбызда вирус ооз, мурун көңдөйлөрүндө жана тамакта эң оболу белгилүү бир убакыт ичинде бейтаптын курч жана өнөкөт оорууларнын күчөшүнө алып келет. Мында бейтап тамак-моюнда талыган ооруунун симптомдору, фаррингит болсо, жеп жаткан тамакты жеп-жутканда кыйынчылыкты,  намдуу жөтөлдү, тилдин даам сезүусүн төмөндөшүнө, стоматит болсо, тилдин ишигенин, ангина болсо, миндалдын ишип кеткенин жана тез-тез температура болуусу, мурундун жыт сезүүсү төмөндөп кетүүсү, мурундан тез-тез суюктуктун агуусу жана тез-тез чүчкүрүү.

Диагностикасы. Жогорудагы патологиялык көрүнүш бар болсо, анда диагностикасын тактап билүүгө негиз болот. Эң башкы көрүнүш, бейтаптын терминалдык же летальдык (оорлошкон) стадияга жеткенге чейин ооруулуу бейтаптын бет жана моюн булчуңдарында жайгашкан лимфатиткалык тамырларын пальпациялап көрүү эсептелет. Эгерде, бейтапты пальпациялап көргөндө лифатикалык тамырларында же узелдеринде воспаление же ооруунун симптомдору болсо, бейтаптан суроо керек, ушул учурга чейин, бейтаптын моюн булчуңдарында ушундай оорууну болгонбу же жокпу. Мурда болбогон болсо, анда короновирус аталган ушул органдарда жайгашканынан шектенүүгө болот. Пальпациядан бөлөк, лимфатикалык тамырларында жана анын узелдериндеги пайда болгон патологияны УЗИден карап көрсо да болот. Эгерде ооруу башталышында же ортосунда болсо, моюн булчуңдарынын узелдери ишигенин, ал эми терминалдык баскычка жетип калса, лимфаденопатияны пайда кылуусу мүмкүн.  Дагы бир маанилүү жагы, шилекейдин суюктугу азаыйып, жөтөлгөндө чыга турган какырык – коллоиддик ахвалга же коюу чыгат. Мурундун какырыгы алгачкы баскычтарында суюк чыгып жаткан болсо, ооруу күчөгөндө же акыркы баскычтарында коюлануусуна алып келет. Эң негизги диагностикасы лабораториялык далил катары айта турган болсок, тамактагы патогендик ж.б микроорганизмдерди аныктоо үчүн зев жана соскоб, андан өстүрө турган бак.посев. Себеби, COVID -19 вирустун таасиринен улам, аталган инфекцияларды референттик чектен жок эле дегенде 10-15 эседен көп болуусу күтүлөт.

Терапиясы (Ооруунун татаалдануусу). Биз менен Силердин (врачтар) ортосунда конфликтке алып келе турган – ушул маселе. Урматтуу врачтар!!! COVID -19 вирусун жугузган бейтаптардын баары эле, өпкөдөгү лимфатикалык застойдун же суу каптаганынан каза боло бербейт. Айрымдары, COVID -19 вирусу ушул дем алуу жолундагы органдардын эпителийлик катмарыны бүлүндүргөндүктөн, лимфатикалык отток азайып отуруп, терминалдык стадияга киргенде, застой пайда болуп, лимфатикалык суюктук дем алуу жолдорун бүтөп калат. Лимфатикалык застойдун пайда болуусунан баштап – бейтапты реанимациялык шартка которуу зарылдыгы келип чыгат. Сиздерди ынандыруу үчүн патогенезин кыскачараак кылып түшүндүрүп берейин; дем алуу жолдорунун эпителийсинде жашаган патогендик жана нормалдуу микрофлора COVID -19 вирусуэпителийлик клеткаларды бүлүндүргөндөн кийин локалдык иммунитет парализация учурайт, кан аркылуу келе турган иммундук клеткалар- майда капиллярлар жана клетка аралык суюктуктар бүлгүнгө учурагандыктан иммунитеттин эпителийлик коргонуусу жокко чыгат. Мындай шартты күтүп жүргөн эпителийдеги нормалдуу жана патогендик микрофлора – баары тең инфекциялык патогендик аракетке түшөт. Бул учурда эпителийдин ички тарабында жайгашкан бириктиргич ткандар, андан кийин сероздук катмарда жайгашкан булчун миофибриллдер менен кошо лимфатикалык тамырлар жапа чегет. COVID -19 вирусунан тышкары, жогоруда аталган инфекциялардын айрымдары лимфатикалык узелдерде кармалып, аны чоңойтуп отуруп, шишитип жиберсе, дагы бир бөлүгү миофибриллдердин эң негизги бөлүгүн түзгөн коллагендик белокторду структуралык бузулуусун чакырат. Натыйжада бет жана моюн булчуңдарында – лимфаденопатияны пайда кылып, аны күчөтүүсү эпителий жайгашкан ордунда “лимфатикалык застой” же оттокту токтотууга алып барат. Бул процесс башталгандан баштап, бейтапта дем кысылуу күчөп отуруп, өлүмгө алып барат. Бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн – эмнени жасоо керек??????

Терапиялык дарылоо. Терапиялык дарылоону жогорудагы биз атап өткөн симптомдору  билинээри менен баштоо, ооруунун татаалдануусуна алып баруудан сактап калат. COVID -19 вирусуну жугузган бейтапты дем алуу жолундагы алгачкы симптомдору билингенде эле төмөнкүдөй дарылоо процедураларын жүргүзүү зарыл иш. 1-чи кадам, дем алуу жолундагы жайгашкан органдардын эпителийсин нормалдуу жана патогендик микрофлорасынан патогендик инфекцияга өтүүсүнө жол бербөө. Ал үчүн эмне кылуу зарыл? Төмөнкү таблицада дарылоо процедурасы жазылган

Табл. №1

№п/п Органдардын аталышы Дарынын аталышы Күнүгө канча маал жасалат Интервал

(мин)

Канча жолу сыйпайт.
1 Мурун Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы  3-4 10-15 4-6 жолуга чейин
2. Тиш мүлкүнүн асты-үстү жана тилдин асты Таңдайды жана миндалды Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы 3-4 10-15 мин. 3-4 жолуга чейин
3. Тамакты жана тилди Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы  3-4 10-15 мин. 5-6 жолу
4. Вируска карата

Антивирустук препарат

1 чай кашыкта ичилет  3 -4 10-15 мин. 4-5 жолу

 

COVID -19 вирусунунун патогендик таасири астында пайда болгон дем алуу органдарынын патологиясынын ортоңку баскычында дарылоо процедурасы

Табл. №2

№п/п Органдын аталышы Дарынын аталышы Күнүгө канча маал жасалат Интервал (мин) Канча жолу сыйпайт.
1. Мурун Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы, ингаляция  3 -4

 

10-15 4-5 жолу

Ингаляцияны 1-чи күнү 7 мин. баштайт

2. Тиш мүлкүнүн асты-үстү жана тилдин асты, таңдайды жана миндалды Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы, прополис, ингаляция 3-4 10 мин 4-5 жолуИнгаляцияны 1-чи күнү 7 мин. Прополистин бир ууртамды көп убакыт ооздо чайнайт
3. Тамакты жана тилди Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы, прополис, ингаляция 3-4 10 мин 4-5 жолу Ингаляцияны 1-чи күнү 7 мин. Прополисти бир ууртамды көп убакыт ооздо чайнайт
4. Ичүүгө Антивирустук препарат 1 чай кашыкта   5-6 жолу ичилет

 

COVID -19 вирусунунун патогендик таасири астында пайда болгон дем алуу жолундагы органдарынын патологиясынын терминалдык баскычында дарылоо процедурасы.

Табл. №3

№п/п Органдын аталышы Дарынын аталышы Күнүгө канча маал ичет Интервал Канча жолу сыйпайт
1. Мурун Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы, прополис, ингаляция 3-4 15 мин 5-6 жолу
2. Тиш мүлкүнүн асты-үстү жана тилдин асты, таңдайды жана миндалды Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы, прополис 3-4 15-20 мин 4-5 жолу
3. Тамакты жана тилди Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси, балык майы, прополис, ингаляция 3-4 15-20 мин 4-5 жолу Ингаляцияны 1-чи күнү 7 мин. Прополистибир ууртамды көп убакыт ооздо чайнайт
4. Ичүүгө: Антибактериалдык препарат 5-6 жолу 15-20 мин 1 чай кашыкта
  Ичүүгө: Антивирустук препарат 5-6 жолу 15-20 мин 1 чай кашыкта
           

 

Жогорудагы таблица көрсөтүлгөн дарылоо процессини жүргүзүү. Витамин А, хлорофиллипт 2% эритмеси жана балыктын майын бейтап колун таза кылып самындап жууп, кытайдын кулак чукуйтурган таягына стер. ватаны ороп, айтылган дарыларды ватага эмизип, мурундун көңдөйүн, андан кийин сөөмөй менен аталган органдарды сыйпайт, көрсөтүлгөн убакыттык интервалды сактоо менен аткарылуусу шарт. Жогорудагы таблицада аптекада жок, 3 дары көрсөтүлгөн. 1-чиси ингаляцияда пайдалана турган дары. Ал дары, вируска каршы таасири бар дары чөптүн концентрациясы. 2-чиси, антивирустук препарат. Бул препарат Кыргызстанда, Россияда жана Египетте өскөн дары чөптөрдөн жасалган композиция. Ал композицияны биз клиникалык ишибизде гепатиттин өнөкөттүк А, В, вирусунун 3 антигенин, Д вирусуну дарылоодо пайдаланылат. Бул композициянын эң негизги эффектин COVID -19 вирусуну эпителийлик клеткаларга кирүүсүнө барьер коюу максатында пайдаланылат. Чынында эле бул препараттын эффективдүүлүгүн клиникалык байкоолор аркылуу тастыктоого жетишкенбиз. Эң негизги эффектти клеткалардын мембраналарынын тышында, анын порасы аркылуу азык зат киргизүүдө чоң роль аткара турган Х (эсиме түшпөй жатат) фермент-белок аркылуу вируска барьер болуп берет. Клетканын ичине кире албай калган COVID -19 вирусу иммундук системанын чабуулуна туруп бергенге мажбур болот. Бул процессти түшүнүү үчүн өтө көп изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий журналдарды карап чыгууну талап кылат. 3-чү дары, антибактериалдык препарат. Бул дары да бактерияларга каршы иштелип чыккан – дары чөптөрдөн жасалган композиция. Эң негизги көрсөткүчү – энтерококк, стафилококк, стрептококк ж.б . бактерияларга каршы иштелип чыккан, алардын патогендик  аракетине жол бербөө үчүн пайдаланылат.

Оорууну таталдануусуна карата терапиялык дарылоо. COVID -19 вирусуна шектелип жаткан бейтаптын же вирустун патогендик таасири астында кан басымынын ылдыйлап кетсе, 90/50 же андан ылдый болсо, анда бейтапты кан басымыны нормалдаштыруу зарыл болуп калат. Бул учурда вена кан тамырына Демотен – Т, 1 ампула, Дексоматозондон 2 ампула, Витамин С 2 ампула, 200 гр 5% глюкозанын, 0,9% физиологиялык эритмесине кошуп берилет. Кан басымынын 100/60 жогорураак кармоо, дем кысылууну тездеп кетпешине көмөк берет. Сийдиктин азаюусу байкалса, сийдик айдоочу каражаттарды булчуң ичинен же таблеткаларын колдонуу сунуш кылынат. Баарынан эң эле маанилүүсү боордун физиологиялык активдүүлүгүн кармап туруунун мааниси чоң. Ошондуктан, боордун иштешин жана бөйрөктө сийдиктин жасалуусун дыкат маани берүү керек. Сийдиктин өз нормада чыгып туруусу, дем кысылуунун пайда болбоосуна кепил боло алат. Эгерде бейтапта сийдиктин чыгуусу төмөндөп жаткан болсо, анда өпкөдө пайда боло турган сууну токтотуунун аракетин көрүүнү баштоо керек. Ал үчүн эмнени жасоо зарыл? Бул суроого жоопту, төмөнкү дарылоо иштерин жүргүзүудөн түшүнөсүңөр.

Кекиртек, өпкө жана анын бронхалары жана өпкө. Этиологиясы. Эгерде бейтапта, COVID -19 вирусу жукканга чейинбронхиттик өнөкөт ооруулары менен жапа чекпесе, анда бул вирустук жугуунун таасир астында бронхоларда патологиялардын пайда болуусун күтпөсөк болот. Эгерде өнөкөттүк бронхит же анын астмасына жапа чегип келген болсо, анда өнөкөттүк ооруулардын ырбап кетүүсүн күтсө болот. Эске ала   турган жагдай бронхит да, бронхиалдык астма да – инфекциялык ооруу экенин эсептешели. Эки оорууну тең козгоочулары болуп вирустардан короновирус, аденовирус, Эпштейн-Барр вирусу, кээде цитомегалавирус, бактериялардан; стрептококк, стафилококктун штаммдары, козу карындардан кандилоз, кандида ж.б. эсептелет. Мына ушундай инфекциялардын болуусу, COVID -19 вирусунун кекиртектеги жана бронхадагы инфекциялардан жабыркаган эпителийлик катмарга тезинен кирип кетип, орун алуусуна шарттарды жаратат. Ал эми өпкөдө пайда боло турган патологиянын өзгөчөлүгү бар. Мында бейтап, бул оорууга чалдыкканга чейин, анда өнөкөттүк пневмония, плеврит ж.б. ооруулар болгон же болбогонуна карабай, өпкөдө пневмония же өпкөдө суунун пайда болуусу күтүлөт.

Ооруунун симптомдору. Эгерде жогоруда аталган өнөкөттүк бронхит жана анын астмасы менен жапа чеккен бейтапта, эмнени байкоого болот. 1-чиси, башталышында жөтөлдүн нымдуу чыгуусу, температуранын тез-тез көтөрүлүүсү 37,5С -38С, тонометр менен көкүрөк омурткасы тараптан тыңшаганда кыйыктаган үндүн угулуусу, сыртан байкаганда демдин кысылып чыгуусу жана бейтаптагы алсыздык, бир аз үндүн чыгуусунда өзгөрүү сыяктуу симптомдор билинет.

Генезиси. COVID -19 вирусунун таасири астында өнөкөттүк бронхитти жана анын астмасын козгогон инфекциялардын ырбап кетүүсүнө алып келет. Ооруунун алгачкы баскычында, анын ырбап кетүүсү, жогорудагы дем алуу жолундагы органдар сыяктуу жүрөт деп божомолдосо болот.

Таркалуусу. COVID -19 вирусунун таркалуусу ооруунун алгачкы жана ортоңку стадиясында бейтап жөтөлгөн  какырык менен болот. Кекиртектин жана бронханын мейкиндигине COVID -19 вирусу какырык менен кошо көтөрүлүп, өпкөнүн исиркектерине (альвеол) таркайт, эгерде бронхада вирустун локализациялык түйүнү бар деп түшүнсөк.

Патологиялык картинасы.COVID -19 вирусу өнөкөттүк бронха жана анын астмасы аркылуу локализация болуп, ал аркылуу төмөнкүдөй патологияларды күтүүгө болот. Күндүн көпчүлүк убактысы 37,5 ден 39,5 чейин, тез-тез температуранын болуусу, алгачкы жөтөлдө какырыктын суюк болуп, убакыт өтүүсү менен коюлануусу жана жөтөлдүн чоң көлөмдөгү абаны чыгаруу менен коштолуусу, үндүн өзгөрүүсү, кулкундун айланасындагы булчуңдарда жана моюн булчуңдарында лифатикалык бездердин сезгенүүсү жана ооруунун симптомдору, дем кысылуунун алгачкы баскычында жөтөлдүн азаюусу болуп, курчуган сайын азайып отуруп, дем кысылууну саат сайын ырбап отуруп, чукур дем алууга өтүүсү, жүрөктүн ритми 130 мин жогору болуп, моюн тараптан дем алуу кысылат.Бейтапта өпкөдө сууну пайда болуусун акырек сөөктөрүнүн ортосунан басып көргөндө ооруунун синдрому аркалуу, кабырганын VI:VII: жана VIIIсөөктөрүнүн пальпациялап  көргөндө бир аз ооруунун синдрому, эң негизгиси тонометр аркылуу билүүгө болот. Бейтаптагы дем алуунун кысылуусунун темпин көздүн карегин өзгөрүүсү аркылууаныктап алууга болот. Көздүн кареги канчалык тегерек болгон сайын, ошончолук дем алуу кекиртек жана бронхалар тарабынан кысылуу күчөп жатканын байкоого болот. Бейтаптын көзүнүн шарик абалына жетип калса, анда организм иштөөдөн чыгып жатканын билдирип, летальный исходго кирип жатканын түшүнүүгө болот.

Диагностика. Эң негизги диагностикасы лабораториялык далил катары айта турган болсок, кекиртектеги же бронхадагы микроорганизмдерди аныктоо үчүн жөтөлдөн чыккан какырык, аны лаборатория кабыл кылбаса, бронхоскопия аркылуу мазок алуу жана андан өстүрө турган бак.посев. Себеби, COVID -19 вирусу аталган инфекцияларды референттик чектен жок эле дегенде 10-15 эседен көп болуусу күтүлөт. Дагы бир диагностиканын лабораториялык аныктоодо кандан бөйрөк гормондоруна анализ жасоо. Андагы эң негизги көрсөткүч ренин менен альдестерондүн көрсөткүчтөрү эсептелет.  Эгерде анализдин результаты референттик мааниден 5 эседен жогору болсо, COVID -19 вирусу локализациялык очагы же түйүнү бронха болуп чыгуусуна ориентация кылууга болот.Бейтапта өпкөдө сууну пайда болуусун акырек сөөктөрүнүн ортосунан басып көргөндө ооруунун синдрому аркалуу, кабырганын  VI:VII: жана VIII сөөктөрүнүн пальпациялап  көргөндө бир аз ооруунун синдрому, эң негизгиси тонометр аркылуу өпкөдөгү шумдар аркылуу үбилүүгө болот.

Терапиясы. Эгерде COVID -19 вирусунун локализациялык түйүнү бронхалар болсо, терапиялык көрүнүшү да дем алуу жолдорундагыдай окшош болот деп түшүнсөк болот. Ал эми өпкөдө орун алган болсо, жогоруда айтылган мүнөздөргө ээ болот. Оорунун ырбап, өөрчүүсү терапиялык көрсөткучтөрү боюнча дарылоо иштери пландаштырылат.

Терапиялык дарылоо. Бейтаптын ооруусу кайсы баскычында болбосун, баары тең COVID -19 вирусунунпатогендик зыянын токтотуу жана кекиртекте, бронхаларды жана өпкөдө пайда болгон, топтолуп жаткан лимфатикалык суюктуктун кайра кайтуусун же оттогун камсыз кылуу болот. Ал үчүн төмөнкүдөй дарылоо процесси аткарылат.

Бул таблица №4 короновирус ооруусу алгачкы белгилери пайда болгондо, ортоңку жана акыркы стадияларында тең жасалат. Андан сырткары, эскерте кете турган нерсе, эгерде бейтапта өнөкөттүк тамак ооруулары менен жапа чексе, жогорудагы ал ооруулар үчүн жазылган процедура негизгиси, төмөндөгү же №4 таблица кошумча дарылоо процедурасы болуп эсептелет.

Табл №4

№п/п Органдын аталышы Дарынын аталышы же аткара турган процедура Интервал же ингалцяция жасоонун узактыгы Канча жолу пайдаланылат (суткасына)
1. Кекиртек Ингаляция*

(настои Абран, будра пыляющая)

10 мин. 4-6
2. Бронхалар Ингаляция*(настои Абран, будра пыляющая) 10 мин. 4-6
3. Өпкө Ингаляция* (настои Абран, будра пыляющая) 10 мин. 4-6
4. Баары үчүн Антивирустук препарат 1 чай кашыкта 4-6
5. Баары үчүн Антибактериалдык препарат 1 чай кашыкта 4-6

 

Көрүлө турган терапиялык дарылоордун баары тең кекиртек, бронхалар жана өпкө үчүн бирдей жүргүзүлөт. Дарылоо иштерин жүргүзүүдө эң негизги көңүл бронхаларда жана өпкөдө тынымсыз лимфатикалык суюктуктун кайра кайтуусун камсыз кылып туруу, анын “застоюна” же токтоп калуусуна жол бербөө. Ал үчүн эмне кылуу зарыл???? 1-чи эле чара, ингаляциялык процедураны жогорудагыдай көрсөтүлгөн дары-чөптөрдүн концентрацияланган эритмесинде тез-тез жасап туруу. Бул процедура бронхадагы эпителийнин сакталышын камсыз кылса, ал эми өпкөдө болсо, анын исиркектеринин бетиндеги сурфактантты сакталып туруусун мүмкүнчүлүк берет. Бул дегени COVID -19 вирусунун бронхада, өпкөдөгү эпителий бойлото жайылуусуна жол бербөө менен аны ингибизациясына алып келет. Ошондой эле ички органдарга исиркектердеги (альвеолдордогу) газ алмашуу аркылуу кете турган COVID -19 вирусунун жолуна бөгөп коет. Баарыңыздарга маалым болгондой, исиркектердеги газ алмашуу аркылуу COVID -19 вирусу эң оболу жүрөккө, андан ары башка органдарга, негизинен бөйрөккө отурукташат. Мындан сырткары ингаляция бронхаларда жана өпкөдө короновирустун таасири астында күчөп кете турган башка инфекциялардын да патогендик аракетин басып турат же жолтоо болот. Мындан ары лимфатикалык суюктуктун кайра кайтуусун (отток) камсыз кылып туруу бүтүндөй организмдин иштөөсүнөн көз каранды. Ал үчүн 1-чиден канда вирустун таркалуусун чектөө үчүн антивирустук препарат 1 чай кашыктан5-6 маал ичүүнү улантуу зарыл. Бул препарат вирустун кан аркылуу барып, дем алуу жолундагы органдарды коргоо менен кошо, анын жүрөккө, боорго, көк боорго, мээнин ткандарына, айрыкча бөйрөктүн клубочкаларынын жана анын нефрондорун коргоого алат деген максатта ичүү сунушталууда. Көрүнүп тургандай, бул препарат аркылуу COVID -19 вирусунанайтылган органдарды коргоого алынса, анда иммунитеттин клетка аралык суюктукта жана канда туруп калган ушул инфекциялык вирусту жоготуу мүмкүнчүлүгунө шарт түзүп берилет. Мындан сырткарыCOVID -19 вирусу өпкөдө пайда кылып жаткансууну азайтуу жана дем кысылууну азайтуу жана нормалдаштыруу үчүн, андан ары жүрөктү, боорду жана бөйрөктү терапиялык дарылоону улантуу, бөйрөктүн клубочкасындагы кандын реабсорбциясынын интенсивдүүлүгүн  жакшыртуу, клубочкалык нефрондордун бир катмарлуу эпителийлик трубасын сактап кала турган дарылоо иштерин жүргүзүү пландаштырылат. Бул дарылоону жүргүзүудөн мурда, бейтаптын сийдигинен жалпы анализ чыгартып, анын жыйынтыгына көңүл бөлүп, ал боюнча бөйрөк кантип иштеп жатканын түшүнүүгө болот. Эгерде сийдиктен эритроцит, белок табылса, анда бөйрөк клубочкаларында нормалдуу болуп жашап жүргөн микрофлора, COVID -19 вирусунун таасири астындапатогендик инфекцияга өтүп, андагы кандын алгачкы фильтрациясын бузуп жаткандыгы; гломердик базалдык мембрана жана анын торчосу (щель) , подоциттик клеткалар да кызматы бузулуп жаткандыгын түшүндүрөт. Эгерде сийдиктин анализинде эпителий, анын ичинде цилиндрдик түзүлүштөгү эпителий табылган болсо, анда вирус нефрондордогу кислоталык-негиздик же кислотно-щелочной балансты бузуп, сийдик менен интенсивдүү түрдө калийдин ионун чыгып жатканын түшүндүрөт. Бул  дегентез аранын ичинде өпкөдө лимфатикалык суюктук каптап, өпкөнүн альвеолдорунда суу туруп, бейтап реанимациялык абалга түшүп калаарын билдирет. Кандын анализинде натрийдин иону нормадан ылдый чыга турган болсо, анда жүрөк тахикардияга кирип, канга бөйрөк гормондору, айрыкча альдестерон, ренин ж.б чыгып, бейтапты өпкө менен кошо тамак тараптан дем кысууга алып баратканын түшүндүрөт.

COVID -19 вирусу таасир астында реанимациялык ахвалга же реанимациялык абалга учураган бейтаптарды сиюминуттук, симпоматикалык дарылоо ишини жүргүзүү эффективдүү деп эсептейбиз. Мындай ахвалга, баарыңыздарга белгилүү болуп калгандай, өпкө исиркектеринде суунун толушу, сийдиктин чыгуусунун төмөндөп кетүүсү алып келет. Эгерде сийдиктин анализинде эритроцит, белок табылган болсо, анда бөйрөк клубочкаларындагы инфекцияларды ингибизация кылүү үчүн антибактериялык препараттан чай кашыкта ар бир саатта 2 саатта ичип туруу сунушталат. Бул препаратка кошумча аптекадагы “Уролесан” препаратынан 1 чай кашыктан 3-4 маал ичип турууну сунуш кылабыз. Эгерде сийдиктин анализинде эпителийнин көпчүлүк түрлөрү аныкталган болсо, жогорудага сунуш кылынган дарыларга кошумча, аптекалардагы сийдик чыгаруучу (мочегондук) каражаттарды пайдаланууну сунушталат. Алардын катарына: верошпирон, тригрим, фуросемид ж.б.  Бул каражаттарды пайдалануу оор кризистик ахвалдан чыкканга чейин максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Жогоруда айтылгандай, канда натрийдин ионун азайып кетүүсү, бөйрөк гормондорунун канга чыгуусуна алып келет. Мындан 1-чи кезекте жүрөк кан тамыр системасына жабыр тартат. Ошондуктан, COVID -19 вирусу таасири астында жүрөктүн өнөкөт ооруулары менен жабыр тарткандар 1-чи кезектебөйрөктөн чыгып жаткан гормондордун таасиринен улам, күтүлбөгөн патологияларга дуушар болушат. Врачтарга жана коомчулукка түшүнүктүү болуусу үчүн өнөкөттүк жүрөк оорууларды кээ бирине мүнөздөп өтөйлү.

Стабилдүү эмес стенокардиясы жана аортальдык, коронардык атеросклероз менен жапа чеккендер.Жүрөк ооруусунун бул түрү менен жапа чеккендер үчүн бөйрөк гормондорунун чыгып кетүүсү коркунуч туудурбайт. Себеби, организм боюнча кан тамырлардын кысылууга баруусу, жүрөктүн стенасы же булчуңдарынын кан менен жабдылышынын жакшыруусуна алып барат. Организм тарабынан түшө турган нагрузканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бир эле коркунучтуу абалдын түзүлүп калуу мүмкүндүгү бар. Ал өпкөдө сууну толуп калуусу, убактылуу кандын коюлануусуна алып келет. Анын кесепетинен канда шлактардын жана тромбдун пайда болуусуна шарт түзүп берет. Ошондуктан жүрөктүн коронардык артериясында тромбдун отурукташып калуу коркунучу болуп турат. Жүрөктүн ооруусунун бул түрү менен азап чеккен бейтапты реанимациялык абалдан чыгып жаткан учурда, венадан физиологиялык эритмеге аз санда кошулган гепариндикэритме куюп, канды суюлтуп коюу пайдалуу болот. Эгерде врач же бейтап организмдеги ооруулардын кесепетинен жүрөктөгү нагрузканы сезсе, анда врач күнүгө 2 маалдан панангиндинтаблеткасын кардиолог-врачтын рецептке киригизип койсо жакшы болмок.

Атеросклероздук кардиосклероз. COVID -19 вирусу таасири астында бөйрөктөгү кислоталык-негиздик баланстын бузулуусу, гормондордук канга чыгуусунун көбөйүүсү жүроктүн бул ооруусунун түрү  менен жабыр тарткандар үчүн – түйшүк жаратат. Анын себебиCOVID -19 микроэлементтердин дисбалансынан кандын плазмасында кальцийдин, калийдин дефициты келип чыгат. Бул дефицитке кардиосклероз менен оорууган бейтаптар сезгичтүү келип, жүрөк стенасы тарабынан бериле турган импульстардын күчүнүн төмөндөшүнө алып келет. Илимий тил менен айтканда миокардиттик ткандын клеткаларындагы плазмолеммада кармалып турчу кальцийдин ионун азайып кетүүсү, миокардиттик фибриллдик актин менен тропомиозиндин жыйрылышына түздөн-түз таасир этет. Тагыраак айтканда, начарлатат. Бул ахвал, жүрөктүндүлөйлөрүндө стеноз, сол карынчасыны дилетацияга алып барат. Андан ары ооруу күчөп отуруп, жүрөктүн систолиясын чакырат. Жүрөктүн систолиясы өз кезегинде өпкөдө башталган дем кысылууну күчөтөт. Ошондуктан систолияны токтотуунун чарасын көрүү зарылдыгы келип чыгат. Бул чараны кандайча жүзөгө ашырууга болот? Ал үчүн 1-чи орунда, бейтапты диета сактоого чакыруу зарыл. Диета болгондо, майлуу тамак-аштан, айрыкча жаныбардын майынан жасалган же кошулган түрүнөн убактылуу баш тартып туруу зарыл болот. 2-чи чара, бөйрөктөн чыгып жаткан гормондорду азайтууга баруу. Ал үчүн 0,1 нормалдуу тамак-аш тузунун эритмесин даярдап, орточо 20 гр. 3-4 маал ичилет. 3-чү бир чара, сийдик чыгаруучу (мочегонное средство) жана гормондук таасирдеги (дексоматозон ж.б.) 0,9% физиологиялык эритмеге кошуп вена кан тамыр аркылуу куюу. Андан кийин бир эле мезгилде вена кан тамырынан панангин, андан соң эссенциал фортени 100 гр. дык физиологиялык эритмеде өз алдынча берилүүсү абзел.

Өпкө гипертензиясы (Легочная гипертензия).Бул ооруусу бар бейтаптардын кан басымынын төмөндөтүу чаралары көрүлбөйт. Себеби, ооруунун ортоңку баскычынан баштап кан басымынын көтөрүлүүсү болбой калат. Себеби, бөйрөк клубочкасындагы кандын реабсорбциясынын бузулуусунан болот, эң негизгиси микроэлементтердин дефициты алып барат. Ушундай өнөкөттүк ооруусу бар бейтаптарды дарылоодо эң негизги максат сийдиктин чыгуусун көбөйтүү болуп саналат. Ошондуктан бөйрөктөгү сийдиктин чыгуусун көбөйтүү үчүн жазылган рецептин негизинде дарылоо жүргүзүлүп, кардиолог – врачтардын жазган рецептинде конкор жок болсо, анын таблеткасын пайдалануу, жүрөктүн булчуңуна кубат кошуу менен кан басымыны колго алууга мүмкүнчүлүк болот. Мындан сырткары жүрөк миокардиттик клеткага майдын (липиддерди) бере турган энергиясын нормалдаштыруу менен жүрөктүн кысылуусун чечүүгө болот. Ал үчүн күнүгө 1 аш кашыктан пальма майын 3 маал ичүү сунуш кылынат. Ушул сунуш COVID -19 вирусунун патогендик таасириненөпкө исиркектеринин кызматын жакшыртып, анын сурфактанттык чел кабыгын сактап калуусун камсыз кылып берет. Натыйжада, дем кысылуу азайуусуна алып барат. Пальма майынын эң негизги компоненти пальма майы болгондуктан, анын исиркектери (альвеолы) сиңирилишине В4(Холин) витамини түздөн-түз катышат, аны аптекада Церетон деген ат менен сатылат. Бул препаратты күнүгө 1 жолудан 1 ампуладан жамбаш булчуңуна сайып туруу сунуш кылынат.

Жүрөк аритмиясы жана тахикардиясы. Баарына белгилүү болгондой бул оорууну жүрөктүн иштөөсүн түздөн-түз жөндөп туруучу – ички секрециялык бездер алып бараарын. Алардын эң негизгиси бөйрөк гормондору. Ошондуктан, бул ооруу менен жапа чеккендер COVID -19 вирусунун таасири астында өтө эле оор ахвалга жетип калуусун күтсө болот. Көрүлө турган дарылоо иштери, патогендик вирусту жүрөк жана бөйрөктө ингибизацияга алуу менен сийдиктин чыгуусун көбөйтүп, бөйрөк гормондорунун канга бөлүнүп чыгуусун азайтууну колго алууга аракети жасалат. Ал үчүн короновируска карата антивирустук дарыны 4-5 жолудан чай кашыкта, бөйрөккө карата антибактериалдык дарыны суткасына 5-6 жолу берүүнү көбөйтүү, вена кан тамыр аркылуу сийдик чыгаруучу (мочегонный) каражаттарды ооруунун паталогиялык көрүнүштөрү боюнча берүү, канда кальцийнин, калийнин, натрийнин ионун катышын нормага салуу. Ал үчүн бейтапка панангиндин таблеткасынан 3 маал, 0,1 нормалдуу аш тузунун эритмесин 3-4 жолу 20 гр берилет.  менен жүрөк иштөөсүн көрсөтүп жаткан ЭКГ көрсөтүүсү боюнча кардиолог-врач кошумча дарылоону чечүүсү мүмкун.

 

Урматтоо менен                            табыб Хашим Зайналиев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс