Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Дүйнө / Иран Интерполдон Трампка эл аралык издөө жарыялоону сурады

Иран Интерполдон Трампка эл аралык издөө жарыялоону сурады


АКШ президенти менен кошо тизмеде дагы 35 киши бар. Иран бийлиги аларды Сулейманинин өлүмүнө катышы бар деп эсептеп, киши өлтүрүүгө жана терроризмге айыптоодо.

Интерпол да билдирүү таратып, «саясий, аскердик, диний жана расалык мүнөздөгү иш-аракеттерге» барбай турганын белгиледи.

Ак үй Тегерандын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулеймани жыл башында Багдаддын жанындагы аба майданында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан базага сокку урган.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс