Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Кыргызстан / Оору бул жактан келип атат, ал жактан келип атат…

Оору бул жактан келип атат, ал жактан келип атат…

Мундан жукту, тигиден жукту дей берүү мусулман адамдын иши эмес. Коронвирус ар бир адамда болушу мүмкүн экен. Ошол козголуп кетээрин да эстен чыгарбообуз эп.
Бул ааламда Алланын амирисиз бир жалбырак да түшпөйт.
Апааттар, оорулар, кыйынчылыктар бардыгы Алланын адамзатка жөнөткөн сыноосу. Жүз жылда бир ар кандай апааттар чыгып турат. Демек, Жаратканга жакпаган иштерибиз көбөйгөн, күнөөлөрүбүз көбөйгөн. Кудай «Мени эсте, менден жардам сура» деп жатат.
Диний институттар кылымдардан бери коомдун ажырагыс бир бөлүгү катары калыптанган өлкөлөрдө диний жөрөлгөлөр байма-бай жасалууда.
Ошондуктан онлайн түрүндө жалпы Кудайга жалынуу, ден соолук тилөө күнүн өткөрүүбүз керек. Мунун башында бийлик өкүлдөрү жана муфтият, православ чиркөөсү туруусу абзел.
«Ооруну берген Алла Таала шыпаасын да берген». Шыпаасын врачтар издеп жатышат. Сактануунун жолдорун айтып жатышат.
Ушундай оор учурда элдик медицина да жардамга келүүсү керек. Дүйшөн Чомо уулу, Ташбү Каразакова, Жалал-Абаддагы Карамат эже, Хашим Зайналиев жана башка эл ичиндеги таанымал элдик дарыгер, табыптарыбыз колдон келген жардамдарын берүүсү учур талабы болуп жатат. Оор өтүшүп кеткендерди врачтар карасын. Ал эми жеңил формаларын элдик медицина толук айыктырат экен. Мен ага өзүм күбө болуп келүүдөмүн.
Өзбекстан Авиценанын карантин учурундагы элди дарылоо, тумоодон сактап калуу боюнча эмгектерин расмий түрдө колдонууга алып жатат.

Врачтар жетишпейт. Жөн гана ден соолугунан шек санап, текшерилип койоюнчу дегендерге «Тез жардам» келбейт.
Мисалы, Бишкек жашоочуларынын 3 пайызы ооруганда деле, 10 000 адамды врачтар карай албайт.
Ошондуктан телевидение, айрыкча ютуб каналдар, социалдык түйүндөр аркылуу оорунун алдын кантип алуу, эгер ооруп жаткан болсо кайсы дарыны кантип ичүү жөнүндө практикалык видеосабактар врачтар, ошондой эле элдик дарыгерлер тарабынан күнү-түнү көрсөтүлүп турушу абзел.
Ошондой эле практикалык жардам берген ватсап, телеграмм группалар ачылып, аны врачтар, элдик дарыгерлер жүргүзүүсү керек.

Мен телеграммдан КОВИД боюнча группаны көрдүм. Анда статистика, маалымат, куру чакырыктардан башка эс нерсе жок болуп жатат.

Нургазы Мусаев
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс