Четверг , 9-Июль 2020

Коллапс…

Аркага жол жок. Качып да кутула албайбыз.
Биринчиден паникага алдырбай сергек ой, акыл-эс менен өзүбүздү колго алалы. Бирөөнү жамандап, шыбап, сөгүп, олтура турган да убакыт эмес. Биз сөгө тургандар өздөрү шымдарын «булгап» олтурушат…
Буга чейин миллиондорду мойсоп алып, ВОЗдун алгоритминен бир карыш жыла албай, моюнтурукталган өкмөттөн дагы эмнени күтүшүбүз керек. Убакыт келет, ошондо сөз кылабыз. Азыр ал маанилүү да эмес.
Биз ишенген инфекционисттердин жарымы өздөрү ооруп, бири-бирин дарылоо менен алек…
Мунун объективдүү да, субъективдүү да себептери бар… Аны да билебиз. Ага да токтоло турган убакыт эмес.
Бүгүнкү күндө статистика башка, ал эми чыныгы жагдай таптакыр башка. Жүздөгөн адамдар ВОЗ менен дарыгерлердин жардамысыз эле айыгып алышыптыр, дагы миңдеп дарыланып жатышат. Себеби больницага баргандан, ал жактагы дарылоо алгоритминен үмүтүн үзгөн эл көп. Миңдеген адамдардын тестке төлөгөнгө да акчасы жок, тез жардам чакырса келбейт, келсе да бир шылтоо менен албай кетишет ж.б. Балким Минздравдын атайын түзүп алган статистикалык долбоору бардыр. Ошол боюнча гана отчет үчүн иштеп жатышкандыр… Балким ВОЗдун талабы ошондой… Ал жагын балким эч качан биле албайбыз.
Жок дегенде ушул убакка чейин дүйнө жүзү боюнча миллиондон ашык адам расмий бул илдеттен айыгып чыгышкан болсо да биздин расмийлер ушул күнгө чейин «маска кийгиле» «үйдө олтургула» дегенден башка бир дагы ооругандан кийин кантип дарылануу тууралуу маалыматты элге айтканга жараган жок го.
Эмне үчүн???
Эгер бул илдеттен айыгууга мүмкүн болбосо, миллиондогон адамдар кантип айыгышты?
Бирок акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз керек, бир топ элдик патриот дарыгерлер ВОЗдун алгоритмине моюн сунбай, өздөрүнүн дарылоо, профилактикалоо рецептери менен Минздравдан да, өкмөттөн да чоң кызмат кылып коюшту. Муну моюнга алышыбыз керек.
Гулсана Бапаева, Хашим Абдирахманович Зайналиев деген өз кесибин жана мүмкүнчүлүктөрүн билген баатыр дарыгерлер, больницага жеткирбей эле он-лайн кеп-кеңештери менен жүздөгөн адамдарды үйлөрүнөн чыгарбай эле алдын алып, дарылап коюшту. Себеби, бийликке болгон ишеним күндөн күнгө жоголуп баратат. Эл бийликтен эмес, башка жактан жан-арга издей башташты. Өздөрүнө керектүү адистерди өздөрү издей баштады.
Урматтуу эл башы, журт башчылары!
ВОЗдун алгоритми өзүн актаган жок. Тескерисинче саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөттү кризиске каптады.
Ошондуктан тез арада биз өз жолубуз менен аргасыз чараларга барууга муктажбыз.
Бүгүн жүздөгөн адамдар силерге ишеними жоктугунан ооруусун жашырып, өз алдынча дарыланууда. Силерден ооруну жашырып, бирөөгө жуктуруп алганы үчүн айып чегерген мыйзамдарыңар тескери натыйжа берип кетти. Муну да моюнга алышыңар керек. Айып төлөгөнгө эмес, дары сатып алганга акчасы калбаган эл эмне кылмак эле, башка.
Ошондуктан кырдаалга жараша менин сунушум.
1. Короновирус боюнча кабыл алынган мыйзамдарды Жогорку Кеңеш тез арада жокко чыгарып, жазалоого эмес, элге жардам берүүгө негизделген мыйзамдарга алмаштырышы керек. Ансыз ооруу мында да тез көбөйө берет.
2. Вирус жуккан учурдан өпкөгө жеткенге чейинки 3-4 күндүн ичинде кандай жол менен ооз көңдөйүнүн ичинде жок кылуунун методун расмий жарыялап, радио, телевидение, маалымат каражаттары, соц сеттер аркылуу расмий он-лайн сутка бою берип турууну колго алыш керек. Өздөрүнүн методдорду менен бөлүшүп, элге жардам берип жаткан элдик дарыгерлерди да кызматташууга чакырып, алардын кызматын компенсациалоону тез арада колго алуу керек. Же ортодон бирдиктүү жаңы алгоритм иштеп чыгуу керек.
Ошондо гана бул көйгөй менен жалпы эл күрөшө баштайт. Ар кимде жоопкерчилик болот.
Больницалардагы тыгын азаят. Аргасыз учурда гана тез жардам чакыра башташат. Сиздер да кеп-кенешиңиздерди кошуңуздар. Кырдаалдан чогуу чыгалы.
Урматым менен Баялы Саркулов. 30.06.2020.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс