Воскресенье , 9-Август 2020
Башкы бет / Дүйнө / Батыш жээкти сионизм режимине кошууну дүйнө коомчулугу айыптоодо

Батыш жээкти сионизм режимине кошууну дүйнө коомчулугу айыптоодо

Батыш жээктин Иерусалимдеги оккупациялык режим тарабынан аннекцияга алуу планы жакындаган сайын (1-июль), сионисттер тез аранын ичинде Батыш жэктин жана Иорданиянын «Аль-Агвар» аймагын өзүнүн оккупацияланган жерлерине кошууну пландаштырууда.

Аннекциялоо (кошулуу) планын ишке ашыруу менен, Батыш жээктин 29 пайыз аянты, палестиналыктардын 50 пайыз айылчарба жери,  Батыш жээктин 170 миллион метр куб суусу, аймактын таш жана туз шахталары сионисттердин ээлигине берилет. Ошондой эле, сионисттер Батыш жээкте 89 аскер базасын жана 36 сионисттик шаарча конуштарын курганын эске алуу менен, жогорудагы кошулуу планы сионисттер, айрыкча партиялардын колдоосуна барган сайын муктаж болгон Нетаньяху, сионисттик режимдин учурдагы премьер-министри үчүн өтө маанилүү.

ХАМАС саясий кыймылынын мүчөсү Салих Аль-Арури сыяктуу кээ бир палестиналык жихадчылардын лидерлери, аталган планды ишке ашыруу Батыш Шериада «Жаӊы Интифадага» киришүү катары карашат. Батышта дагы бул кошулуу планын ишке ашырууга каршы пикирлер айтылып жатат, Улуу Британиянын парламентинин 180 депутатынын өлкөнүн премьер-министрине көздөлүп, жогорудагы планды ишке ашырууга жол бербөө үчүн чара көрүүнү өтүнгөн каты буга ачык-айкын мисал боло алат.

Сионисттик режимдин бул планы Иран Ислам Республикасында дагы толкундоолорду жаратты. Иранда Палестинанын Элдик Ислам Төӊкөрүшүн Колдоо Комитети билдирүү жасады; анда Батыш жээктин сионизм режимине кошулушун Палестиналыктардын укугунун ачык бузулушу деп мүнөздөйт. «Израиль Палестина аймагын оккупациялоо менен, Ислам Дүйнөсүнүн денесине айыккыс жараат калтырды жана бүгүнкү күнгө чейин, дүйнөдөгү бардык мусулман элдери Палестинаны Израиль тарабынан оккупацияга алынышынан жапа чегип жатат»,- деп билдирүүдө айтылат.

Бул билдирүү, Биньямин Нетаньяхунун Батыш жээктин бир бөлүгүн оккупацияланган аймакка кошуу планын карап чыгуу боюнча убадасын эске салып, мындай дейт: «Башында Дональд Трамп тарабынан «Кылым келишими» деп аталган план, толук бойдон сионисттик план болуп саналат, анын алкагында Кудс шаары (Иерусалим) сионисттик режимдин борбору деп таанылып, көптөгөн бөлүктөр оккупацияланган аймака кошулат»

Палестинанын Элдик Ислам Төӊкөрүшүн Колдоо Комитетинин билдирүүсүндө, палестиналыктар ички фронтту бекемдөө жана Ислам үммөтү менен Палестинанын социалдык түзүмүн жана улуттук биримдигин чыӊдоо аркылуу гана өз мекенине колдоо көрсөтө алаары жана Батыш жээгин кошуу планын ишке ашыруу максатында абалды туруксуздука алып келүү үчүн жасалган ар кандай кутумдардын ишке ашпасы баса белгиленди.

Жогорудагы Комитет, аны менен катар, сионисттик режимдин мындай зулумчул жана адамкерчиликсиз чечими Израильге эч кандай мыйзамдуулук бербейт, тескерисинче, орду толгус кесепеттерге дуушар кылып, натыйжада залымдар жана ушул ыплас планда катышкандар, кылган иштерине өкүнүүдөн башка аргасы калбайт деп билдирди.

Белгилей кетчү жагдай, бул план айрым Ислам өлкөлөрү тарабынан сынга алынган. Түркия Израиль режиминин Батыш Шерианы аннекцияга алуу планын жаӊы баскынчыл кадам деп атады жана бул план эл аралык укуктарды теӊине албай жатат деп жарыялап, дүйнө коомчулугун мындай адилетсиздикке каршы турууга үндөдү.

Түркия Президентинин басма сөз катчысынын билдирүүсүндө: «Палестина элин этибарга албаган пландын мыйзамдуулугу жок. Кимде-ким аннекция жана оккупация саясатын колдогон болсо, бул күнөө иште алар оккупанттарга шерик катары бааланат. Палестина маселеси- оккупация руху. Биз Иерусалимдин тарыхый, диний жана укуктук статусун өзгөртүүгө жасалган ар кандай аракеттерди аяосуз четке кагабыз. Иерусалим биздин кызыл сызыгыбыз.»

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс