Суббота , 11-Июль 2020
Башкы бет / Досье / Депутат С.Нышановдун жоругу боюнча Башкы Прокуратурага АРЫЗ

Депутат С.Нышановдун жоругу боюнча Башкы Прокуратурага АРЫЗ

Атайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Андыктан, коомчулуктун жана өзүмдүн атымдан «Ата Мекен» фракциясынын депутаты С.Нышановдун башка депутаттар үчүн да дайыма добуш берип келе жаткандыгы үчүн КРнын Прокуратурасына расмий Арыз таштоону туура көрдүм. Кандай дейсиздер, эл өз укугу үчүн күрөшпөсө болбой калды. Булар биздин үстүбуздөн билгенин жасай берет экен.

КРнын Башкы Прокурору Ө.А. Жамшитовго
Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!
Мыйзам чыгаруу бийлигинде олтурган кээ бир депутаттар өздөрү мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келген мыйзамсыз жоруктары менен коомчулуктун нааразылыгын жаратышууда. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов өзүнүн видеомаегинде бир жолу эле эмес, ар дайым катарлаш олтурган депутаттар үчүн добуш берип келгенин мактаныч катары айтып жатканы боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин баштоого толук негиз болуп бере турган инцидент экенин сиз да жокко чыгара албайсыз. Демек, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алган жогорку мамлекеттик органдын башында турган кызмат адамы катары бул ишти өндурүшкө алууңузду өтүнөм.

Кыргыз коомчулугунун атынан, «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев
Бишкек ш. 20.06.20

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс