1990-жылы биринчи кыргыз-өзбек жаңжалы чыгып, Ош облусуна коменданттык саат киргизилди. Мындайда жашоо ритми дароо өзгөрөт экен. Мурун совхоздун талааларына чыгып иштеген катын-калач, кыз-кыркын үй оокаты менен алек. Эркектер шаар менен чектешкен жерде посттобуз. Күндө эле бир ушак чыгат, күндө эле паника. Өзбектер келатат экен деп, күндө бир маал адыр этектетип, бала-чаканы качырмай. Өзбектер деле кыргыздар келатат экен деп күндө бир маал дүрбөп, Өзбекстан тарапка качып, кайра келип турган экен ошол убактарда.
Айылда күндө чогулуш. Ак Козу деген аябай кызык сүйлөгөн киши бар эле. Ошол киши ар чогулушта жан-жаниңа ушар бол деп сүйлөй берчү. Ак Козу ака сүйлөгөндө эле азыр «Жан-жаниңа ушар бол!» дейт деп балдарга шыбырайм. Чын эле аксакал сөзүн ошентип бүтүрөт. Ошентип бул сөз айылдагы слоганга айланган. Ким учурабасын «жан-жаниңа ушар бол» деп кыйкырып коймой.
«Жан-жаниңа ушар бол» дегени өз жаныңа бекем бол, тың бол, сактан дегени. Орусчасы «Будь начеку» дегенге маанилеш.
Мен да азыр жалпы элибизге ушинтип айткым келип турат. Улуу Америка не болуп жатат. Европанын кантип жатканын көрүп турабыз. «Келиндики төркүнгө маалым» дегендей медицина тармагыбыздын абалын деле билебиз.
Ошондуктан, жан-жаниңа ушар бол!